Симонян Варос Арутюнович

Биография

1981-жылы 5-мартта Ереванда (Армения Республикасы) төрөлгөн.

Варос Симонян Армениянын Мамлекеттик инженердик университетин "экономика жана башкаруу" адистиги боюнча жана Брэдфорд университетин (Улуу Британия) аяктаган.

Эмгек жолун 1998-жылы ар кандай кызмат орундарын ээлөө менен коммерциялык чөйрөдө баштаган.

2002-жылдан 2008-жылга чейин Армениянын мамлекеттик инженердик университетинде сабак берген.

2002-жылдан 2005-жылга чейин – Армения Республикасынын Соода жана экономикалык өнүгүү министрлигинин Тоо-кен өнөр жай башкармалыгынын жаратылыш ресурстарын пайдалануунун экономикасы бөлүмүнүн жетектөөчү адиси.

2005-жылдан 2007-жылга чейин Армения Республикасынын Экономика министрлигинин Европа бирлиги жана Бүткүл дүйнөлүк соода уюму менен кызматташуу башкармалыгынын Европа бирлиги менен кызматташуу бөлүмүнүн башчысы кызматын аркалаган.

2007-жылдан 2008-жылга чейин – Армения Республикасынын Экономика министрлигинин Европа бирлиги жана Дүйнөлүк соода уюму менен кызматташуу башкармалыгынын башчысы.

2008-жылдан 2011-жылга чейин – Армения Республикасынын Экономика министрлигинин Европа бирлиги менен кызматташуу жана эл аралык экономикалык кызматташтык башкармалыгынын башчысы.

2011-2015-жылдары Армения Республикасынын Европа бирлигиндеги соода өкүлү болуп дайындалган.

2015-2019-жылдары – Армения Республикасынын Европа бирлигиндеги соода атташеси.

2019-жылдын августунан 2021-жылдын ноябрына чейин Армения Республикасынын экономика министринин орун басары кызматын ээлеген, бир катар өкмөттөр аралык комиссиялардын теңтөрагасы болгон.

2021-жылдын 23-ноябрынан тартып Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин чечими менен Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык жана коммуникация технологиялары боюнча мүчөсү (министр) болуп дайындалды.

Үйлөнгөн, кызы бар.

18 2016 ЕЭКтин ички рыноктор, маалыматташтыруу жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча Министри Карине Минасянды Тасс МА берген интервьюсу: “ЕАЭБде инновациялардын тобокелдиги сыйланып турушу керек” 2015-жылы Евразия экономикалык биримдиги иштеп баштады, ага бүгүнкү күнү беш мамлекет кирет: Армения, Белоруссия, Казакстан, Кыргызстан жана Россия. Эгер 20 жыл мурдагы евразия интеграциясынын кайра жандануу этабында биринчи кезекте кеп соода кызматташуусу туурасында жүрсө, барган сайын күн тартиби кеңейе берген. Биримдиктин алдындагы жаңы чакырыктар оргуган маалыматтык-технологиялык өнүгүүнү жаратты. Онлайн-сооданы ирээтке келтирүү, интернет тармагындагы мыйзамдардын үстүнөн биргелешип иштөө, электрондук өкмөттөрдүн өз ара аракет тутумдарын иштеп чыгуу, тобокелдик каржылоо базарын түзүү жана жалпы эле биргелешип инновацияны өнүктүрүү зарылдыгы пайда болду. Ошондуктан, ушул жылы ЕАЭБ тескөөчү органы Евразия экономикалык комиссиясында жаңы ишмердүүлүк багыты пайда болду. Анын негизги милдеттеринин бири - бирдиктүү санарип мейкиндигин куруу, сандык технологияларды өнүктүрүү. Бул тармакта жасалып жаткан иштер туурасында, ”Евразия жумалыгы” форумунун жыйынтыгы боюнча, жана интеграциялык кызматташуунун жаңы багытын түзүүнүн биринчи жылдыгынын босогосунда ТАССка берген интервьюсунда ЕЭКтин ички рыноктор, маалыматташтыруу жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча Коллегия мүчөсү Карине Минасян төмөнкүлөрдү айтып берди.​
0/0