Евразия экономикалык комиссиясынын соода боюнча министри Андрей Слепнев Россиялык өнөр жайчылар жана ишкерлер бирлигинин (РӨИБ) интеграция, соода-бажы саясаты жана ДСУ боюнча комитетинин отурумунда чыгып сүйлөдү. Комитеттин төрагасы Алексей Мордашов белгилегендей, Евразия экономикалык бирлигинин соода сүйлөшүүлөрүнө арналган отурумдун тематикасы эркин соода аймактарынын мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу аркылуу кызматташтыкты кеңейтүүгө бизнестин чоң кызыгуусуна байланыштуу тандалып алынган.
Андрей Слепнев, атап айтканда, Иран менен эркин соода жөнүндө толук форматтуу келишимдин үстүнөн иштин аяктагандыгы жөнүндө айтып берди, ага кол коюу үстүбүздөгү жылдын декабрь айынын аягында пландаштырылууда. "Биз тарифтик либералдаштыруунун дымактуу көрсөткүчтөрүнө чыктык: товарлардын номенклатурасынын дээрлик 90%ы алымсыз сооданын предмети болуп саналат. Бул Иранга экспорттоодо алымдардан жыл сайын 380 млн долларга чейин үнөмдөөгө мүмкүндүк берет", – деп белгиледи министр.
Бүгүнкү дүйнөдө эч кимде жок рынокко кирүүнүн эксклюзивдүү шарттарынан тышкары, ал биздин өлкөлөрдүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнү сапаттык жаңы деңгээлге чыгарууга мүмкүндүк бере турган тармактык кызматташтык жаатындагы жоболорго көңүл бурду. "Түндүк-Түштүк" эл аралык транспорттук коридорун өнүктүрүү контекстинде долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүн эске алуу менен макулдашууга транспорттук кызматташтык жана транзит маселелерин талкуулоо үчүн атайын аянтчаны түзүү жөнүндө жоболор кирди.
Андрей Слепнев Индонезия менен соода сүйлөшүүлөрүнүн үч раунду жөнүндө айтып берди, алардын жыйынтыктары боюнча макулдашуунун жөнгө салуучу бөлүгүн макулдашууда олуттуу прогресске жетишилген. "Биз жогорку технологиялык экспорттун, анын ичинде өнөр жай комплексинин продукциясынын, программалык камсыздоонун, машина куруу жана башка тармактардын продукцияларынын үлүшүн көбөйтүү көз карашынан алганда ЕАЭБдин потенциалын түшүнөбүз", – деди министр.
Ал азырку тапта колдонуудагы Вьетнам менен макулдашуу менен катар Индонезия менен макулдашуулар АСЕАН өлкөлөрүнүн рынокторунда жана бүтүндөй Азия-Тынч океан регионунда Бирликтин соода-экономикалык позицияларын күчөтөрүн баса белгиледи. Ошол эле учурда, Индонезия менен соода көлөмүн учурдагы деңгээлден 50%га чейин көбөйтүү мүмкүнчүлүгү бар, бул бизнес ал үчүн түзүлгөн преференцияларды канчалык жигердүү колдоно тургандыгына көзкаранды болот.
"Бириккен Араб Эмираттары боюнча кеп кыла турган болсок, эки тараптын конструктивдүү мамилесинин жана сооданын преференциалдык режимине өтүүдөн олуттуу пайдалардын болушунун аркасында, биз өнөктөш менен диалог түзүүдө олуттуу ийгиликтерге жетиштик жана сүйлөшүүлөрдү тездетилген форматта жүргүзүүгө кызыкдарлыгыбызды ырастадык", – деп улантты Андрей Слепнев.
ЕАЭБ БАЭ менен макулдашуунун келечегин бүтүндөй Перс булуңунун өлкөлөрүндө Бирлик өлкөлөрүнүн экспорттоочуларынын позицияларын бекемдөө катары карайт. Экономикалык кызматташтык жана тараптардын чакан жана орто ишканаларынын маселелери боюнча өз ара аракеттенүү үчүн аянтчаларды түзүү жөнүндө макулдашууга жетишилди.
РӨИБ комитетинин отурумунун жүрүшүндө климаттык жөнгө салуу жаатындагы кызматташтыктын тобокелдиктери жана мүмкүн болгон багыттары талкууланды. Кеп ЕАЭБдин ичинде тоскоолдуктарга жол бербөө, ошондой эле тышкы контурдагы технологиялык трансформациянын алкагында улуттук экономикалардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн сактоо жөнүндө болду.
"Аталган тобокелдиктер аныкталгандан кийин 2023-жылдын июнунда ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин өкмөт башчылары тарабынан ЕАЭБ алкагында климаттык күн тартибинин маселелерин жөнгө салуу боюнча ык-амалдарды иштеп чыгуу жөнүндө маанилүү тапшырма кабыл алынган, алар евразия мейкиндигинде көмүртекти жөнгө салуунун негизин түзүшү керек", — деп баса белгиледи Андрей Слепнев.