Каляндар

03.04.2020

ЕЭК Кеңеши коронавирус менен күрөшүү боюнча ыкчам чаралардын комплексин жактырды

ЕЭК Кеңешинин мүчөлөрү 3-апрелде Евразия экономикалык комиссиясынын COVID-19 коронавирустук инфекциясынын пандемиясынын өнүгүшүнүн шарттарында экономикалык стабилдүүлүктү камсыз кылууга багытталган чаралар боюнча жаңы сунуштарын колдошту. Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин тескемесинин тийиштүү долбоору жактырылды.   Аталган чаралар Евразия экономикалык бирлигинин натыйжалуу иштешин камсыз кылуу, макроэкономикалык стабилдүүлүктү сактоо, андан аркы экономикалык өсүш үчүн шарттарды түзүү үчүн Комиссия тарабынан иштелип чыккан. Алар ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөттөрүнө коронавирустун таралышын токтотуу, адамдардын саламаттыгын коргоо, бизнес үчүн кесепеттерди азайтуу, калктын жумуштуулугун сактоо, каржы тутумунун туруктуулугун камсыз кылуу боюнча чараларды иштеп чыгууда жана ишке ашырууда жардам бермекчи.   Стабилдештирүүчү мүнөздөгү ыкчам чаралардын пакетинде инфекциянын таралышынын алдын алуу жана анын кесепеттерин азайтуу боюнча санитардык-эпидемияга каршы иш-чараларды өткөрүүдө Бирликтин ыйгарым укуктуу органдарынын өз ара аракеттенүүсүн уюштуруу каралган. Биринчи кезекте керек болуучу товарларды жеткирүүлөрдү ыкчам уюштуруу үчүн, өз ара соодада критикалык мааниге ээ болгон товарларды жол-жоболоштурууда бажы жол-жоболорун жеңилдетүү аркылуу "жашыл коридорду" түзүү каралган.   Тутумдук мүнөздөгү чаралар экономиканы калыбына келтирүү жана андан аркы экономикалык өнүгүүнү камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүүгө багытталган. Аларга сооданы санариптештирүү, каржы рынокторунун жана төлөм тутумдарынын ишинин стабилдүүлүгүн камсыз кылуу, ишмердигин экономиканын эң көп зыян көргөн тармактарында алып барган ишканаларды колдоо, соода мамилелерин кеңейтүү кирет.   "COVID-19 коронавирустук инфекциясынын пандемиясынын өнүгүшүнүн шарттарында экономикалык стабилдүүлүктү камсыз кылууга багытталган, Евразия экономикалык бирлигинин алкагында кабыл алынып жаткан чаралар жөнүндө" тескемесинин долбоору Евразия өкмөттөр аралык кеңеши тарабынан ушул жылдын 10-апрелинде каралмакчы.​