Font size: A A A
Site colors: C C C
Standard web site version
Выберите язык
17.12.2019

Тигран Саркисян: "Жаш дипломаттар – ЕАЭБдин келечеги"

"Биз Евразия экономикалык бирлигинде жаш, перспективдүү евразиялык элитанын калыптанышына кызыкдарбыз. Биз сиздер өзүңүздөрдү евразиялык элита катары идентификациялап, евразиялык интеграция идеясын Евразия мейкиндигинде гана эмес, бүткүл дүйнөдө жайылтасыздар деген үмүттөбүз",– деп Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян 16-декабрда Москвада ЕЭКтин Жаштар кеңеши жана Россиянын Тышкы иштер министрлигинин Жаш дипломаттар кеңеши менен болуп өткөн жолугушууда баса белгиледи.
"Биз Евразия экономикалык бирлигинде жаш, перспективдүү евразиялык элитанын калыптанышына кызыкдарбыз. Биз сиздер өзүңүздөрдү евразиялык элита катары идентификациялап, евразиялык интеграция идеясын Евразия мейкиндигинде гана эмес, бүткүл дүйнөдө жайылтасыздар деген үмүттөбүз",– деп Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Коллегиясынын Төрагасы Тигран Саркисян 16-декабрда Москвада ЕЭКтин Жаштар кеңеши жана Россиянын Тышкы иштер министрлигинин Жаш дипломаттар кеңеши менен болуп өткөн жолугушууда баса белгиледи. ЕЭК Коллегиясынын башчысы жылдан жылга Евразия экономикалык бирлигине (ЕАЭБ) болгон кызыгуу өсүүдө деп белгиледи. Бирикме бекемделген сайын, ал таанымал болууда. ЕЭКке ЕАЭБ менен кызматташууну каалаган өлкөлөр, регионалдык бирикмелер кайрылууда. Тигран Саркисяндын айтуусу боюнча, ЕЭКтин ишинин багыттарынын дипломатия менен жалпылыгы көп. Дипломатиялык көндүмдөрдү талап кылган эки трек бар. "Биринчи трек – биз принципиалдуу түрдө жаңы негизде беш көз карандысыз өлкөнүн өз ара аракеттенүүсүн, жаңы коомдук тартипти, жаңы рыноктук мамилелерди түзүүдөбүз. Биздин Бирлик теңдик, тең өкүлчүлүк, чечимдерди консенсустук негизде кабыл алуу принциптеринде калыптанды", – деди ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн улуттук өкмөттөрүнүн алдында турган милдеттер, алардын приоритеттери ар түрдүү, анткени алардын калкынын саны, аймагы боюнча айырмачылыктар бар, социалдык-экономикалык өнүгүү деңгээли, улуттук чарбалардын түзүмү ар түрдүү. "Жана бул биз аянтчабызда күн сайын чечүүчү милдетти уникалдуу кылат – жалпы мейкиндикти түзүүдө ар түрдүү кызыкчылыктарды эске алуу. Бул жерде дипломатиялык көндүмдөр жана билимдер керек экендиги шексиз", – деп Тигран Саркисян корутундулады. Экинчи трек – ЕЭКтин Бирликтин атынан үчүнчү өлкөлөр менен соода-экономикалык мамилелерди түзүү боюнча улуттан жогорку ыйгарым укуктары бар болгон, тышкы трек. Үчүнчү өлкөлөр жана регионалдык бирикмелер менен кызматташуунун форматтары меморандумдарды, соода-экономикалык макулдашууларды, эркин соода аймактарын түзүү жөнүндө макулдашууларды түзүүнү караштырат. "Биз өз ишибизди ушул үч багыт боюнча курабыз, жана бул жерде, албетте, сиздердин катышууңуздар чоң мааниге ээ, анткени биз биздин кадрдык потенциалдын кеңейишине кызыкдарбыз. Ал эми сиздерде мунун баары реалдуу жашоодо кантип ишке ашырылышын көрүү, бизде практика өтүү мүмкүнчүлүгү пайда болот", – деп Тигран Саркисян жыйынтыктады. ЕЭК Коллегиясынын башчысы жаштарга алардын тандаган жолундагы үзүрлүү ишти каалап өттү. Жолугушууда Евразия экономикалык комиссиясынын Жаштар кеңешинин жана Россиянын Тышкы иштер министрлигинин Жаш дипломаттар кеңешинин мүчөлөрү катышышты. Иш-чаранын модератору Протокол жана уюштуруучулук камсыздоо департаментинин директору, ЕЭКтин Жаштар кеңешинин төрагасы Данияр Турусбеков болду. ЕЭК өкүлү Комиссиянын Жаштар кеңешинин ишмердиги тууралуу айтып берди. "ЕАЭБдин мааракелүү жылында биз ЕЭКтин жаштар багытын активдүү түрдө жайылттык. Бишкекте өткөрүлгөн "Евразия жумалыгы" Эл аралык көргөзмө форумунун алкагында ЕАЭБдин алгачкы Жаш лидерлер мектебин өткөрдүк, ишмердиги ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы тарабынан макулдашылган ыктыярдуу бирикмени – ЕЭКтин Жаштар кеңешин түздүк, Евразия мейкиндигиндеги жаш дипломаттар форумунун кошо уюштуруучусу болдук, Россиянын Тышкы иштер министрлигинин Жаш дипломаттар кеңеши тарабынан уюштурулган III Глобалдык жаш дипломаттар форумунда катыштык, Россиянын Тышкы иштер министрлигинин Жаш дипломаттар кеңеши менен бир катар маселелер боюнча активдүү өз ара аракеттенүүнү алып баруудабыз. Жакынкы келечекте 2020-жылга карата Иш-чаралардын планын иштеп чыкмакчыбыз", – деп билдирди Данияр Турусбеков. Россиянын Тышкы иштер министрлигинин КМШ өлкөлөрүнүн биринчи департаментинин директору Михаил Евдокимов келечек – жаштардын колунда деп белгиледи. "ЕЭКтин жана катышуучу өлкөлөрдүн жаш муундарынын катышуусу, талашып-тартышышы жана өз ара аракеттенүүсү маанилүү, анткени келечек – силерсиңер. Убакыт өтөт, жана силер өзүңөрдүн кызмат ордуңарда евразиялык интеграция боюнча маанилүү чечимдери кабыл аласыңар", – деди Михаил Евдокимов. "Бирликтин бириктирүүчү күн тартибинин алкагындагы ишке жаштар түшүнүк менен жана өз алдынча кошулуп жаткандыгы кубандырат, – деп эсептейт Михаил Евдокимов. – Биздин интеграциялык түзүмдөр үчүн силердин жаңы идеяларыңар жана демилгелериңер талап кылынышы чексиз. Бул жылы өткөрүлгөн "Евразия" Жаш дипломаттар форуму (Москва ш., 2019-ж., июнь) жана "Евразия жумалыгы" форумунун алкагындагы Жаш лидерлер мектеби (Бишкек ш., 2019-ж., сентябрь) өздөрүн оң тараптан көрсөтүштү". Анын пикири боюнча, бүгүнкү жолугушуу пикир алмашуунун, ЕАЭБдин өнүгүү потенциалын ачып көрсөтүүнүн талап кылынгандыгын жана зарылдыгын күбөлөндүрөт жана ишенимди жана өз ара түшүнүүнү жогорулатууга өбөлгө түзөт. Россиянын Тышкы иштер министрлигинин Жаш дипломаттар кеңешинин төрагасы Константин Колпаков 2020-жылда көптөгөн иш-чараларды, анын ичинде "Евразия" форумунун уландысын, 4-Глобалдык жаш дипломаттар форумун, Жеңиш Дипломатия форумун өткөрүү пландаштырылган деп билдирди. "Бул жыл Россиянын Тышкы иштер министрлигинин жана ЕЭКтин кесиптик жаштар уюмдарынын ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүдөгү алдыңкы жылдардан болду", – деди Константин Колпаков. Ошондой эле, ал Россиянын Тышкы иштер министрлигинин Жаш дипломаттар кеңешинин жана ЕЭКтин Жаштар кеңешинин ЕАЭБдин Жаш дипломаттар ассоциациясын түзүү боюнча биргелешкен демилгеси жөнүндө айтып өттү. "Бул процесстин жүрүп жаткандыгына аз эле убакыт болду. Ал улам күч алууда. Биз эки тараптуу жана көп тараптуу тректерде сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдөбүз. Атап айтканда, ноябрда Казакстандын делегациясы менен, октябрда – Кыргызстандын делегациясы менен сүйлөшүүлөр өткөрүлдү. Буга чейин "Евразия" форумунун алкагында Армениялык кесиптештерибиз менен байланыштарыбыз бар эле. Беларусь Республикасына келсек, ал жерде толук кандуу жаш дипломаттар клубу түзүлгөн, алар менен бизде жыл сайын өткөрүлүүчү эки тараптуу консультациялар тутуму жолго коюлган", , – деп билдирди Константин Колпаков. Тараптар мүчө мамлекеттердин жаш дипломаттарынын жана Комиссиянын кызматкерлеринин Бирликтин күн тартибинин маселелери боюнча кызматташтыгын өнүктүрүү максатында биргелешкен жолугушууларды үзгүлтүксүз негизде өткөрүү, ошондой эле ЕАЭБдин Жаш дипломаттар ассоциациясын түзүү мүмкүнчүлүгү маселесин иштеп чыгуу жөнүндө келишишти. Маалымат Евразия экономикалык комиссиясынын Жаштар кеңеши (ЕЭК ЖК) – ЕЭКтин кызмат адамдарынын жана кызматкерлеринин ыктыярдуу бирикмеси, ал 2019-жылда негизделген. Анын максаты – евразиялык интеграция идеясын популярдаштыруу, Бирликтин өлкөлөрүнүн мамлекеттик органдарынын жаштар бирикмелери, мүчө мамлекеттердин жана үчүнчү өлкөлөрдүн жаштар уюмдары менен өз ара аракеттенүүнү ишке ашыруу аркылуу ЕАЭБдин алкагында жаштар кызматташтыгын өнүктүрүү. Жаш дипломаттар кеңеши (ЖДК) – Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигинин коомдук жаштар уюму. Кеңеш 18 жылдан бери иштеп келет: ал 2001-жылы Россиянын Тышкы иштер министрлигинин жетекчилигинин жана активдүү жаштарынын өз ара демилгеси боюнча түзүлгөн. Кеңештин негизги милдеттери жаш кызматкерлердин кесиптик квалификациясын жогорулатуу, дипломатиялык кызматтын салттарын жана корпоративдик духту колдоо, жаш кызматкерлердин иштөөсү үчүн керектүү социалдык-жашоо шарттарын түзүүгө көмөк көрсөтүү жана жаштардын мотивациясын жогорулатуу, Министрликтин жетекчилиги менен кайтарым байланышты жолго коюу, жаштардын натыйжалуу өз алдынча өнүгүүсүн камсыз кылуу максатында чыгармачыл жана илимий потенциалды өнүктүрүү, Россиянын Тышкы иштер министрлигинин коомдук уюмдары менен кызматташуу болуп саналат.​