Жаңылыктар

16.11.2016

ЕЭКтин өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министринин кеңешчиси Владимир Мальцевдин “Союзное вече” гезитине берген интервьюсу: “МАЗ жана КамАЗды жаңы деңгээлге чыгарабыз”

Москвада Беларустун Өнөр жай министрлигинин жана РФтин Өнөр жай жана соода министрлигинин Коллегиясынын биргелешкен отуруму болуп өтүп, анда станок куруу тармагын өнүктүрүү маселелери талкууланды. Жолугушуунун жыйынтыктары жөнүндө “СВ” гезитине ЕЭКтин өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министринин кеңешчиси айтып берди.​ Москвада Беларустун Өнөр жай министрлигинин жана РФтин Өнөр жай жана соода министрлигинин Коллегиясынын биргелешкен отуруму болуп өтүп, анда станок куруу тармагын өнүктүрүү маселелери талкууланды. Жолугушуунун жыйынтыктары жөнүндө “СВ” гезитине ЕЭКтин өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министринин кеңешчиси айтып берди. - Жолугушууда кандай өзөктүү темалар көтөрүлдү? - “Бешилтиктин” алкагында өндүрүш кооперациясынын актуалдуу маселелери жана “экиликтин” башкача айтканда, Беларусь жана Россия Биримдик мамлекеттеринин тажрыйбасын колдонуу маселелери талкууланды. Борбордук тема - станок-инструмент тармагынын Инжиниринг борборун түзүү. 2015-жылы аны ЕАЭБтин бардык өлкөлөрү үчүн түзүү жөнүндө чечим кабыл алынган. Тараптар ага кызыгуусун тастыкташкан, алар бул жагдай технологиялардын өзгөрүшүнө, жаңы чогултма өндүрүштөрүнүн түзүлүшүнө, импортту алмаштыруу маселелеринин чечилишине өбөлгө түзө аларын көрүп турушат.  - Эмнеден баштайсыздар? - ЕАЭБ аймагындагы бардык өндүрүштөрдү талдап чыгабыз, кандай станоктор жана себилдегичтер жетишпей жаткандыгын карап көрөбүз жана биздин өкмөттөрдүн башчыларына өндүрүштөрдү куруу боюнча долбоорлорду сунуштайбыз, анын ичинде чет элдик инвесторлорду тартуу менен. Андан кийин биздин рынокту коргоо чараларын киргизебиз, ДСУ ченемдерине каршы келбеген.  Буга чейин мындай борбор “экилик” үчүн түзүлгөн, эми биз бул ишти илгерилетебиз. Бул идеяны 2017-2019-жылдардын аралыгында ишке ашыра алабыз деп ойлойм. Мындай милдетти бизге өкмөт башчылары коюшту. Борбор жайгаша турган жер жана аны каржылоо булактары азыр жигердүү талкууланууда. Бардык тараптар компетенциянын мындай борборун өзүнүн мамлекетте болушуна кызыкдар.  - Буга чейин МАЗ жана КамАЗдын базасында дээрлик трансулуттук кооперацияны түзүүнү каалап жатышкан. Азыркы учурда жагдай кандай? - Бул жерде жагдай кызыктуу болду. Эгер ачыгын айтсак, МАЗ жана КамАз  - биздин жалпы рыноктогу атаандаштар. Бир жагынан бул жакшы, анткени атаандаштыктан улам продукциянын сапаты өсөт жана аяккы жыйынтыгында пайда керектөөчү тарапта болот. Башка жагынан, каршы турууга көп күч кетет. Ал эми мамлекеттердин протекционисттик саясаты Евразия экономикалык биримдигинин кызыкчылыктарына каршы келет. Көпчүлүк учурда “үстүдөн” түшүрүлгөн кооперациялык долбоорлордун иши алдыга жылбайт, анткени бизнес өз үчүн пайданы көрбөйт. Ишканалар рыноктору бөлүп алышкан, атүгүл бири-бирине жолтоо болбош үчүн биргелешкен баланстарды түзө башташкан, жана бир чатырдын астында биригүүнү анчалык деле каалашпайт.  - Буз жагдайдан чыгуунун жолу барбы? - Биз бизнестин позициясын сыйлабыз. Компромисс сунуштоого даярбыз. Эгерде биздин гиганттар атаандаштыкка жөндөмдүү продукцияны өндүрсө, жана ашыкча өнүм бар болсо, анда биз макулдашылган түрдө үчүнчү өлкөлөрдү рыногуна чыгып жана биргеликте аларды ээлей алабыз.  Жана ушул жерде оюнга биз кол койгон же жакында кол кое турган эркин соодалашуу аймактары боюнча макулдашуулар чыгат.  Кыркка жакын өлкөлөр сүйлөшүүлөрдү баштоого каалоосун билдиришкен. - ЕЭК Беларустун жана Россиянын биримдиктик программаларынын тажрыйбасын изилдеп жатабы? Мындай механизм ЕАЭБте иштеп кетиши мүмкүнбү? - Албетте. Биз азыр биргелешкен евразиялык долбоорлорду каржылоо жөнүндө жобону даярдап жатабыз. Бул ЕАЭБ жөнүндө келишимдин базалык беренесинде каралган. Биз ишти 2017-жылы бүткөрүүнү пландаштырып жатабыз.  Колдоо механизмдеринин бирин Евразия өнүктүрүү банкы камсыздайт. Премьер-министрлердин деңгээлинде биз бул банк менен чогуу жалпы программаларды иштеп чыгабыз жана каржылоо системасын бекитебиз деген макулдашуу бар.  Биз долбоорлордун жагымдуулугун жогорулатуу үчүн бул банктын пайыздык ченин субсидиялоону карап чыгууга даярбыз.  - Каатчылык жолтоо болбойбу? - Экономиканын төмөндөшү бар. Бирок кандай болсо да, каатчылык болгонуна же болбогонуна карабастан, банк чыгашалуу экени алдын ала белгилүү долбоорлорду каржылабайт. Ал жерде олуттуу адистер иштешет жана аларга жакшы, жашоого жөндөмдүү долбоорлорду сунуштоо керек, ошондо каржылоо жагында көйгөйлөр болбойт.