Жукова Наталья Павловна​

Биография

Наталья Павловна Жукова 1960-жылы төрөлгөн.

1984-жылы Минск мамлекеттик медициналык институтун бүтүргөн. Беларустун органдарында ар түрдүү кызматтарда санитардык, фитосанитардык, ветеринардык чаралар жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндө 30 жыл эмгектенген.

2013-2016-жылдарда Минск шаарынын башкы мамлекеттик санитардык дарыгери болгон.

2016-жылдан тарта Беларусь Республикасынын саламаттыкты сактоо министринин орун басары – башкы мамлекеттик санитардык дарыгер кызматын ээлеп келген. Беларуста жаңы типтеги коронавирустун таралышынын алдын алууга багытталган санитардык-эпидемиологиялык иш-чаралардын бүткүл комплексин жетектеген.

Ушул жылдын 2021-жылдын 1-октябрынан тарта ЕЭКтин Санитардык, фитосанитардык жана ветеринардык чаралар департаментинин директору болуп дайындалды.