Жаңылыктар

17.10.2022

ЕЭК Кеңеши ЕАЭБде дөңгөлөктүү унаалардын туруктуу өндүрүшүн камсыз кылуу боюнча чечимдерди узартты

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши үстүбүздөгү жылдын апрель жана май айларында үчүнчү мамлекеттер тарабынан киргизилген чектөө чараларынын шартында дөңгөлөктүү унааларды, айыл чарба жана токой чарба тракторлорун туруктуу өндүрүүнү камсыздоого багытталган чечимдердин мөөнөтүн узартты.

2024-жылдын 1-февралына чейин Биримдикке кирген өлкөлөрдүн өкмөттөрүнүн ченемдик укуктук актыларына ылайык, ЕАЭБдин аймагында транспорт каражаттарын чыгаруу мүмкүнчүлүгү узартылды.

Беларусь Республикасынын өндүрүүчүлөрүнө 2023-жылдын 31-декабрына чейин транспорттун түрүн бекитүүгө карата кийин каттоо менен айрым категориядагы транспорттук каражаттарын электрондук системалар менен жабдыбоо жана мындай транспорттук каражаттарды реализация кылуу мүмкүнчүлүгү узартылды.

2024-жылдын 1-январына чейин 3-экологиялык класстагы тракторлорду чыгарууга өтүү мөөнөтү узартылды.

2024-жылдын 31-январына чейин ЕАЭБ мамлекеттеринин өндүрүүчүлөрүнө экологиялык классы төмөн (0, 1, 2) тракторлорду чыгаруу мүмкүнчүлүгү узартылды.

2024-жылдын 31-январына чейин экологиялык классы төмөндөтүлгөн тракторлордун шайкештик сертификаттарынын жарактуулук мөөнөтү, ал эми 2024-жылдын 31-майына чейин мындай тракторлорду жүгүртүүгө чыгаруу жана сатуу мүмкүнчүлүгү узартылды.