Жаңылыктар

22.12.2016

Россия Федерациясында жарнаманы массалык маалымат каражаттарында жайгаштыруу боюнча консультациялар Евразия экономикалык комиссиясында өтөт

Page Content22-октябрда видеоконференция режиминде Евразия экономикалык биримдигинин мүчө мамлекеттеринин ыйгарым укуктуу органдарынын жана Евразия экономикалык комиссиясынын кызыкдар департаменттеринин катышуусу менен консультацияларды өткөрүү пландаштырылат. Талкуунун жүрүшүндө россиялык массалык маалымат каражаттарында Россияда анын аймагында өстүрүлгөн жүзүмдөн жасалган шарап менен көбүктүү шараптын (шампанскинин) жарнамаларын жайгаштыруу шарттарына байланыштуу маселелер каралат.​