Жаңылыктар

23.11.2016

“Бирдиктүү терезе” боюнча Координациялык кеңештин 3-отуруму

Page Content23-ноябрда Москвада бажы кызматташтыгы боюнча Коллегия мүчөсү (Министр) Мукай Кадыркуловдун жетекчилиги алдында Тышкы экономикалык ишмердүүлүктү жөнгө салуу системасында “бирдиктүү терезе” механизмин өнүктүрүүнүн негизги багыттарын жүзөгө ашыруу боюнча иш чаралар планын жүзөгө ашыруу боюнча жумушчу топтун Координациялык кеңешинин 3-отуруму болуп өтөт. Отурумдун негизги темаларынын катарында - 2017-жылга карата деталдаштырылган план. Мындан тышкары, Координациялык кеңештин мүчөлөрү Биримдиктин мүчө мамлекеттеринде “бирдиктүү терезе” улуттук механизмин өнүктүрүү боюнча иштерди уюштурууга байланыштуу суроолорду талкуулашат.​