Жаңылыктар

07.02.2023

ЕЭК бир катар товарларды алып кирүүгө жана алып чыгууга уруксаттарды тариздөөгө кеткен бизнестин чыгымдарын кыскартат.

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы тышкы соодада тарифтик эмес жөнгө салуу чаралары колдонулган бир катар товарлар үчүн уруксат берүүчү документтердеги баруучу жана жөнөтүлүүчү өлкө жөнүндө маалыматты толтуруунун тартибин унификациялоо жөнүндө чечим кабыл алды. Бул аркылуу бажы органдарында документтин тийиштүү сабына дароо бир нече өлкөнү көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк пайда болот.

"Кабыл алынган өзгөртүүлөр тышкы соода конртрактына ылайык бир нече өлкөлөрдүн дарегине товарларды алып кирүүгө (алып чыгууга, транзитке) бир корутунду тариздөөгө мүмкүндүк берет, бул тышкы соода ишмердигинин катышуучуларынын убактысын жана материалдык чыгымдарын кыскартууга жардам берет", — деп түшүндүрдү ЕЭКтин Бажылык-тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу департаментинин директору Ваагн Казарян.

Ошондой эле, анын айтканы боюнча, Бирликтин мамлекеттеринин ыйгарым укуктуу органдарынын жүктөмү азаят, бир келишимдин алкагында ташылган товарларга ар бир өлкө үчүн өзүнчө документтерди тариздөө зарылчылыгы жок болот.

ЕЭК Коллегиясынын чечиминин долбоорун иштеп чыгуу Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан, анын ичинен бизнес-коомдоштуктун кайрылууларына байланыштуу демилгеленген.

Аталган чечим расмий жарыяланган күндөн баштап 30 календардык күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.