Евразия транспорттук коридорлорун түзүү жана аларды өнүктүрүүнүн жаңы перспективалары жөнүндө Евразия экономикалык комиссиясынын транспорт жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев Дубайда (БАЭ) 29-30-апрелде өткөн 10-Глобалдык логистикалык конференцияда айтып берди.
ЕЭК министри Комиссиянын транспорт жана инфраструктура чөйрөсүндөгү иши жөнүндө, ошондой эле транспорттук-логистикалык кызмат көрсөтүүлөрдүн жалпы рыногун түзүү, бирдиктүү транспорт мейкиндигин түзүү боюнча, анын ичинде жаңы сатуу рынокторун жана логистикалык тизмектерди түзүүнү эске алуу менен негизги демилгелер жөнүндө айтып берди.
"Геосаясий окуялардын фонунда логистикалык тизмектердин глобалдык өзгөрүшү Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрү катышуучу болуп саналган салттуу эл аралык транспорттук коридорлордун көрүнүшүн өзгөрттү жана жаңы транспорттук жолдорду түзүүнүн жана өнүктүрүүнүн катализатору болуп калды", – деп баса белгиледи Арзыбек Кожошев.
Министр өз баяндамасында катышуучуларды Бирликтин транспорт тармагынын ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары жана ЕАЭБ аймагы боюнча ташууларды өнүктүрүүгө өбөлгө түзүүчү негизги долбоорлор менен тааныштырды.
Конференциянын талааларында ЕЭК министри Global Logistics Alliance GLA (Глобалдык логистикалык альянс) президенти Грейс Сун менен жолугушуу өткөрдү.
"Иш-чара транспорт жана логистиканын маанилүү маселелерин талкуулоо үчүн жакшы эл аралык аянтча болуп саналат, өзгөчө жаңы каттамдарды издөө иш жүзүндө дүйнөлүк трендге жана бул тармактагы эң актуалдуу күн тартибине айланып бара жаткан азыркы шарттарда", – деп белгиледи министр жана конференцияны уюштуруунун жогорку деңгээли үчүн ыраазычылык билдирди.
Грейс Сун тарабынан глобалдык логистикалык альянстын евразия мейкиндигиндеги транспорт тармагынын негизги оюнчулары катары - ЕЭК жана ЕАЭБ мүчө мамлекеттери менен кызматташуусуна кызыкдарлыгы билдирилди.
Транспорттук-логистикалык кызмат көрсөтүүлөр рыногунун катышуучуларынын ортосунда коммуникацияларды жөнгө салуу максатында эки тараптуу жолугушууларды өткөрүү үчүн аянтча уюштурулган. Иш-чаранын алкагында ЕЭКтин Транспорт жана инфраструктура департаментинин директорунун орун басары Айк Тутунджян Абу-Дабинин Экономикалык өнүктүрүү департаментинин логистиканы өнүктүрүү багытынын жетекчиси Джон-Пол Симпсон менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча "Түндүк-Түштүк" эл аралык транспорттук коридорун өнүктүрүү, деңиз портторун санариптештирүү жана Абу-Даби портторун көздөй жана кайра артка ташуу маселелеринде диалогду түзүү жана өз ара аракеттенүүнү жөнгө салуу жөнүндө макулдашылды.
Глобалдык логистикалык конференция – бул транспорттук-логистикалык кызмат көрсөтүүлөр рыногунун катышуучулары үчүн кызматташтыкты жөнгө салууга жана тармактын актуалдуу маселелерин талкуулоого көмөктөшүүчү эл аралык аянтча.
Уюштуруучу: Глобалдык логистикалык альянс (Global Logistics Alliance GLA) – 7000ден ашуун өлкөнүн 170тен ашуун логистикалык компанияларын бириктирген тармак. Штаб-квартирасы КЭРде Шэньчжэнь шаарында жайгашкан.