15-майдан 19-майга чейин Евразия экономикалык комиссиясынын бажы мыйзамдары жана укук колдонуу тажрыйбасы департаментинде Евразия экономикалык бирлигинде навигациялык пломбаларды колдонуу менен ташууларды көзөмөлдөө механизмин киргизүү боюнча жол картасында каралган иш-чараларды жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон ЕЭКтин чечимдеринин долбоорлорун талкуулоо боюнча бир катар кеңешмелер болуп өттү.
Комиссия тарабынан иштелип чыккан жол картасы иш-чаралардын комплексин камтыйт. Аларды ишке ашыруу ЕАЭБде ташууларды көзөмөлдөөнү 2024-жылдын январынан баштап баштоого мүмкүндүк берет.
Болуп өткөн талкуунун жыйынтыгы боюнча кабыл алуу ушул жылдын июлуна пландаштырылган Комиссиянын чечимдеринин долбоорлорунун негизги жоболору талкууланды. Алар навигациялык пломбаларды коюу (алып салуу), активдештирүү (деактивациялоо) маселелерин, ошондой эле тийиштүү кырдаалдарда маалыматтык, контролдоочу органдардын жана улуттук операторлордун өз ара аракеттенүүсүн жана башка биринчи даражадагы актылардын долбоорлорун камтыйт.
ЕЭК чечимдеринин долбоорлору боюнча кеңешмелердин кезектеги раунду 2023-жылдын июнь айынын ортосуна пландаштырылган.
Маалымат
ЕАЭБде ташууларды көзөмөлдөө үчүн навигациялык пломбаларды колдонуу жөнүндө макулдашуу 2023-жылдын 3-апрелинде күчүнө кирди.
Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2023-жылдын 21-апрелиндеги отурумунда Евразия экономикалык бирлигинде навигациялык пломбаларды колдонуу менен ташууларды көзөмөлдөө механизмин киргизүү боюнча жол картасы бекитилди.