Жаңылыктар

26.05.2022 (Обновлено: 14.06.2022 15:07)

"Евразия агроэкспресс" долбоорунун жаңы катышуучулары менен кызматташуу жөнүндө меморандумдарга кол коюлду

Бишкекте өтүп жаткан Евразия экономикалык форумунун талааларында "Евразия агроэкспресс" долбоорунун дирекциясынын – "Евразия Агрологистикасы" АКЭУ жана жаңы кошулган катышуучулардын ортосунда бир катар документтерге кол коюлду.

Кеп россиялык Сүт өндүрүүчүлөрдүн улуттук бирлиги жана россиялык Улуттук канаттууларды өстүрүүчүлөрдүн бирлиги менен кызматташуу жөнүндө меморандумдар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын темир жолдору боюнча ташууларды жүзөгө ашыруучу "Кыргыз Темир Жолу" улуттук компаниясы менен стратегиялык өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө меморандум жөнүндө болууда. Ошондой эле "КТЖ Экспресс" АК (Казакстан Республикасы) менен меморандумга кол коюу жөнүндө жарыяланды.

"Документтерге кол коюу Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн бизнесинин практикалык баскычка өткөн "Евразиялык агроэкспресс" долбоорун ишке ашырууга болгон кызыгуусун дагы бир жолу тастыктайт. Катышуучулардын санынын көбөйүшү айыл чарба продукциясын жеткирүүлөрдүн көлөмүнүн өсүшүнө өбөлгө түзөрү шексиз, бул темир жол операторлоруна атайын тарифтик план боюнча үзгүлтүксүз ташууларды түзүүгө мүмкүндүк берет", - деп белгиледи Евразия экономикалык комиссиясынын соода боюнча министри Андрей Слепнев.

Меморандумга кол коюу салтанаты ЕЭКтин соода блогунун ЕАЭБ продукциясын экспорттоонун келечектүү рынокторуна жана мүмкүнчүлүктөрүнө арналган Бизнес-диалогунун ачылышынын алкагында өттү. Документтерге "Евразия агрологистикасы" АКЭУ башкы директору Алевтина Кириллова, "Кыргыз Темир Жолу" УК" МИнин башкы директору Азамат Сакиев, Сүт өндүрүүчүлөрдүн улуттук бирлигинин башкы директору Артем Белов жана Улуттук канаттууларды өстүрүүчүлөрдүн бирлигинин башкы директору Сергей Лахтюхов кол коюшту.

Маалымат

Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин айыл чарба продукциясын жана азык-түлүктү тездетилген темир жолдук жана мультимодалдык ташууларды жүзөгө ашыруу боюнча "Евразиялык агроэкспресс" биргелешкен долбоорун ишке ашыруу боюнча демилгеси Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин 2022-жылдын 25-февралындагы № 3 тескемеси менен колдоого алынган. Биргелешкен долбоор көрсөтүлгөн товарларды биринчи баскычта Бирликтин ички каттамдарында жана эки экспорттук каттам боюнча (КЭР жана Өзбекстан Республикасына), жана андан кийин башка өлкөлөргө кеңейтүү мүмкүнчүлүгү менен үзгүлтүксүз жөнөтүүнү калыптандырууга арналган. Өзбекстан менен каттамда АӨК продукциясынын биринчи ийгиликтүү ташуулары ушул жылы ишке ашырылган.

Автономдуу рефрижератордук контейнерлердин заманбап паркы температуралык режимди сактоону талап кылган жүктөрдүн кеңири номенклатурасын ташууга мүмкүндүк берет. Контейнерлер жүктүн абалын онлайн режимде көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгү менен температураны жана нымдуулукту көзөмөлдөөчү сенсорлор менен жабдылган. 

ЕЭКтин Протокол жана уюштуруучулук камсыздоо департаментинин маалыматтык камсыздоо бөлүмү