Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттеринин жумуштуулук кызматтарында катталган жумушсуздардын саны 2022-жылдын ноябрь айынын аягына карата 910,1 миң адамды түзүп, 2021-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 18,1%га кыскарган.
Ошентип, жумушсуздардын саны жумушчу күчтүн санынын 0,9%ын түзөт. 2021-жылда бул көрсөткүч 1,2%ды түзгөн.
ЕАЭБдеги жумушсуздук жөнүндө кененирээк маалымат Статистика департаментинин баракчасында "Жумушсуздук жөнүндө" бөлүмүндө көрсөтүлгөн.