Алексей Оверчук

Алексей Оверчук

1964-жылы 9-декабрда Украинанын Житомир облусунун Коростышев шаарында туулган.

1986-жылы К.А. Тимирязев атындагы Москва айыл чарба академиясында «Экономикалык кибергентика» адистигин аяктаган. Экономика илимдеринин кандидаты.

1986–1993-жылдары – К.А. Тимирязев атындагы академиянын чарбачылык механизмин өркүндөтүү лабораториясынын экономикалык кибернетика кафедрасында улук лаборант, кенже илимий кызматкер, илимий кызматкер, улуу илимий кызматкер.

1993–1998-жылдары – Россия Федерациясынын жер ресурстары жана жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик комитетинин эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башкы адиси, башчысынын орун басары.

1998-жылдын апрель айынан июль айына чейин – Россия Федерациясынын мамлекеттик жер комитетинин кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоо бөлүмүнүн башчысы, 1998-жылдын июль айынан декабрь айына чейин – Россия Федерациясынын Жер саясаты, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин маалымат-аналитикалык бөлүмүнүн башчысы.

1998-1999-жылдары - Россия Федерациясынын Мамлекеттик жер комитетинин маалыматтык-аналитикалык бөлүмүнүн башчысы, 1999-2000-жылдары - Россия Федерациясынын Жер саясаты боюнча мамлекеттик комитетинин маалыматтык-аналитикалык бөлүмүнүн башчысы.

2000-жылдын августунда Россиянын Федералдык жер кадастры кызматынын жетекчисинин орун басары болуп дайындалган.

2004-жылдын апрелинен баштап - жетекчинин орун басарынын милдетин аткаруучу, 2004-жылдын июлунан - Федералдык кыймылсыз мүлк кадастры агенттигинин жетекчисинин орун басары.

2007-2008-жылдары Өзгөчө экономикалык аймактарды башкаруу боюнча федералдык агенттиктин жетекчисинин орун басары.

2008-2010-жылдары «Ю-Эф-Джи Эссет Менеджмент» деп аталган инвестициялык компаниялардын тобунда жетекчи кызматтарда иштеген.

2010-жылы – Федералдык салык кызматынын жетекчисинин кеңешчиси.

2011-жылдан бери - Федералдык салык кызматынын жетекчисинин орун басары.

2020-жылдын 21-январында Президенттин жарлыгы менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасынын орун басары болуп дайындалган.