Навіны

02.04.2020

ЕЭК COVID-19 менен күрөшүү жана ЕАЭБди пандемиянын шарттарында экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча чараларды карап чыгат

3-апрелде ЕЭК Кеңеши COVID-19 коронавирустук инфекциясынын таралышынын алдын алуу жана болтурбоо жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн пандемиянын шарттарында экономикалык өнүгүүсү боюнча Комиссия тарабынан иштелип чыккан биргелешкен чаралардын комплексин карап чыкмакчы. Аталган чаралар Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин 10-апрелде видеоконференция форматында  өкмөт башчыларынын деңгээлинде  өткөрүү пландаштырылган кезектеги отурумунун жүрүшүндө бекитилгенден кийин ЕАЭБдин мүчө мамлекеттерине сунушталмакчы.   ЕЭК Кеңешинде Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин КМШнын эркин соода режиминен кантка карата алып коюулар маселеси боюнча тапшырмасынын долбоору каралмакчы. Ошондой эле, алып келүү бажы алымынан бошотулуучу критикалык импорт товарларынын тизмегин бекитүү пландаштырылууда.   Чек ара аралык рыноктордогу атаандаштыктын абалы жана жалпы атаандаштык эрежелерин бузууларды токтотуу боюнча кабыл алынып жаткан чаралар жөнүндө Комиссиянын 2019-жыл үчүн отчёту угулмакчы.   Мындан сырткары, Комиссиянын табигый монополия маселелери боюнча өткөн жылда өткөрүлгөн ишинин натыйжалары жөнүндө маалыматты изилдөө каралган. Атап айтканда, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн бул чөйрөдөгү мыйзамдарын шайкеш келтирүү боюнча "жол картасынын" аткарылышы тууралуу.​