Навіны

03.04.2020

ЕЭК алып келүү бажы алымынан бошотулган товарлардын тизмегин кеңейтти жана товардын келип чыгышы жөнүндө сертификаттарга талаптарды жеңилдетти

COVID-19 коронавирустук инфекциясынын таралышынан улам пайда болгон терс экономикалык таасирди азайтуу жана ЕАЭБ өлкөлөрүндө социалдык маанилүү товарлардын тартыштыгын болтурбоо максатында Евразия экономикалык комиссиясы 3-апрелде критикалык импорт товарларынын тизмегин бекитти. Аларды ушул жылдын 1-апрелинен 30-июнуна чейин Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттерине импорттоодо, аларга алып келүү бажы алымдарынан бошотуу түрүндөгү тарифтик жеңилдиктер берилет. Аталган тизмек ЕАЭБ өлкөлөрүнүн сунуштарынын негизинде түзүлгөн. Ага мүчө мамлекеттерде учурдагы жагдайга байланыштуу көтөрүңкү суроо-талап же кыска мөөнөттүү перспективада тартыштык байкалышы мүмкүн болгон азык-түлүк, айыл чарба жана медициналык товарлар кирди. Аталган товарлардын көпчүлүгү ЕАЭБде өндүрүлөт. Тизмекке айрым айыл чарба жана азык-түлүк товарлары (картошка, пияз, сарымсак, капуста, сабиз, калемпир, кара буудай, узун дандуу күрүч, гречка акшагы, балдардын азыктануусу үчүн ширелер жана даяр тамак-аштар), айрым даяр дары-дармек каражаттары жана медициналык багыттагы товарлар (эндоскоптор, тийүүсүз өлчөөчү термометрлер, бир жолу колдонулуучу тамызгычтар, көчмө дезинфекциялоочу орнотмолор) кирди. Мындан сырткары, дары-дармектерди өндүрүү үчүн колдонулуучу товарлардын, ошондой эле медициналык багыттагы товарлардын тизмеги кеңейтилди (ага термобаштыктар, флакондорду жылчыксыздандыруу үчүн плёнкалар, медициналык тоңдургучтар кирди). Бул товарлар, алардын колдонулуу максаты тастыкталган шартта, ушул жылдын 16-мартынан 30-сентябрына чейин алымсыз алып келинет.  "Биз тизмектерди өлкөлөрдүн өкмөттөрү жана ыйгарым укуктуу улуттук ведомстволору менен биргеликте саналуу күндөрдүн ичинде иштеп чыктык, – деди ЕЭКтин соода боюнча министри Андрей Слепнёв. – Бүгүнкү күндө биздин өлкөлөрдүн керектөөчүлөрүнүн, анын ичинде калктын жана медициналык уюмдардын суроо-талабынын өзгөрүшүн эске алуу абдан зарыл. Мындай чакырыктарга ыкчам таасирденүү маанилүү".   ЕЭК Кеңеши, өнүккөн жана аз өнүккөн өлкөлөр тарабынан берилүүчү, "А" формасындагы келип чыгуу жөнүндө сертификаттарды колдонуу тартибин убактылуу жеңилдетүү жөнүндө чечим кабыл алды. Бул алты ай бою сертификаттардын кагаз же электрондук көчүрмөсүн колдонууга жана бажылык декларациялоодо алардын түп нускаларын көрсөтпөй коюуга мүмкүндүк берет. Андрей Слепнёвдун пикири боюнча, "кабыл алынган чара ЕАЭБдин Бирдиктүү тарифтик преференциялар тутумун колдонууну коронавирустук инфекциянын таралышына байланыштуу пайда болуп жаткан татаал жагдайга ыкчам ийкемдөөгө мүмкүндүк берет, ал эми бул экономикалык жардамга муктаж болгон өлкөлөр менен преференциалдык товар жүгүртүүнү колдошу жана мындай товарларды бажылык жол-жоболоштурууну жеңилдетиши анык". Комиссиянын Кеңешинин чечимдери коронавирустун таралышына каршы аракеттенүү, Евразия мейкиндигинде макроэкономикалык стабилдүүлүктү сактоо, санитардык-эпидемиологиялык саламаттыкты сактоо боюнча буга чейин кабыл алынган макулдашылган чаралардын комплексине жана сунуштамаларга маанилүү толуктоо болуп саналат.​