Жаңылыктар

07.09.2016

Санарип күн тартиби “Санариптик инфраструктуралар жана санариптик активдер” долбоордук сессиясы

Page Content2016-жылдын 7-сентябрында ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча Коллегия мүчөсү (Министр) Карине Минасяндын жетекчилиги алдында “Санариптик инфраструктуралар жана санариптик активдер”  долбоордук сессиясы болуп өтөт. Иш чара ЕАЭБ санариптик мейкиндигин түзүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун алкагында өтөт. Долбоордук сессияга мүчө мамлекеттердин аткаруу бийлигинин органдарынын, ыйгарым укуктуу уюмдарынын, бизнес-коомчулугунун өкүлдөрү жана ЕЭК кызматкерлери катышышат. Иш чара өткөрүлүүчү жер жана убакыт: Москва ш., Смоленск бульвары, 3/5-8й, 1-кур.  408-кабинет. Иш чаранын башталышы: 11:00 (Москва убактысы боюнча)