Армения Республикасынын аккредитациялоо боюнча органынын өз ара салыштырмалуу баалоолор боюнча тобу ушул жылдын аягында ишин баштайт. Бул маселе Евразия экономикалык форумунун алкагында 30-сентябрда Ереванда өткөн Евразия экономикалык комиссиясынын техникалык жөнгө салуу боюнча министри Валентин Татарицкийдин катышуусу менен Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн аккредитация боюнча органдарынын Жетекчилер кеңешинин отурумунда талкууланды.
Ошондой эле Кеңештин мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргыз аккредитациялоо борборунун өз ара салыштырмалуу баалоолорду жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча сунуштамалардын аткарылышын макулдашышты.
Аккредитациялоо боюнча органдарга өз ара салыштырмалуу баалоолорду жүргүзүү ЕАЭБ жөнүндө келишимде каралган. Комиссиянын Кеңешинин 2022-жылдын 19-августундагы № 126 чечими менен Мүчө мамлекеттердин аккредитациялоо боюнча органдары тарабынан өз ара салыштырмалуу баалоолорду жүзөгө ашыруу тартиби бекитилген, ал аккредитациялоо боюнча органдар тарабынан мындай баалоону жүзөгө ашыруунун эрежелерин аныктаган, аларды жүргүзүүнүн натыйжалары колдонулган жол-жоболордун бирдей маанилүүлүккө жетишүү максатында мүчө мамлекеттердин мыйзамдарын шайкеш келтирүү үчүн мындан аркы кадамдарды аныктоого мүмкүндүк берет.
Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин чечими менен түзүлгөн аккредитациялоо боюнча улуттук органдардын Жетекчилер кеңеши аккредитациялоо боюнча органдардын өз ара салыштырмалуу баалоолор механизмдерин жүзөгө ашырат, аккредитациялоо чөйрөсүндөгү пландарды жана көйгөйлөрдү чечүү жолдорун аныктайт.
"Бирликтин рыногунда продукциянын коопсуздугун камсыздоонун жана өз ара соодадагы тоскоолдуктарды жоюунун маанилүү механизмдеринин бири болуп шайкештикти баалоо боюнча органдардын компетенттүүлүгүн тастыктоо жана кепилдик берүү боюнча иш алып барган аккредитациялоо боюнча органдардын натыйжалуу иши саналат. Өз ара салыштырмалуу баалоолор аккредитациялоо жол-жоболорун жакындаштыруунун жана шайкештикти баалоо боюнча органдардын ишмердигинин натыйжаларына ишенимди камсыздоонун натыйжалуу механизми болуп саналат", - деп белгиледи Валентин Татарицкий.
Мындан тышкары, отурумдун катышуучулары ЕАЭБдин техникалык регламенттеринин талаптарын колдонуу жана аткаруу үчүн стандарттардын тизмегин иштеп чыгуу тартибин жөнгө салуучу, Евразия экономикалык комиссиясынын 2016-жылдын 18-октябрындагы № 161 Чечими менен каралган, Комиссиянын Коллегиясынын продукцияны изилдөөлөр (сыноолор) жана өлчөөлөр методикаларын валидациялоонун жалпы ыкмалары жөнүндө сунуштамасынын долбоорун иштеп чыгуунун перспективаларын карап чыгышты.
2024-жылы Жетекчилер кеңешине төрагалыкты Армения Республикасынын Экономика министрлигинин "Аккредитациялоо боюнча улуттук орган" мамлекеттик коммерциялык эмес уюмунун атынан Армения Республикасы жүзөгө ашырат.