Жаңылыктар

22.08.2022

Россияда болуу мөөнөтү аяктап жаткан ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жарандары миграциялык каттоосун узартууга тийиш

Россия Федерациясында COVID-19 пандемиясынын кесепеттерин жеңүү мезгилинде чет өлкөлүк жарандардын укуктук абалын жөнгө салуу боюнча убактылуу чаралардын аракеттенүү мөөнөтү аяктоодо.

Россия Федерациясында 2021-жылдын 16-июнунан тарта чет өлкөлүк жарандардын (анын ичинде ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жарандарынын) убактылуу болуу мөөнөтүнүн жана алардын болуу жери боюнча каттоого туруу мөөнөттөрүнүн жүрүшүн аталган каттоолордун мөөнөтүн узартуусуз токтото туруу боюнча убактылуу чаралар аракеттенип келет. Россия Федерациясынын Президентинин 2021-жылдын 15-июнундагы № 364 указына ылайык, бул чаралар Россия Федерациясы тарабынан чет мамлекеттер менен транспорт каттамдарына киргизилген убактылуу чектөөлөр жоюлган күндөн тарта 90 күн өткөнгө чейин аракеттенет.

Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн 2022-жылдын 20-майындагы № 1253-р тескемеси менен аталган чаралар Беларусь Республикасына, Казакстан Республикасына карата, ал эми Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн 2022-жылдын 6-июнундагы № 1454-р тескемеси менен – Армения Республикасына жана Кыргыз Республикасына карата жоюлган.

Бул Россия Федерациясында болуу мөөнөтү аяктап жаткан жана эмгек келишиминин негизинде аны узартууга негиздери болгон Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн жарандары миграциялык каттоо мөөнөтүн узартышы зарыл дегенди түшүндүрөт.

Болуу мөөнөтү аяктап жаткан жана аны узартуу үчүн негиздери жок болгон жарандар алардын болуу мөөнөтү аяктаганга чейин Россия Федерациясынан чыгып кетүүсү зарыл:

- Беларусь Республикасынын жана Казакстан Республикасынын жарандары үчүн – 2022-жылдын 17-августуна чейин;.

- Армения Республикасынын жана Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн – 3-сентябрга чейин;

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жарандарынын көңүлүн Россия Федерациясынын аймагында убактылуу болуу мөөнөтүн узартууга негиздердин бири – эмгек келишимин же жарандык-укуктук келишимди түзүү экендигине бурабыз.

Маалымат

2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 97-беренесинин 5-пунктуна ылайык, мүчө мамлекеттин эмгекчисинин жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жумушка орношуу мамлекетинин аймагында убактылуу болуу (жашап туруу) мөөнөтү Бирликтин өлкөсүнүн эмгекчисинин жумуш берүүчү же жумуштарга (кызмат көрсөтүүлөргө) буюртма берүүчү менен түзүлгөн эмгек келишиминин же жарандык-укуктук келишиминин аракеттенүү мөөнөтү менен аныкталат.