2-мартта Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошевдин төрагалыгы астында Табигый монополиялар боюнча консультативдик комитеттин отурумунда Евразия экономикалык бирлигинин табигый монополиялар субъекттеринин ишмердигин жөнгө салуунун бирдиктүү принциптерин жана эрежелерин ишке ашырууну камсыз кылуучу документтин долбоору макулдашылды.
Табигый монополиялар чөйрөсүндөгү жол картасында каралган документ Комиссия тарабынан ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жөнгө салуучу органдарынын эксперттери менен биргеликте даярдалган жана Бирлик жөнүндө келишимге карата № 20 тиркемеде каралган принциптерди жана эрежелерди бир түрдүү колдонууну камсыз кылууга багытталган.
Отурумда табигый монополиялар чөйрөсүндө 2022-жылы аткарылган иштер тууралуу маалыматтын долбоору жактырылды. Документте мүчө мамлекеттердин кабыл алынган жана колдонуудагы ченемдик укуктук актылары, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жөнгө салуучу органдарынын ишмердиги, ошондой эле Бирлик мамлекеттери тарабынан табигый монополиялар чөйрөсүндө мыйзамдарды шайкеш келтирүү боюнча өткөрүлүүчү иш-чаралар жөнүндө маалыматтар чагылдырылган. 2023-жылы майда документ ЕАЭБ мамлекеттеринин башчыларына сунушталат.
Маалымат
Табигый монополиялар чөйрөсүндө ЕАЭБ мамлекеттеринин мыйзамдарын шайкеш келтирүүнү жүргүзүүнүн ырааттуулугун аныктоо боюнча жол картасы ЕЭК Кеңеши тарабынан 2017-жылдын декабрында бекитилген.