Жаңылыктар

05.08.2022

Евразия "бешилтигинин" өлкөлөрү Бирликтин жалпы газ рыногун түзүү боюнча позицияларын жакындатышууда

Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев жана мүчө мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдарынын жетекчилери 5-августта ЕАЭБдин жалпы газ рыногун түзүү жөнүндө эл аралык келишимди талкуулашты.

Сүйлөшүүлөрдүн кезектеги раунду талаш маселелерди жөнгө салууга багытталды. Ал, жалпы газ рыногун түзүүнүн перспективаларын талкуулоо пландаштырылып жаткан, Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин 25-26-августта өткөрүлүүчү отурумуна даярдануунун алкагында өткөрүлдү.

Арзыбек Кожошев жалпы газ рыногун түзүүнүн мүчө мамлекеттер үчүн сезимтал болуп саналган маселелери боюнча өз ара кабыл алына турган чечимдерди иштеп чыгуу жана аларды конструктивдүү талкуулоого даяр болуу зарылчылыгын белгиледи.

Кеңешменин жүрүшүндө газ боюнча эл аралык келишимде сакталып жаткан келишпестиктер боюнча пикир алмашуу орун алды, ыйгарым укуктуу органдардын жетекчилери бир катар айырмачылыктар боюнча консенсуска жетишишти.

Тараптар келишимдин жөнгө салуу предметине, жалпы газ рыногунда кызмат көрсөтүүлөр үчүн "бирдиктүү терезе" принциби боюнча төлөө шарттарына, газды пайдаланууну контролдоого тиешелүү жоболорун жөнгө салышты, ошондой эле газга болгон рыноктук баа боюнча жалпы түшүнүккө келишти.

Ыйгарым укуктуу органдардын жетекчилери газ боюнча эл аралык келишимдин айрым жоболорун эки тараптуу негизде кошумча иштеп чыгуу жана документтин үстүнөн ишти аяктоо жана аны Бирликтин органдарынын кароосуна чыгаруу үчүн бул маселелерди 12-августта талкуулоону улантуу жөнүндө келишишти.

Маалымат

Бирликтин мунай жалпы газ рыногун түзүү жөнүндө эл аралык келишим анын иштөөсүнүн принципиалдуу шарттарын аныктайт. Жалпы газ рыногун түзүү үч баскыч боюнча ишке ашырылат. Акыркы үчүнчү баскычта – 2025-жылдын 1-январына чейин – Бирликтин жалпы газ рыногун түзүү жөнүндө эл аралык келишимдин күчүнө кириши каралган. Жалпы рынокту түзүү жана улуттук мыйзамдарды шайкеш келтирүү боюнча иш ЕАЭБ жөнүндө келишимде, Бирликтин жалпы газ рыногун түзүү Концепциясында жана Программасында каралган негизги принциптерди эске алуу менен жүргүзүлөт.