Жаңылыктар

12.08.2022 (Обновлено: 19.08.2022 13:57)

ЕАЭБ жалпы газ рыногу боюнча келишпестиктерди жөнгө салат

12-августта Евразия "бешилтигинин" өлкөлөрүнүн энергетика министрликтеринин башчыларынын катышуусунда ЕАЭБдин жалпы газ рыногун түзүү жөнүндө эл аралык келишимдин долбоорун предметтик талкуулоо болуп өттү.

Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча министри, сүйлөшүүлөрдө төрагалык кылган Арзыбек Кожошев, тараптар узак убакыт боюнча консенсуска жетише албай жаткан маселелерди чечүүдө олуттуу динамиканын болушун белгиледи.

Кеңешменин жүрүшүндө энергетика министрлери күн тартибинин маселелеринин көпчүлүгү боюнча келишишти: газдын сатып алуучусу, эркин кубаттуулук, газды чек ара аралык ташуу жана жеткирүү аныктамаларын, жалпы газ рыногун жөнгө салуунун жана газ транспорту тутумдарынын операторлорунун өз ара аракеттенүүсүнүн айрым маселелерин макулдашышты.

Пикир алмашуу орун алды жана жалпы рыноктун катышуучуларынын статусун, мүчө мамлекеттердин газга болгон ички керектөөлөрүн камсыз кылууну, газды жеткирүүгө келишимди аткаруунун айрым аспектилерин түшүнүүдө прогресске жетишилди.

Арзыбек Кожошев тараптардын конструктивдүү диалогго даярдыгын белгиледи: "Сезимтал маселелер боюнча келечектеги компромисстер үчүн негиз болушу мүмкүн болгон өз ара кабыл алына турган сунуштарды иштеп чыгуу үчүн, жөнгө салынбаган маселелер боюнча чечимдерди издөө бир кыйла жогорку деңгээлде улантылмакчы".

Ыйгарым укуктуу органдардын жетекчилери документтин үстүнөн ишти аяктоо жана аны Бирликтин органдарынын кароосуна чыгаруу үчүн газ боюнча эл аралык келишимдин айрым жоболорун эки тараптуу негизде кошумча иштеп чыгуу жөнүндө келишишти.

Кеңешме Комиссиянын Кеңешинин отурумунун (19-августка пландаштырылган) жана, жалпы газ рыногун түзүүнүн перспективаларын талкуулоо пландаштырылып жаткан, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин отурумунун (25-26-август) алдында өткөрүлдү.