Жаңылыктар

28.11.2016

ЕАЭБнын бажы чек арасында контролдоочу органдардын өз ара иш жүргүзүүсү боюнча Консультативдик комитеттин 11-отуруму

Page Content28-ноябрда Москвада Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Бажы кызматташтыгы боюнча Коллегия мүчөсү Мукай Кадыркулов ЕАЭБнын бажы чек арасында контролдоочу органдардын өз ара иш жүргүзүүсү боюнча Консультативдик комитеттин 11-отурумун өткөрөт. Консультативдик комитеттин отурумунда төмөнкү маселелер каралат: - ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин бизнес-коомчулугу тарабынан жүргүзүлгөн, Евразия экономикалык биримдигинин бажы чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында көзөмөлдөөчү органдардын ишмердүүлүгүн баалоо боюнча анкеттөөнүн жыйынтыктары жөнүндө; - Деңиздеги өткөрүү пункттарында электрондук документтерди колдонуу каралган мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча иштерди жүргүзүү жөнүндө; - Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын “Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин автоунаа (аралаш) өткөрмө пункттарында адамдарды, транспорт каражаттарын, жүктөрдү, товарларды жана жаныбарларды Евразия экономикалык биримдигинин бажы чек арасы аркылуу өткөрүүнү уюштуруунун типтүү схемасы жөнүндө” сунуш-көрсөтмөсүнүн долбоорун иштеп чыгуунун жүрүшү жөнүндө; - ЕЭК Коллегиясынын “Евразия экономикалык биримдигинин бажы чек арасы аркылуу автоунаа (аралаш) өткөрмө пункттарында транспорттук (автомобилдик) көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу, Евразия экономикалык биримдигинин мүчө мамлекеттеринин бажы органдарынын кызмат адамдары үчүн ыкманы (нускоону) бекитүү жөнүндө” чечиминин долбоорун иштеп чыгуунун жүрүшү жөнүндө.