Бажы кызматташтыгы

Бажы кызматташтыгы боюнча Коллегия мүчөсү (Министр) Алишеров Эльдар Туралиевич

темасындагы жаңылыктар «Бажы кызматташтыгы»

21 Nov 2023 Кыргыз Республикасынын чек арасындагы өткөрүү пункттарынын бажы инфраструктурасын комплекстүү модернизациялоо аяктоодо Евразия экономикалык комиссиясынын эксперттери жана Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын өкүлдөрүнүн катышуусунда 13-ноябрдан 17-ноябрга чейин Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында жайгашкан "Кайрагач", "Карамык" жана "Бор-Дөбө" автомобилдик өткөрүү пункттарынын бажы инфраструктурасынын элементтеринин жабдылышына жана материалдык-техникалык жабдылышына мониторинг жүргүзүштү. Мониторингдин жыйынтыгы боюнча Комиссиянын Бажы инфраструктурасы департаментинин директору Данияр Иманалиев жана Кыргыз Республикасынын бажы кызматынын жетекчисинин орун басары Алмаз Салиев отчетко кол коюшту, анда бул өткөрүү пункттарынын бажы инфраструктурасынын элементтерин жайгаштыруу жана материалдык-техникалык жабдуу боюнча иш-чаралар толук көлөмдө аткарылгандыгы белгиленген. "Кыргызстан Бирликке кошулуунун алкагында кабыл алынган өткөрүү пункттарын модернизациялоо боюнча бардык милдеттенмелерди толук аткарууга жакындап калды", – деп белгиледи Данияр Иманалиев. – Модернизациялоонун алкагында бир катар бажы инфраструктурасынын объекттери курулганына, өткөрүү пункттары эң заманбап техникалык каражаттар менен жабдылганына, бажы кызматынын кызматкерлери керектүү билимдерге жана көндүмдөргө ээ жана өз милдеттерин аткарууга даяр экендигине ынандык. Жүргүзүлгөн модернизациялоо сооданы жана транзиттик потенциалды өнүктүрүүгө, тышкы экономикалык иштин катышуучуларына товарларды чек арадан өткөрүү үчүн максималдуу жагымдуу шарттарды түзүүгө өбөлгө түзөт жана ошол эле учурда бажы контролунун тиешелүү деңгээлин камсыз кылат". Данияр Иманалиев ошондой эле Кыргызстандын бажы кызматынын жетекчилиги менен бир катар жумушчу жолугушууларды өткөрүп, анын жүрүшүндө модернизациялоону аяктоо, күнүмдүк иштөөнү андан ары камсыз кылуу маселелери жана өткөрүү пункттарынын бажы инфраструктурасын андан ары жакшыртуу пландары каралды. Кыргыз Республикасынын бажы кызматынын жаңы инфраструктураны натыйжалуу пайдалануу, анын ичинде бир катар келечектүү милдеттерди жүзөгө ашыруунун алкагында көрүлүп жаткан иш-аракеттери белгиленди. Алардын катарында чек арадагы бардык контролдоочу органдардын байланыштын корголгон каналдары боюнча автоматташтырылган маалыматтык өз ара аракеттенүүсүн киргизүү; товарды коштоочу документтерди электрондук түрдө пайдаланууга өтүү; бажы контролунун техникалык каражаттарын Кыргыз Республикасынын бажы кызматынын бирдиктүү автоматташтырылган тутумуна кошуу сыяктуу иш-аракеттер бар.
20 Nov 2023 ЕЭК ЕАЭБ менен КЭРдин ортосунда бажы кызматташтыгы жана соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча комитетченин отурумун өткөрдү Бажы кызматташтыгы жана соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча комитетченин отурумунда бир тарабынан Евразия экономикалык комиссиясы жана Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрү, экинчи тарабынан - Кытай Эл Республикасынын Башкы бажы башкармалыгы өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелерин карашты. Кеп санариптик (интеллектуалдык) бажыны өнүктүрүү жана келечектүү бажы технологияларын, "бирдиктүү терезе" механизмин киргизүү, "ыйгарым укуктуу экономикалык оператор" институтун, электрондук бажы транзитин өркүндөтүү, ошондой эле "Евразиялык агроэкспресс" долбоорун ишке ашыруу жөнүндө болду. Отурумда Бирлик жана анын мүчө мамлекеттери тарабынан ЕЭКтин Бажы мыйзамдары жана укук колдонуу практикасы департаментинин директору Сергей Владимиров төрагалык кылды. "Кытайлык өнөктөштөр менен диалогду өнүктүрүү Бирликтин эл аралык ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарын ишке ашыруунун алкагындагы иштин актуалдуу багыты болуп саналат", – деп белгиледи Сергей Владимиров. Анын пикири боюнча, КЭР менен бажылык башкаруунун ар кандай маселелери, анын ичинде келечектүү бажылык технологияларды колдонуу боюнча тажрыйба алмашуу ийгиликтүү бажы кызматташтыгынын маанилүү аспектиси болуп саналат. Бирлик менен КЭР бажы кызматынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү уюштуруу үчүн укуктук негиз болуп 2018-жылдын 17-майындагы соода-экономикалык кызматташтык жөнүндө макулдашуу саналат, анын 6-главасы бажы наркы, товарларды классификациялоо, тобокелдиктерди башкаруу, товарларды убактылуу ташып келүү жана бажы аймагында кайра иштетүү, товарларды чыгаруу, "бирдиктүү терезе", чек араны координацияланган башкаруу, ыйгарым укуктуу экономикалык оператор сыяктуу бажылык жөнгө салуунун укуктук институттарын, ошондой эле бажы кызматташтыгы, маалыматтык технологияларды колдонуу, бажы инфраструктурасы, алдын ала чечимдер, маалымат алмашуу ж. б. маселелерди камтыйт. Отурумдун жүрүшүндө тараптар комитетче ЕАЭБ менен КЭРдин ортосундагы бажы кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин андан ары талкуулоо үчүн аянтча болооруна ишенимин билдиришти. Маалымат Бажы кызматташтыгы жана соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча комитетче 2018-жылдын 17-майындагы бир тарабынан Евразия экономикалык бирлиги менен анын мүчө мамлекеттеринин, экинчи жагынан Кытай Эл Республикасынын ортосундагы Соода-экономикалык кызматташтык жөнүндө макулдашуунун 6.24-беренесине ылайык бекитилген. Комитетчеге төмөнкү функциялар жүктөлгөн: Макулдашуунун 6-главасын талаптагыдай ишке ашырууну камсыз кылуу жана аны колдонууга байланыштуу келип чыккан бардык маселелерди чечүү; тараптардын ортосундагы сооданы жөнөкөйлөтүү максатында өркүндөтүлүшү мүмкүн болгон ушул главага тиешелүү чөйрөлөрдү аныктоо максатында Макулдашуунун 6-главасын ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү; ар бир тараптын бажылык жөнгө салууну стратегиялык өнүктүрүү маселелери боюнча тараптардын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө максатында маалымат алмашууну ишке ашыруу; ошондой эле сунуштарды даярдоо жана биргелешкен комиссиянын алдында отчет берүү.
15 Nov 2023 ЕЭКте декларацияларды каттоо тартиби боюнча бизнестин сунуштары талкууланды Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн эксперттери Евразия экономикалык комиссиясынын Бажы мыйзамдары жана укук колдонуу практикасы департаментинин директорунун орун басары Григор Оганяндын төрагалыгы алдында тармактык жумушчу топтун 14-ноябрдагы кезектеги жыйынында бажы декларациясынын үч түрүн: товарларга декларацияны, транзиттик декларацияны жана транспорт каражаттарына декларацияны каттоонун жаңы комплекстүү тартибин талкуулашты. Жаңы тартип электрондук декларациялоонун артыкчылыгын жана автоматтык түрдө каттоо мүмкүнчүлүктөрүн эске алат. Бул документти кошумча талкуулоо бизнестен кошумча келип түшкөн сунуштарды кароо зарылчылыгынан улам келип чыкты. "Биз бул жаңы жана заманбап реалдуулукту чагылдырган тартип боюнча, эң оболу автокаттоо маселесин тийиштүү укуктук жөнгө салууну камсыздоо жагында иштин логикалык жыйынтыкталышына келүүнү каалайбыз", – деп белгиледи Григор Оганян. Маалымат Бажылык декларациялоо боюнча жумушчу топ ЕЭКтин бажылык жөнгө салуу боюнча Консультативдик комитетинин чечимине ылайык 2021-жылдын 10-ноябрында түзүлгөн.
10 Nov 2023 Комиссияда электрондук соода товарларына жаңы декларацияга карата мамилелер талкууланды 9-ноябрда Евразия экономикалык комиссиясынын Бажы мыйзамдары жана укук колдонулуучу иш-тажрыйба департаментинин директору Сергей Владимировдун төрагалыгы астында экспресс-жүктөргө жана эл аралык почта жөнөтүүлөрүнө карата бажылык операцияларды аткаруу тартибин өркүндөтүү боюнча жумушчу топтун отуруму болуп өттү. Иш-чарага мамлекеттик органдардын жана бизнестин өкүлдөрү, анын ичинде почта операторлору жана экспресс-ташуучулар катышты. Отурумда товарды алуучу, жөнөтүүчү, электрондук соода оператору ж.б. тууралуу жалпы маалыматтарга, товарлар жөнүндө айрым маалыматтарды, анын ичинде бажы наркы жана ТЭИ ТН боюнча товардын коду айрым маалыматтарды аныктоого тиешелүү маселелер талкууланды. "Электрондук соода товарларына декларация Бирликтин Бажы кодексине тышкы электрондук сооданы жөнгө салуу бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протокол күчүнө кирген учурдан тартып колдонула баштайт, ал азыр ага кол коюу үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболордон өтүүдө", - деп белгиледи Сергей Владимиров.   Маалымат Комиссиянын Кеңешинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 20 тескемеси менен 2017-жылдын 11-апрелиндеги ЕАЭБ Бажы Кодекси жөнүндө Келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү протоколунун долбоору жактырылган (тышкы сооданы жөнгө салуу жагында) жана ага кол коюу үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду жүргүзүү үчүн мүчө мамлекеттерге жөнөтүлгөн. Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин 2021-жылдын 19-ноябрындагы № 10 чечими менен Евразия экономикалык бирлигинин алкагында электрондук сооданы өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча иш-чаралар планы (жол картасы) бекитилген. Евразия экономикалык комиссиясынын жол картасынын 2-пунктуна ылайык, ЕАЭБ мамлекеттери менен биргеликте ЕЭКтин электрондук соода товарларына декларациянын формасын жана аны толтуруу тартибин аныктаган актысын даярдоо зарыл.
Дагы көрсөтүү

Темасындагы чечимдер «Бажы кызматташтыгы»

124
20.10.2023 Решение Совета ЕЭК № 124 О проекте решения Высшего Евразийского экономического совета «О вопросах подписания Соглашения о свободной торговле между Евразийским экономическим союзом и его государствами-членами, с одной стороны, и Исламской Республикой Иран, с другой стороны»
37
20.10.2023 Распоряжение Совета ЕЭК № 37 Об утверждении перечня вопросов для заочного голосования Высшего Евразийского экономического совета
162
21.11.2023 Решение Коллегии ЕЭК № 162 О технологических документах, регламентирующих информационное взаимодействие при реализации средствами интегрированной информационной системы Евразийского экономического союза общего процесса «Обеспечение обмена электронными документами и (или) сведениями между таможенными органами государств – членов Евразийского экономического союза в процессе контроля перевозок товаров в соответствии с таможенной процедурой таможенного транзита»
123
24.11.2023 Решение Совета ЕЭК № 123 О внесении изменений в некоторые решения Комиссии Таможенного союза в отношении отдельных видов мяса крупного рогатого скота
174
14.11.2023 Распоряжение Коллегии ЕЭК № 174 О проекте решения Совета Евразийской экономической комиссии «О проекте решения Высшего Евразийского экономического совета «Об основных ориентирах макроэкономической политики государств – членов Евразийского экономического союза на 2024 – 2025 годы»
ЕЭКтин Ишкердик ишмердүүлүк департаментинин директорунун орун басары Самат Алиевдин 23 2015 ЕЭКтин Ишкердик ишмердүүлүк департаментинин директорунун орун басары Самат Алиевдин "Интеграциянын тажрыйбасы. ЕЭИ" журналындагы "Евразия экономикалык биримдигинин алкагындагы эмгек миграциясы" автордук макаласы ​Самат Бикитаевич Алиев — д. т.н., профессор, академик Российской академии есте- ственных наук, заместитель директора Департамента развития предпринимательской деятельности Евразийской экономической комиссии. При участии С.Б. Алиева и под его непосредственным руководством разрабатываются проекты нормативно-право- вых актов Евразийской экономической комиссии и международные законопроекты в сфере интеллектуальной собственности по вопросам товарных знаков, коллектив- ного управления авторскими и смежными правами, единого таможенного реестра объектов интеллектуальной собственности, координации деятельности уполномо- ченных органов. Автор более 110 научных трудов, в том числе 20 монографий. Сфе- ра научной деятельности — реструктуризация угольной промышленности, развитие высшего образования, управление транснациональными корпорациями, стратегия развития интеллектуальной собственности, миграционные процессы.
0/0