Евразия экономикалык комиссиясынын атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча министри Максим Ермолович 27-сентябрда Москвада өткөн "Россия энергетикалык жумалыгы" VII эл аралык форумунун ишине катышты.
Энергоресурстардын тооруктарын кеңейтүү аркылуу энергетиканы өнүктүрүү жана биржаларды стандартташтыруу зарылчылыгы, биржалык тооруктардын "алтын стандарты" форумдун алкагында Санкт-Петербург эл аралык товардык-чийки заттар биржасы тарабынан уюштурулган ишкер эртең мененки тамактын негизги темалары болуп калды.
Максим Ермолович белгилеп өткөндөй, жакынкы убакта Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин отурумунда ЕАЭБ алкагында товарлардын жалпы биржалык рыногун түзүү концепциясын бекитүү күтүлүүдө.
"Программалык документтерде биздин жалпы рыноктордун баа индикаторлорунун механизмин өнүктүрүү каралган. Быйылкы жылы беш өлкөнүн биржалары тарабынан ПЭЭФте түзүлгөн келишим бул процесске кошумча динамика берип, индикаторлордун болушун жогорулатат. Ошондой эле өлкөлөрдө товарларды биржалык сатуу жаатындагы мыйзамдарды шайкеш келтирүү зарыл", – деп баса белгиледи ЕЭК министри.
Максим Ермоловичтин сөзү боюнча, өз ара тооруктарда, жөнгө салуучулук жана технологиялык тоскоолдуктарды жаратпаш үчүн, мыйзамдарга кайсы болбосун жаңылыктар же өзгөртүүлөр Бирликтин бардык өлкөлөрү менен эксперттик деңгээлде талкууланышы керек.
"Биз өз ишибизде мыйзамдык жана технологиялык шайкештик маселелерин сөзсүз эске алабыз. Аларды түзүүдө ашыкча тоскоолдуктардан оолак болуу керек", – деп белгиледи "Санкт-Петербург эл аралык товардык-чийки заттар биржасы" АК президенти Игорь Артемьев.