Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттеринин алдында энергетика чөйрөсүндө турган чакырыктарды жана аларды жалпы күч аракеттер менен жеңүүгө даярдыкты Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев 16-17-мартта Бишкекте өткөн "Энергиянын кайра жаралуучу булактары, инновациялык иштеп чыгуулар жана өзгөчө экономикалык шарттарда санариптик трансформация" Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн Эл аралык энергетикалык форумунда белгилеп өттү.
Форум ЕЭК менен биргеликте Кыргызстандын энергетикасындагы аялдар ассоциациясы тарабынан уюштурулган жана ЕАЭБ мамлекеттеринин энергобаланстарында энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдаланууну кеңейтүүгө, энергетиканы санариптик трансформациялоого жана кадрдык дараметти өнүктүрүүгө арналган.
ЕЭК министри энергиянын кайра жаралуучу булактарын жигердүү пайдаланууга жана буга байланыштуу декарбонизация процессине, төмөн көмүртектүү өнүгүүгө өтүүгө өзгөчө көңүл бурду. "Төмөн көмүртектүү өнүгүүгө өтүүнүн натыйжаларынын бири - казып алынуучу органикалык отунга сурамдын азайышы жана энергиянын кайра жаралуучу жана башка жашыл булактарынын ролун жогорулатуу болот", - деп эсептейт Арзыбек Кожошев.
Форумга ЕЭКтин Энергетика департаментинин директору Вадим Закревский катышып, ал энергиянын кайра жаралуучу булактары менен катар өнүгүүнүн келечектүү багыттарынын тизмегине суутек жана атом энергетикасы кирерин баса белгиледи.
Евразиялык "бешилтиктин" өлкөлөрүндө бүгүнкү күндө ЭКБнын бардык түрлөрү жигердүү өнүгүүдө, алар салыштырмалуу жаңы – күндүн, шамалдын, деңиз суусунун көтөрүлүшү, геотермалдык булактардын, толкундардын энергиясы жана башкалар, ошондой эле салттуу – гидроэнергетика жана биомассаны пайдалануу менен байланыштуу .
Форумдун талааларында баяндамалары менен КМШнын Электрэнергетикалык кеңешинин аткаруу комитетинин, Евразия өнүктүрүү банкынын, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын, илимий жана бизнес-коомчулугунун өкүлдөрү чыгып сүйлөштү.
Маалымат
2022-жылы Армения Республикасында жалпы кубаттуулугу 65 МВт-ка чейинки 11 күн электростанциялары пайдаланууга берилген жана алардын курулушун Евразия өнүктүрүү банкы (ЕАӨБ) $37 млн суммага каржылаган. Арменияда күн электростанцияларынын дарамети 8 ГВт-ка бааланат.
Беларусь Республикасында 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча колдонулган ЭКБ жалпы кубаттуулугу 500 МВт түзгөн, ал эми 2025-жылга карата аны 630 МВт-ка чейин көбөйтүү пландаштырылат. ЭКБ өнүктүрүүнү электрэнергиясын жалпы иштеп чыгуунун 8%на чейин жеткирүү чечими кабыл алынган.
Кыргыз Республикасы ЭКБ чөйрөсүндө чоң потенциалга ээ жана ал суу объекттеринде жылына*5 млрд кВтсаатка, күн объекттеринде - жылына*490 млн кВтсаатка жана шамал объекттеринде - жылына 45 млн кВтсаатка бааланат.
Казакстан Республикасында 2021-жылы ЭКБ иштеп чыгуучу электр энергиясынын көлөмү пландык көрсөткүчтөрдөн ашкан. Азыр Казакстанда аныкталган кубаттуулугу 136 2065 МВт-ты түзгөн калыбына келүүчү энергия булагы иштейт: кубаттуулугу 684 МВт түзгөн 40 шамал электр станциялары; кубаттуулугу 1093 МВт түзгөн 51 күн электр станциялары; кубаттуулугу 280 МВт түзгөн 40 гидроэлектростанциялары; кубаттуулугу МВт түзгөн 5 8 биоэлектростанциялары. 2021-жылы жалпы кубаттуулугу 393 МВт түзгөн 19 объект пайдаланууга берилген.
Россия Федерациясында 2021-жылы дүң жана чекене рыноктордо ЭКБны киргизүүнүн жалпы көлөмү 1217 МВт түзгөн. 2021-жылдын IV кварталында эле Россияда ЭКБ-генерациянын 12 жаңы объектилери пайда болгон: 8 шамал электр станциялары жана төрт күн электр станциялары. ЭКБ-генерациянын кубаттуулугу 656,4 МВт-ка көбөйгөн. 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча ЭКБ-генерациянын объектилери 5,2 млрд кВт*сааттан ашык электр энергиясын иштеп чыгышты.