Жаңылыктар

15.04.2022 (Обновлено: 20.05.2022 16:39)

ЕАЭБдин "Энергия керектөөчү түзмөктөрдүн энергетикалык натыйжалуулугуна талаптар жөнүндө" техникалык регламентинин күчүнө кирүү мөөнөтү жылдырылды

ЕЭК Кеңеши россиялык тараптын сунушу боюнча ЕАЭБдин "Энергия керектөөчү түзмөктөрдүн энергетикалык натыйжалуулугуна талаптар жөнүндө" техникалык регламентинин күчүнө кирүү мөөнөтүн 2025-жылдын 1-сентябрына жылдыруу жөнүндө чечим кабыл алды. Чечим Комиссиянын Кеңешинин 2022-жылдын 17-мартындагы № 12 тескемеси менен бекитилген Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин экономикаларынын туруктуулугун жогорулатуу, анын ичинде макроэкономикалык стабилдүүлүктү камсыз кылуу боюнча чаралардын тизмегин ишке ашыруунун алкагында кабыл алынды. Техникалык регламенттин күчүнө кирүү күнүн жылдыруу техникалык регламенттин бир катар талаптарын актуалдаштырууга жана техникалык регламентти ишке ашыруу үчүн зарыл болгон экинчи деңгээлдеги актыларды – стандарттардын тизмегин жана энергия керектөөчү түзмөктөрдүн энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндө этикеткаларды иштеп чыгууну жана кабыл алууну аягына чыгарууга мүмкүндүк берет.

ЕЭК Кеңешинин ушул эле чечими менен Комиссиянын Кеңешинин ар түрдүү энергия керектөөчү түзмөктөрдүн этикеткаларынын формаларын жана аларды жол-жоболоштуруу эрежелерин аныктаган чечиминин күчүнө кирүү мөөнөтү 2025-жылдын 1-мартына жылдырылды. Ошондой эле, техникалык реглментке №№ 3, 5, 6, 9, 12, 13 жана 14 тиркемелерде белгиленген айрым талаптардын күчүнө кирүү мөөнөтү үч жылга жылдырылды.