2009-жылдын 11-декабрындагы Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттеринин салык органдарынын ортосунда төлөнгөн кыйыр салыктардын суммасы боюнча электрондук түрдө маалымат алмашуу жөнүндө протоколго өзгөртүүлөр күчүнө кирди.
Жаңылыктарга ылайык, евразиялык "бешилтиктин" өлкөлөрүнүн салык органдарынын ортосунда маалымат алмашуу эми жума сайын жүзөгө ашырылат (буга чейин декада сайын маалымат алмашуу мезгилдүүлүгү колдонулуп келген). Ошондой эле форматтык-логикалык контролдоо протоколдору менен алмашуу мөөнөтү үч күндөн бир жумушчу күнгө чейин кыскартылды. Мындан тышкары, Протокол кыйыр салыктардын суммасы жөнүндө электрондук түрдө маалыматтын курамына жана түзүмүнө карата талаптар менен толукталган.
Евразия экономикалык комиссиясынын экономика жана каржы саясаты боюнча министри Бакыт Султановдун айтымында, өзгөртүүлөр салык органдарынын маалыматтык өз ара иштешүүсүнүн ыкчамдыгын, салык контролунун натыйжалуулугун жана салык төлөөчүлөр тарабынан кошумча нарк салыгы боюнча нөлдүк ченди колдонуунун мыйзамдуулугу боюнча чогултулган далил базасынын сапатын жогорулатууга багытталган (акциздерди төлөөдөн бошотуу).
"Жаңы чаралар өз ара сооданын катышуучулары тарабынан товарларды экспорттоо, кыйыр салыктарды төлөө жана КНСтин нөлдүк ставкасын колдонуу фактысын тастыктоону тездетет", – деди министр.