Жаңалықтар

30.05.2023

ЕЭК Сауд Арабиясында MADE IN RUSSIA + INNOPROM көп салалы іскерлік миссиясына қатысты

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 30-майдагы отурумунда транзиттик декларациянын жаңы формасы жана аны электрондук документ жана кагаз түрүндөгү документ түрүндө толтуруу тартиби бекитилди.

ЕЭКтин бажы кызматташтыгы боюнча министри Эльдар Алишеров: "Транзиттик декларацияны толтуруунун жаңы тартиби өзүнө бир катар жөнөкөйлөтүүлөрдү камтыйт, мисалы биринчиси — транзиттик декларацияны электрондук документ түрүндө да, кагаз жүзүндөгү документ түрүндө да толтуруу мүмкүнчүлүгү; экинчиси — товарларды транспорттун эки же андан көп түрү менен ташууда бир транзиттик декларацияны толтуруу мүмкүнчүлүгү; үчүнчүсү — транзиттик декларацияны эл аралык почта жөнөтмөлөрүн ташууда пайдалануу".


ЕЭК министринин сөзү боюнча, бул чечимди кабыл алуу тиешелүү жалпы процесстин алкагында Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттеринин бажы органдарынын ортосунда электрондук маалымат алмашууну толук кандуу ишке ашырууга мүмкүндүк берет.

Чечимдин долбоорун Комиссия ЕАЭБ өлкөлөрү менен биргеликте иштеп чыкты. Жөнгө салуучу таасирди баалоону жүргүзүү боюнча жумушчу топ чечим ишкердик ишмердикти жүргүзүү шарттарына оң таасирин тийгизет деген корутундуга келген.

Транзиттик декларацияны толтуруунун жаңы формасы жана тартиби 2023-жылдын 1-октябрында күчүнө кирет.

Ошону менен катар Коллегия транзиттик декларациянын жаңы түзүмдөрүн жана форматын бекитти.

Маалымат

Транзиттик декларацияны толтуруунун формасы жана тартиби Бажы бирлигинин Комиссиясынын 2010-жылдын 18-июнундагы № 289 чечими менен бекитилген. Эл аралык почта жөнөтүүлөрүн ташууда транзиттик декларацияны толтуруунун өзгөчөлүктөрү Бажы бирлигинин Комиссиясынын 2010-жылдын 20-сентябрындагы № 377 чечими менен бекитилген.

Транзиттик декларацияны толтуруунун жаңы формаларын жана эрежелерин иштеп чыгуу Бирликтин укугун өркүндөтүү жана ЕАЭБ Бажы кодексинин 105 жана 142-беренелерин ишке ашыруу максатында жүзөгө ашырылган.