Жаңалықтар

22.07.2021 (Обновлено: 14.10.2021 13:35)

ЕЭК жана Азык-түлүк коопсуздугу боюнча ислам уюму Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшту

Документке 22-июнда Евразия экономикалык комиссиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Артак Камалян жана Азык-түлүк коопсуздугу боюнча ислам уюмунун (АКИУ) башкы директору Ерлан Байдаулет кол коюшту.

Меморандум Комиссиянын жана ишмердиги Ислам Кызматташтык Уюмунун мамлекеттеринде айыл чарбанын өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүүгө жана азык-түлүк коопсуздугун жогорулатууга багытталган АКИУнун ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча негизги багыттарды жана иш-чараларды аныктайт. Кызматташтыктын багыттарынын арасында: айыл чарбанын туруктуу өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү, өндүрүштүн жана айыл чарба продукциясынын жана азык-түлүк рынокторунун балансталган өнүгүүсү. Өз ара аракеттенүү маалымат, тажрыйба жана билим алмашууну караштырат.

"Азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу – бул Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча улуттук программалардагы негизги маселелердин бири, андыктан интеграциялык күн тартибинде ага өзгөчө көңүл бөлүнөт, – деди Артак Камалян. – Учурда ЕАЭБ мамлекеттеринин Ислам Кызматташтык Уюмуна катышуучу өлкөлөр менен кызматташтыгы эки тараптуу форматта ишке ашырылууда. Бүгүн кол коюлган меморандум агрардык саясат маселелерин талкуулоо, тажрыйба алмашуу жана алдыңкы иш-тажрыйбалар жана технологиялар менен бөлүшүү үчүн эл аралык аянтчанын чектерин кеңейтүүгө импульс берет деп ишенем".

ЕЭК министри Комиссиянын Азык-түлүк коопсуздугу боюнча ислам уюму менен өз ара аракеттенүүсү тийиштүү маалыматтык базаны жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жана ислам дүйнөсүнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, тараптардын топтогон тажрыйбасын азык-түлүк коопсуздугун бир кыйла натыйжалуураак камсыз кылуу үчүн колдонууга мүмкүндүк берет деп баса белгиледи. Коронавирустук инфекция пандемиясынын шарттарында өз ара аракеттенүүнү тереңдетүү өзгөчө мааниге ээ болууда. Артак Камаляндын айтуусу боюнча, дал азыр азык-түлүк менен камсыз кылуу, айыл чарба продукциясын жана тамак-аш продукциясын үзгүлтүксүз жеткирүү маселелери пайда болуп жаткан көйгөйлөрдү жоюу үчүн ыкчам чечимдерди жана биргелешкен иш-аракеттерди кабыл алуу зарылчылыгын көрсөттү.

"Бул меморандум үзүрлүү жана узак мөөнөттүү кызматташтык үчүн пайдубалды түзөт. Биздин биргелешкен иштин негизги багыттарынын бири айыл чарбанын туруктуу өнүгүүсүнө жана өндүрүштүн жана айыл чарба продукциясынын жана азык-түлүк рынокторунун балансталган өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү болуп калмакчы. Биз үчүн бул абдан маанилүү. Ошондой эле, биз ЕАЭБде сезимтал деп аталган товарлар (АКИУнун аныктамасы боюнча – стратегиялык товарлар) жаатында кызматташтыкты пландаштыруудабыз. Бул чоң жакшы натыйжага алып келет, анын ичинде азык-түлүк рынокторундагы бааларды стабилдештирүүгө, агро- жана биотехнологияларды өз ара алмашууну кеңейтүүгө мүмкүндүк берет деп ойлойм", – деп Азык-түлүк коопсуздугу боюнча ислам уюмунун башкы директору Ерлан Байдаулет баса белгиледи.

Комиссия Бирликтин өлкөлөрүнүн эксперттери менен биргеликте БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) методологиясын эске алуу менен, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга карата жалпы принциптерди жана мамилелерди түздү. Алар ЕАЭБ өлкөлөрүн жеке өндүрүлгөн айыл чарба продукциясы жана азык-түлүк менен камсыз кылуу деңгээлин жогорулатууга, форс-мажор жагдайларда азык-түлүк товарларынын тартыштыгынын пайда болуу тобокелдиктерин минималдаштырууга, ошондой эле АӨКтө колдонулган ресурстардын импортун алмаштырууга багытталган.