Жаңалықтар

03.08.2022 (Обновлено: 08.08.2022 14:17)

Армен Арутюнян Дубайдагы глобалдык форумда ЕАЭБде азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралар тууралуу айтып берди

II Вертикалдуу жер иштетүү боюнча эл аралык форумда Евразия экономикалык комиссиясынын агроөнөр жай саясаты департаментинин директору Армен Арутюнян Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттеринин азык-түлүк коопсуздугун жана туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу маселелери ЕЭКтин көңүл борборунда деп баса белгиледи. Акыркы бир нече жылдын ичинде Бирликтин бардык өлкөлөрүнүн азык-түлүк сектору динамикалуу өнүгүүнү көрсөтүүдө – 2021-жылы өзүн-өзү камсыз кылуу көрсөткүчү 93%га жетти.

"ЕЭК бир катар багыттар боюнча иш алып барууда. Атап айтканда, Бирликтин деңгээлинде азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга карата жалпы принциптер жана мамилелер бекитилген. Бул азык-түлүк рыногун стабилдештирүүнүн реалдуу механизмдерин түзүү, кепилденген өз ара жеткирүүлөрдү камсыз кылуу, ошондой эле ЕАЭБдин жалпы агрардык рыногундагы тоскоолдуктарды жана чектөөлөрдү жоюу боюнча маанилүү кадам болуп саналат", – деп билдирди ЕЭК департаментинин директору.

Вертикалдуу айыл чарбасынын жардамында туруктуу жана саламат шаар чөйрөсүн түзүү боюнча форумдун сессиясынын алкагында азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн шаардык агроөнөр жай өндүрүштөрүнүн потенциалын колдонуу жөнүндө баяндамасы менен сүйлөп жатып, Армен Арутюнян Бирликте АӨКкө ESG принциптерин киргизүү маселелери талкууланып жаткандыгы жөнүндө айтып берди.

Мындан сырткары, Бирликтин мөмө-жемиш жана жашылчалар боюнча өзүн-өзү камсыз кылуусунун төмөнкү деңгээлин эске алуу менен, Комиссия ФАО менен биргеликте Бирликтин өлкөлөрүндө мөмө-жемиш өстүрүүчүлүктү өнүктүрүү боюнча сунуштамаларды даярдап жатат.

Ошондой эле, ЕЭК айыл чарбасын материалдык-техникалык камсыздоого жана өндүрүштүк процесске актуалдуу технологиялык чечимдерди киргизүүгө көңүл бөлөт. Мисалы, так жер иштетүү технологияларын пайдаланууну демилгелөө үчүн Коллегиянын сунуштамасы кабыл алынды.

ЕЭК департаментинин директору форумдун аянтчасында бир катар жолугушууларды жана сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Атап айтканда, Spire компаниясынын президенти Упали Карунаратна менен ЕАЭБде айыл чарба боюнча илимий-технологиялык кластерди түзүү мүмкүнчүлүктөрүн, ал эми Cyber Farms компаниясынын башкы директору Грег Джагер менен – чакан жана орто айыл чарба өндүрүштөрүнүн жаңы моделдерин, агроөнөр жай комплексинде алдыңкы технологияларды киргизүүнү талкуулады.