Евразия экономикалык комиссиясынын  агроөнөр жай боюнча саясатынын департаментинин өкүлдөрү “Россиянын азык-түлүк коопсуздугу: агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүдөгү  жаңы мамилелер” тегерек столуна катышышты. 

Евразия экономикалык комиссиясынын  агроөнөр жай боюнча саясатынын департаментинин өкүлдөрү “Россиянын азык-түлүк коопсуздугу: агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүдөгү  жаңы мамилелер” тегерек столуна катышышты. 

Евразия экономикалык комиссиясынын  агроөнөр жай боюнча саясатынын департаментинин кызматкерлери 24-мартта агроөнөр жай комплекси боюнча Россия өнөр жайчылар жана ишкерлер союзунун комиссиясы тарабынан Москвада уюштурулган “Россиянын азык-түлүк коопсуздугу: агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүдөгү  жаңы мамилелер” тегерек столуна катышышты 

Тегерек столду уюштурууга Россия Федерациясынын аткаруу бийлик органдарынын, тармактык союздарынын жана  ассоциацияларынын, илимий уюмдарынын өкүлдөрү жана айыл чарба ишканаларынын жетекчилери катышышты.  

Эксперттер азык-түлүк рыногунун учурдагы абалын талкуулашты жана Россия Федерациясынын азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга жана тышкы экономикалык коркунучтардын терс таасирин төмөндөтүүгө багытталган бир катар чараларды иштеп чыгышты. 


Евразия экономикалык комиссиясынын  агроөнөр жай саясатынын департаментинин өкүлдөрү агрардык саясат маселелери боюнча Польшада болуп өткөн семинарга катышышты. 

2-3 июнда Варшавада (Польша) Евразия экономикалык комиссиясынын  катышуусунда Польшанын айыл чарба жана элетти өнүктүрүү министрлиги, Айыл чарба рыногунун агенттиги тарабынан уюштурулган “Евросоюздун Бирдиктүү айыл чарба саясатынын алкагында Польшанын айыл чарбасын жана тамак-ашөнөр жайын өнүктүрүү тажрыйбасы жана  Бажы союзуна жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке мүчө мамлекеттердин макулдашылган агроөнөр жай саясатынын чөйрөсүндө өз ара иштешүү перспективалары” деп аталган семинар болуп өттү. 

Андан ары окуу


ЕЭКтин делегациясы ТЕХАГРО – 2014 Эл аралык көргөзмөнүн иш-чараларына катышты. 

30-31 мартта в Брнодо (Чехия Республикасы) Агроөнөр жай саясатынын департаментинин директору Василий Казакевич башында турган Евразия экономикалык комиссиясынын  делегациясы  ТЕХАГРО – 2014 Эл аралык көргөзмөнүн расмий иш-чараларына катышты. 

Андан ары окуу​


Беларуссиянын  Москвадагы Элчилигинде Бажы союзундагы балдар тамагын өндүрүүчүлөрдүн илимий жана өндүрүштүк дараметин өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. 

6-февралда Москвада Евразия экономикалык комиссиясынын  Агроөнөр жай саясатынын департаментинин директору Василий Казакевич  Бажы союзунда социалдык программаларды ишке ашырууда балдар тамагын өндүрүүчүлөрдүн илимий жана өндүрүштүк дарамети маселелери боюнча сөз сүйлөдү. Бул иш-чара Россия Федерациясындагы Беларусь Республикасынын Элчилиги тарабынан уюштурулган.  

Андан ары окуу


Бажы союзуна жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке мүчө мамлекеттердин  эксперттеринин БУУнун ФАО менен өз ара иштешүү боюнча консультативдик кеңешмеси 

2014-жылдын 5-февралында Москва шаарында Бажы союзуна жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке мүчө мамлекеттердин  эксперттеринин Бириккен улуттардын Азык-түлүк жана айыл чарба уюму  (ФАО) менен өз ара иштешүү боюнча консультативдик кеңешмеси болуп өттү. Кеңешме  Евразия экономикалык комиссиясынын  Агроөнөр жай саясатынын департаментинин директору Василий Казакевичтин жетекчилиги астында өттү.   

Андан ары окуу


Бажы союзуна жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке мүчө мамлекеттердин  аймагындагы айыл чарба жандыктарын жана алардан алынуучу продукцияны идентификациялоо, каттоо жана көзөмөлдөөнүн бирдиктүү системасы боюнча семинар.

30-31- январда республикалык “Белоруссия мамлекеттик айыл чарба академиясынын окуу чарбасы” унитардык ишканасынын жана “Мал чарбасындагы маалымат системаларынын борбору” Мамлекеттик мекемесинин,  Беларусь Республикасынын айыл чарба жана азык-түлүк министрлигинин базасында  Бажы союзуна жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке мүчө мамлекеттердин  аймагындагы айыл чарба жандыктарын жана алардан алынуучу продукцияны идентификациялоо, каттоо жана көзөмөлдөөнүн бирдиктүү системасы боюнча семинар болуп өттү. 

Андан ары окуу

Айыл чарба жаныбарларын идентификациялоо, каттоо, көзөмөлдөө, жаныбарлардан жасалган өнүмдөрдү идентификациялоо жана көзөмөлдөө жөнүндө ЗРБ долбоору

Жаныбарларды жана жаныбарлардан жасалган өнүмдөрдү индентификациялоонун, каттоонун, көзөмөлдөөнүн автоматташтырылган маалыматтык системасы 

Эстония Республикасынын мисалында жаныбарлардын учетун жүргүзүүнүн тажрыйбасы​


“Европа союзунун бирдиктүү айыл чарба рыногун түзүүдөгү тажрыйбасы” темасындагы Эл аралык семинар  

2013-жылдын 23-январында Москва шаарында Евразия экономикалык комиссиясынын  аянчасында  “Европа союзунун бирдиктүү айыл чарба рыногун түзүүдөгү тажрыйбасы” темасындагы Эл аралык семинар  болуп өттү. Аны Агроөнөр жай саясатынын департаменти менен Европа жана Борбордук Азия боюнча ФАОнун аймактык бюросу биргеликте уюштурган.  

Андан ары окуу


Материалдар

2013-жыл үчүн архив.​