Жаңылыктар

23.12.2022

Андрей Слепнев: "Бүгүнкү күндө бизде регионалдык келишимдерди жана регионалдык байланышты өнүктүрүүгө олуттуу өбөлгө бар"

Бул туурасында Евразия экономикалык комиссиясынын соода боюнча министри Андрей Слепнев Стратегиялык демилгелер агенттигинин жана "Иштиктүү Россиянын" "Эл аралык ишкер кызматташтыкты өнүктүрүү" темасындагы иштиктүү эртең мененки тамагында сүйлөп жатып билдирди.

"Бүт дүйнө жүзү трансформация жолуна түштү, жана бул трансформация көп пландуу: ал логистикалык өзгөрүүлөр менен да, инфляциялык өзгөрүүлөр менен да, каржы тутумундагы өзгөрүүлөр менен да, эл аралык сооданын эрежелерин кайра карап чыгуу менен да байланыштуу. Трансформация кызуу жүрүп жатат жана азыркы учурда болочок тутумдун алкактары аныкталып калды деп айтууга болот", - деп белгиледи Андрей Слепнев. 

Анын пикири боюнча, көп полярдуулук идеясы саясий өңүттө гана болбостон, практикалык түрдө ишке аша баштады. Бир тарабынан, регионалдык байланыштуулуктун күчөшү байкалууда. Экинчи жагынан, көп тараптуу эл аралык институттардын, атап айтканда, Дүйнөлүк соода уюмунун стагнациясы уланууда.

Буга байланыштуу министр эскертип өткөндөй, бардык кыйынчылыктарга карабастан, Евразия экономикалык бирлиги үчүн өткөн жыл бир топ натыйжалуу болгон. Биринчи кезекте, кеп мурда болуп көрбөгөндөй чакырыктардын шарттарында иш жөнүндө болууда, маселен, көптөгөн чектөөлөр менен коштолгон COVID-19 пандемиясынын кесепеттери менен же геосаясий чыңалуунун кесепетиндеги чакырыктарга каршы туруу. Биринчи учурда, экинчи учурда да Бирлик рынокту биринчи зарылдыктагы товарлар жана азык-түлүк менен камсыз кылуу, санкциялык басымдын жана продукцияны жеткирүүнүн калыптанган чынжырчаларынын бузулушунан улам ички суроо-талапты канааттандыруу маселелерин чече алды.

"Ошондой эле биз Чоң Евразия өнөктөштүгү идеясынын алкагында активдешип жаткан байланыштарды айкын сезип жатабыз", - деп баса белгиледи Андрей Слепнев. Анын айтымында, кызматташтыктын батыш контуру, белгисиз келечекке артыкчылыгын жоготту. Ошол эле учурда Кытай менен соодада кезектеги рекорд күтүлүүдө – 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча 200 млрд доллардан ашык, Индия менен товар жүгүртүү 2,5 эседен ашык өсүүдө, былтыркы 60% өсүштөн кийин Иран менен соода дагы 40%га көбөйүшү күтүлөт. Мындан тышкары, Ислам Республикасы менен, келерки жылы эле түзүлүшү мүмкүн болгон жаңы баарын камтыган соода келишими өз ара жеткирүүлөрдүн көлөмүн көбөйтүүгө түрткү берет.

"Биз жаңы көп полярдуу чечимдерге чыгып жатабыз. Кытай менен соода болжол менне 20-25%га улуттук валюталарда жүргүзүлө баштады, биз доллардан баш тарта баштадык. Жайында Иран менен валюталык жуптарда соода башталды. Араб өлкөлөрү, атап айтканда, БАЭ менен өз ара мамилелер жигердүү өнүгүүдө. Башкача айтканда, кырдаал активдештирүүгө жана тездетүүгө аргасыз кылган бардык жаңы чечимдер - алар бүгүнкү күндө иш жүзүндө бар: эсептешүүлөр, логистика жана жөнгө салуу", - деди ЕЭКтин соода боюнча министри.

Бирок, оң тарапка өзгөрүүлөргө карабастан, кыйынчылыктар, албетте, дагы деле болсо калууда. Анткен менен бул чакырыктар бизнес жана эл аралык кызматташтык үчүн мүмкүнчүлүктөрдү ачат, деп ишенет Андрей Слепнев. Бул жерде эң кызыктуу маселелердин бири катары төмөнкү логистикалык маселелерди атоого болот: "Түндүк-Түштүк" экономикалык коридорунун өнүгүү перспективалары, "Чыгыш-Батыш" каттамынын альтернативдүү варианттары жана башка долбоорлор.

Министр кызматташуу үчүн дагы бир чоң перспектива катары өнөр жай кооперациясынын, импортту алмаштыруунун жана технологиялардын вариативдүүлүгүнүн күн тартибин көрөт. "Жакында Бишкекте өткөн саммитте мамлекет башчылары тарабынан кабыл алынган негизги чечим – бул биздин кооперациялык долбоорлорду жалпы бирликтик субсидиялоо механизминин башталышы", – деп эскертти Андрей Слепнев.

Өз сөзүнүн аягында ЕЭКтин соода боюнча министри 2023-жыл олуттуу болот жана мындан да жигердүү иштерди талап кылат деп болжолдоду. Атап айтканда, рецессиянын коркунучтуу белгилери бар, ушуга байланыштуу келип чыккан чакырыктарга жооп кайтаруу үчүн чечимдерди өз убагында табуу зарыл болот.

"Дипломатиялык корпустун кеңири катышуусунан пайдаланып, ЕАЭБ экономиканы жана ишкер байланыштарды өнүктүрүүгө багытталган экономикалык бирикме экендигин тастыктагым келет. Биз мүчө мамлекеттердин жалпы кызыкчылыгы үчүн тутумдуу иштейбиз, ошондой эле бардык өлкөлөр үчүн ишенимдүү өнөктөшпүз", - деди Андрей Слепнев жолугушуунун катышуучуларына кайрылып.