Комиссиясы
Жалпы маалымат
ЕЭК Кеңеши
ЕЭК Коллегиясы
ЕЭКтин Департаменттери
ЕЭКтин Консультативдик органдары
Интерактивдүү карта
Жаңылыктар
Жаңылыктар
Чыгып сүйлөнгөн сөздөр
Инфографика
Окуялар
Видеогалерея
Фотогалерея
Атайын долбоорлор
ЖМКлардын эсине
Жарандар үчүн
Вакансиялар
Соодалашуулар
Байланыш маалыматы
кыр
рус
eng
арм
бел
қаз
Жалпы маалымат
ЕЭК Кеңеши
ЕЭК Коллегиясы
ЕЭКтин Департаменттери
ЕЭКтин Консультативдик органдары
Интерактивдүү карта
Жаңылыктар
Чыгып сүйлөнгөн сөздөр
Инфографика
Окуялар
Видеогалерея
Фотогалерея
кыр
рус
eng
арм
бел
қаз
Комиссиясы
Жалпы маалымат
ЕЭК Кеңеши
ЕЭК Коллегиясы
ЕЭКтин Департаменттери
ЕЭКтин Консультативдик органдары
Интерактивдүү карта
Жаңылыктар
Жаңылыктар
Чыгып сүйлөнгөн сөздөр
Инфографика
Окуялар
Видеогалерея
Фотогалерея
Атайын долбоорлор
ЖМКлардын эсине
Жарандар үчүн
Вакансиялар
Соодалашуулар
Байланыш маалыматы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
Чыгып сүйлөнгөн сөздөр
Фото
Видео
Бардык багыттар
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы
Интеграция жана макроэкономика
Экономика жана каржы саясаты
Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси
Соода
Техникалык жөнгө салуу
Бажы кызматташтыгы
Энергетика жана инфраструктура
Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу
Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар
Развитие интеграции
Макроэкономическая политика
Статистика
Развитие предпринимательской деятельности
Финансовая политика
Трудовая миграция и соцзащита
Промышленная политика
Агропромышленная политика
Техническое регулирование и аккредитация
СФС-меры
Регулирование рынка лекарств
Транспорт и инфраструктура
Энергетика
Антимонопольное регулирование
Политика в области госзакупок
Информационные технологии
Функционирование внутренних рынков
26 Mar 2024
ЕЭК беларустук бизнес менен ЕАЭБдин чек ара аралык рынокторундагы мамлекеттик сатып алууларды жана атаандаштыкты талкуулады
Атаандаштыктын жана мамлекеттик сатып алуулардын көйгөйлүү маселелерин Беларусь Республикасынын Монополияга каршы жөнгө салуу жана соода министрлигинин колдоосу менен Брест облустук аткаруу комитетинин аянтчасында болуп өткөн Коомдук кабылдаманын катышуучулары талкуулашты. Жолугушуу Евразия экономикалык комиссиясынын атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу боюнча министри Максим Ермоловичтин жетекчилиги алдында өттү. "Ишкерлердин жана керектөөчүлөрдүн 80 пайыздан ашыгы евразия рынокторунда атаандаштыктын деңгээли жогору деп эсептешет. Атаандаштыкка жөндөмдүү экономика артыкчылыктарга ээ жана катуу мамлекеттик жөнгө салууну алмаштырат", – деп белгиледи Максим Ермолович. Беларустук бизнестин өкүлдөрү ошондой эле техникалык жөнгө салуу, ички рынокторду коргоо, товарларды маркалоо жана башка темаларды козгошту. Коомдук кабылдаманын алкагында жеке консультациялар болуп өттү, алардын жүрүшүндө ЕЭК эксперттери бизнес суроолоруна тет-а-тет жооп беришти жана алардын чечүү боюнча түшүндүрмөлөрдү беришти. Максим Ермоловичтин айтымында, бизнестин өкүлдөрү менен ачык диалог болду: "Биз Комиссияда коомдук кабылдаманы атаандаштыктын бузулушу жөнүндө маалымат булагы катары карайбыз. Бизнести атаандаштык жана мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү маселелер гана эмес, ошондой эле ЕЭКтин ишмердүүлүгүнүн башка багыттары да тынчсыздандырат. Кесиптештерибиз менен бардык суроолорго жооп беребиз". Иш-чарага Беларустун бизнесинин, Монополияга каршы жөнгө салуу жана соода министрлигинин, Брест облустук аткаруу комитетинин, ЕЭКтин профилдик блокторунун өкүлдөрү, Беларустун Улуттук жыйынынын Өкүлдөр палатасынын депутаттары катышышты. Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча бардык маалыматтар атаандаштык боюнча блоктун баракчасында "Коомдук кабылдама" бөлүмүндө жайгаштырылган.
04 Mar 2024
Өнөр жай товарларынын евразиялык реестрине Армениядан товарлар жөнүндө маалыматтар киргизилди
Армения Республикасынын Экономика министрлигинин билдирүүсүнүн негизинде, ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин өнөр жай товарларынын евразиялык реестрине Армения Республикасынан өнөр жай товарлары жана алардын өндүрүүчүсү жөнүндө маалыматтар киргизилген. Евразия экономикалык комиссиясынын Атаандаштык саясаты жана мамлекеттик сатып алуулар жаатындагы саясат департаментинин директорунун орун басары Павел Жуковский белгилегендей, бул окуяны маанилүү деп атоого болот, анткени эми евразиялык реестрде Бирликтин бардык өлкөлөрүнөн өнөр жай товарлары жана аларды өндүрүүчүлөр жөнүндө маалыматтар камтылды. "Мындай маалыматтардын саны 22 миңге жакын болгонуна карабастан, өсүш үчүн дагы орун бар жана биз Бирлик өлкөлөрүнүн өндүрүүчүлөрүнөн кезектеги билдирмелерди күтүп жатабыз", – деди Павел Жуковский. 4-мартка карата абал боюнча Евразиялык реестрде 21991 товар жана Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан жана Россиядан алардын 148 өндүрүүчүлөрү жөнүндө маалыматтар камтылган. Маалымат Армения Республикасынын Экономика министрлиги ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин өнөр жай товарларынын Евразиялык реестрин түзүү жана жүргүзүү маселелери боюнча ЕЭК менен өз ара аракеттенүүгө ыйгарым укуктуу орган болуп саналат.
01 Mar 2024
ЕАЭБде мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө отчеттуулукту түзүүгө карата мамилелер өркүндөтүлүүдө
Мамлекеттик (муниципалдык) сатып алуулар чөйрөсүндө отчеттуулукту чогултуунун жана түзүүнүн актуалдуу маселелерин, анын ичинде аны жыйноо жана түзүү боюнча методикалык сунуштамаларды кабыл алуу маселесин Евразия экономикалык комиссиясынын Атаандаштык саясаты жана мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү саясат департаментинин директору Жанар Адикованын жетекчилиги алдында Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттеринин мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөрүлгөн кеңешмеде карап чыгышты. ЕАЭБ жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө II Чоң протоколду ратификациялоо аяктагандыгына байланыштуу, 2024-жылдан тартып ЕАЭБдин мүчө мамлекеттери тарабынан ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринде мамлекеттик (муниципалдык) сатып алуулар чөйрөсүндө отчеттуулукту түзүү милдеттүү болуп калат. 2015-2023-жылдар аралыгында мындай отчеттуулукту түзүү сунуштама мүнөзүндө болгон. Евразия экономикалык комиссиясынын порталында "Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттери мамлекеттик (муниципалдык) сатып алуулары" (отчеттуулук көрсөткүчтөрүнүн талдоо) ар жылдык серептери жайгаштырылган. 25 көрсөткүч аныкталды, анын ичинде, мисалы, сатып алуулардын жол-жоболорунун саны, сатып алуулардын ыкмалары боюнча берилген, анын ичинде электрондук өтүнмөлөр жана түзүлгөн келишимдер, каржылоо булактары, сатып алуу ыкмалары, товарлар чыгарылган өлкө, жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр жана жеткирүүчүлөр катталган өлкө боюнча түзүлгөн келишимдердин наркы. Товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрү жана алардын чыккан өлкөсү боюнча отчеттуулук биринчи жолу киргизилүүдө. Маалымат 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө 2022-жылдын 31-мартында кол коюлган протокол менен Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге № 25 келишимдин 29-пунктуна ЕАЭБ мүчө мамлекеттери сатып алуулардын маалыматтык ачыктыгын жана айкындыгын, анын ичинде мамлекеттик (муниципалдык) сатып алуулар чөйрөсүндө, анын ичинде Комиссия тарабынан бекитилген көрсөткүчтөр жана форматтар боюнча маалыматтарды (отчеттуулукту) түзүү аркылуу камсыз кыла тургандыгы жөнүндө өзгөртүүлөр каралган. Отчеттуулуктун көрсөткүчтөрү жана форматтары Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2023-жылдын 29-декабрындагы № 179 чечими менен бекитилген (көрсөткүчтөрдүн тизмегинин 27-бөлүмү, F27.01.01 жана F27.01.04, F27.02.01 жана F27.02.04 форматтар). Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2015-жылдын 3-ноябрындагы № 26 сунуштамасы.
01 Mar 2024
ЕЭК Кеңеши ЕАЭБдин атаандаштык чөйрөсүндөгү укугуна өзгөртүүлөрдүн топтомун кабыл алды
Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 1-мартындагы отурумунда чек ара аралык рыноктордогу атаандаштыктын жалпы эрежелерин сактоо менен контроль жол-жобосун регламенттеген актыларга, мисалы, Арыздарды карап чыгуу, иликтөөлөрдү жүргүзүү, иштерди карап чыгуу тартиптери жана Жазапул жана атаандаштык абалын баалоо усулуна өзгөртүүлөр киргизилди. Чек ара аралык рыноктордогу атаандаштыктын жалпы эрежелерин бузуу жөнүндө арыздарды эми Комиссияга Евразия экономикалык бирлигине кирген өлкөнүн каалаган мамлекеттик тилинде милдеттүү түрдө орус тилине которуу менен берүүгө болот. Мындай котормону күбөлөндүрүү жол-жобосу жеңилдетилди. Иликтөөнү токтотуунун кошумча негизи кошулду – ошол эле адамдарга карата, ошол эле негиз жана предмет боюнча чек ара аралык рыноктордогу атаандаштыктын жалпы эрежелерин бузуу жөнүндө иш боюнча Комиссия Коллегиясынын мыйзамдуу күчүнө кирген чечиминин болушу. Мындан тышкары, созулган эреже бузуу аныкталган күн тууралуу талаш-тартышка чекит коюлду. Мындай күн катары иликтөөлөрдү жүргүзүү жөнүндө аныктама чыгарылган күн аныкталды. Бул жоопкерчиликке тартуунун эскирүү мөөнөтүн эсептөө үчүн керек. Түзөтүүлөр нысапсыз атаандаштыктын белгилерин кароодо рынокту талдоо алкагында атаандаштыктын абалын баалоо усулуна да тиешелүү. Эми иликтөөнүн алкагында чарбалык субъектилердин курамын аныктоо өтүнмө берүүчүнү, укук бузуучуну жана алардын атаандаштык мамилелерин аныктоо менен чектелиши мүмкүн.
Ресурсы ЕАЭС
Евразия экономикалык бирлигинин сайты
Евразия экономикалык бирлигинин укук порталы
ЕАЭБдин ички рынокторунун иштөөсүнүн Порталы
ЕАЭБдин санариптик күн тартиби жөнүндө