Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин 21-октябрдагы жыйынында Евразия экономикалык бирлигине мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчылары ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөттөрүнө аккредиттөө боюнча органдардын Регионалдык аккредиттөө уюмуна (РАУ) катышуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу жана аны куруу жана иштетүү учурундагы уюштуруу, финансы маселелерин чечүүдө тараптардын ыйгарым укуктуу органдарына көмөк көрсөтүү тапшырмасын беришти.
«Аймактык аккредиттөө уюмун түзүү продукциянын шайкештигин баалоо жыйынтыгына ишенимди жогорулатуу жана ЕАЭБдин жалпы рыногун коргоо максатында Бирликте аккредиттөө жол-жоболорун жеңилдетүүгө өбөлгө түзөт», - деди ЕЭК министри Виктор Назаренко. – Мындан тышкары, бул үчүнчү өлкөлөр менен соода жүргүзүүдө техникалык тоскоолдуктарды болтурбоо үчүн эң эффективдүү инструменттердин бири болоору шексиз, ошондой эле КМШ жана алыскы мамлекеттердин рынокторуна союздаш товарлардын экспортун көбөйтүү үчүн шарттарды түзөт.
Мындай аймактык уюмдун ишинин олуттуу натыйжасы жалпы кызыкчылыктарды илгерилетүү жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн аккредиттөө тутумдарынын эл аралык аренадагы беделин жогорулатуу. Ошондой эле КМШда жана ЕАЭБде эркин сооданы камсыздоонун натыйжалуу механизмин түзүүгө өбөлгө түзөт.
Буга чейин Евразия экономикалык бирлигине кирген мамлекеттердин өкмөт башчыларынын тапшырмасы боюнча Комиссия жана Аккредиттөө органдарынын жетекчилеринин кеңеши 2021-2022-жылдар аралыгында Евразия чөлкөмү үчүн Регионалдык аккредиттөө уюмун түзүү маселелерин деталдуу иштеп чыгышкан.
Бирликтин мындай уюмду түзүүсү максатка ылайыктуу деген жалпы корутундунун негизинде Комиссиянын баяндамасында анын ишинин негиздери жана шарттары көрсөтүлгөн – бул КМШ жана ЕАЭБ мүчө-мамлекеттеринин улуттук аккредиттөө органдарынын катышуусу, аны эл аралык таануу, ЕАЭБ (КМШ) өлкөлөрүнүн биринде жайгашкан туруктуу жумушчу органдын болушу. Комиссия менен Регионалдык аккредиттөө уюмунун ал түзүлгөндөн кийин өз ара аракеттенүүсүнүн артыкчылыктуу форматы да белгиленген – тиешелүү өнөктөштүк келишимине кол коюу аркылуу.