19-июнда 2022-жылдын 19-апрелинде кол коюлган, Бажы транзитинин бажы жол-жобосуна ылайык товарларды ташууда (транспорттоодо) бажы алымдарын, салыктарды, атайын, демпингге каршы, компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдеттерди аткарууну камсыздоону колдонуунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө макулдашуу күчүнө кирди.
Макулдашуу Евразия экономикалык бирлигинде кепилдик механизмдерин өнүктүрүүгө жана ЕАЭБ алкагында транзиттик ташууларды аткарууда, анын ичинде заманбап маалыматтык технологияларды жана электрондук документ жүгүртүүнү колдонуу шарттарында бизнестин каржылык жүктөмүн төмөндөтүүгө багытталган.
Макулдашууну ишке ашыруу бажы транзитине катышкан жана Макулдашуунун шарттарына жооп берген жактарга азыркы өлчөмдөн аз өлчөмдө каржы кепилдиктерин берүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Ошол эле учурда Макулдашуу кепилдиктерди улуттук кепилдик катары таануу шарттарын аныктоо жана транзит учурунда каржылык кепилдиктерди берүү боюнча ишти жүзөгө ашыруунун кыйла ыңгайлуу шарттарын белгилөө аркылуу камсыздоо ыкмаларынын бири катары - кепилдик институтун өнүктүрүү үчүн кошумча түрткү берет.
Бул эки багыт биригип, транзиттик ташууларды жүргүзгөн тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучуларынын чыгымын төмөндөтүп, ошону менен бирге Бирликтин транзиттик тутумун бир кыйла жагымдуу жана атаандаштыкка жөндөмдүү кылат.
Макулдашуу бирдиктүү транзиттик тутумдун элементтеринин бири болуп калды.