Жаңылыктар

20.09.2024

Комиссияда экспресс-жүктөр үчүн жөнөкөйлөтүлгөн декларацияны колдонуу учурларын кеңейтүү маселеси талкууланды

19-сентябрда Евразия экономикалык комиссиясынын Бажы мыйзамдары жана укук колдонулуучу иш-тажрыйба департаментинин директорунун орун басары Григор Оганяндын төрагалыгы астында экспресс-жүктөргө жана Евразия экономикалык бирлигинде эл аралык почта жөнөтүүлөрүнө карата бажылык операцияларды аткаруу тартибин өркүндөтүү боюнча жумушчу топтун отуруму болуп өттү.

Жумушчу топтун отурумуна мамлекеттик органдардын жана бизнестин өкүлдөрү, анын ичинде почта операторлору жана экспресс-ташуучулар катышты.

Эксперттер Казакстан Республикасынын сунушу боюнча экспресс-жүктөргө декларацияны толтуруу эрежелерин андан ары унификациялоо менен байланышкан маселелерди карашты. Ошондой эле, валюталык көзөмөл үчүн айрым маалыматтарды көрсөтүү боюнча казакстандык бизнестин сунуштары жана мындай жөнөкөйлөтүлгөн декларацияны колдонуу менен товарлар декларацияланышы мүмкүн болгон учурларды кеңейтүү боюнча россиялык бизнестин сунуштары жактырылды.

Экспресс-жүктөргө жана эл аралык почта жөнөтүүлөрүнө карата бажы операцияларын жүргүзүү тартибин өркүндөтүү боюнча жумушчу топ Бажылык жөнгө салуу боюнча консультативдик комитеттин алдында түзүлгөн жана 2018-жылдан бери иштеп келе жатат.

Экспресс-жүктөр үчүн жүргүнчүлөрдүн бажы декларациясы жана экспресс-жүктөр үчүн товарлардын декларациясы экспресс-жүктөрдү декларациялоодо колдонулган жөнөкөйлөтүлгөн бажы декларациялары болуп саналат.

Экспресс-жүк — жеке коштомо кагазга ылайык бул товарды алуучуга эң аз мүмкүн болгон жана (же) белгиленген убакыт аралыгында жеткирүү максатында, ыкчам ташуунун алкагында ташууларды уюштуруунун жана көзөмөлдөөнүн электрондук маалыматтык тутумун пайдалануу менен ар кандай түрдөгү транспорт менен ташылуучу товар, эл аралык почта жиберүүлөрү менен жөнөтүлүүчү товарды кошпогондо.