Жаңылыктар

19.08.2022 (Обновлено: 29.08.2022 09:36)

2023-жылдан тарта ЕАЭБ өлкөлөрүнүн аккредиттөө боюнча органдары өз ара салыштырмалуу баалоолорду жүргүзө башташат

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши колдонулган аккредиттөө жол-жоболордун бирдей маанилүүлүгүнө жетишүү жана аккредиттөө жана шайкештикти баалоо боюнча иштердин натыйжаларына ишенимди жогорулатуу максатында Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттеринин аккредиттөө боюнча органдары тарабынан өз ара салыштырмалуу баалоолорду жүргүзүү тартибин бекитти.

Өз ара салыштырмалуу баалоолор ар бир аккредиттөө боюнча органга карата төрт жылда бир жолу жүргүзүлөт жана өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:

- ЕАЭБ өлкөлөрүндө колдонулган аккредиттөө жол-жоболоруна талдоо жүргүзүүнү,

- аккредиттөө боюнча органдын ал тарабынан аккредиттелген шайкештикти баалоо боюнча органдарды (сертификаттоо боюнча органдарды, сыноо жүргүзүү лабораториялары (борборлорун) баалоо жол-жоболорун жүргүзүшүн байкоону,

- жүргүзүлгөн иштердин натыйжалары боюнча жыйынтыктоочу отчётту жана сунуштамаларды даярдоону.

"Аккредиттөө – бул продукциянын рынокко чыгышына уруксат берген, шайкештикти баалоо боюнча органдардын компетенттүүлүгү таянган чөйрө, – деп белгиледи ЕЭКтин техникалык жөнгө салуу боюнча министри Виктор Назаренко. – Ал Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн продукцияны жүгүртүү чөйрөсүндөгү аккредиттөө субъектилери иштеген ишеним шарттарын аныктайт".

Виктор Назаренконун айтуусу боюнча, аталган тартип, евразиялык интеграцияны өнүктүрүүнүн Стратегиялык багыттарынын бир катар иш-чараларын ишке ашыруу үчүн зарыл болгон базалык документтердин бири катары, 2023-жылдан тарта аккредиттөө боюнча органдар тарабынан өз ара салыштырмалуу баалоолордун жүргүзүлүшүн камсыз кылууга мүмкүндүк берет.