Комиссиясы
Жалпы маалымат
ЕЭК Кеңеши
ЕЭК Коллегиясы
ЕЭКтин Департаменттери
ЕЭКтин Консультативдик органдары
Жаңылыктар
Жаңылыктар
ЕЭК СМИде
Календарь
Видеогалерея
Фотогалерея
ЖМКлардын эсине
Жарандар үчүн
Вакансиялар
Соодалашуулар
Байланыш маалыматы
кыр
рус
eng
арм
бел
қаз
Жалпы маалымат
ЕЭК Кеңеши
ЕЭК Коллегиясы
ЕЭКтин Департаменттери
ЕЭКтин Консультативдик органдары
Жаңылыктар
ЕЭК СМИде
Календарь
Видеогалерея
Фотогалерея
кыр
рус
eng
арм
бел
қаз
Комиссиясы
Жалпы маалымат
ЕЭК Кеңеши
ЕЭК Коллегиясы
ЕЭКтин Департаменттери
ЕЭКтин Консультативдик органдары
Жаңылыктар
Жаңылыктар
ЕЭК СМИде
Календарь
Видеогалерея
Фотогалерея
ЖМКлардын эсине
Жарандар үчүн
Вакансиялар
Соодалашуулар
Байланыш маалыматы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
ЕЭК СМИде
Фото
Видео
Бардык багыттар
ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы
Интеграция жана макроэкономика
Экономика жана каржы саясаты
Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси
Соода
Техникалык жөнгө салуу
Бажы кызматташтыгы
Энергетика жана инфраструктура
Атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу
Ички рыноктор, маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар
Развитие интеграции
Макроэкономическая политика
Статистика
Развитие предпринимательской деятельности
Финансовая политика
Трудовая миграция и соцзащита
Промышленная политика
Агропромышленная политика
Техническое регулирование и аккредитация
СФС-меры
Регулирование рынка лекарств
Транспорт и инфраструктура
Энергетика
Антимонопольное регулирование
Политика в области госзакупок
Информационные технологии
Функционирование внутренних рынков
30 июнундагы 2025
Таиланддын ишкерлери ЕАЭБ рыногунда иштөө перспективаларына оң баа беришти
Таиланддын ишкерлер коомдоштугунун сурамы боюнча Евразия экономикалык комиссиясы Таиланд Королдугунун Россия Федерациясындагы Элчилиги жана Москвадагы Тай соода борбору менен биргеликте "ЕАЭБ: динамикалык эл аралык соода шарттарында тайланддык ишкерлер үчүн перспективалуу рыноктор" онлайн-семинарын уюштурду. "Евразия экономикалык бирлигинин жана Таиланддын өз ара иштешүүсүнүн өнүккөн жана түшүнүктүү инфраструктурасы түзүлгөн. ЕЭК жана Таиланд Өкмөтү 2018-жылы түзүлгөн Кызматташтык жөнүндө меморандумду ишке ашырууну улантууда. Биргелешкен жумушчу топтун эки отуруму болуп өттү. Кызматташтыктын кыйла кызыгууну жараткан негизги чөйрөлөрү аныкталды", — деди ЕЭКтин Интеграцияны өнүктүрүү департаментинин директору Микаел Беллуян. Ошондой эле ал ЕАЭБ менен Таиланддын диалогу бизнес үчүн ачык экендигин белгиледи. ЕЭК тарабынан уюштурулуп жаткан, анын ичинде АСЕАН өлкөлөрүнө багытталган иш-чаралардын көпчүлүк бөлүгү бизнес-аудитория үчүн өткөрүлөт жана ишкерлердин ортосунда түз байланышты түзүүгө мүмкүндүк берет. Департаменттин башчысы ЕАЭБ жана Таиланддын ишкер чөйрөлөрүнүн катышуусу менен диалогду өнүктүрүүнүн драйвери боло ала турган, кызматташтыктын потенциалдуу артыкчылыктуу чөйрөлөрүн белгилеп өттү. Бул санариптештирүү, өнөр жай кызматташтыгы жана азык-түлүк коопсуздугу, транспорт жана логистика, ошондой эле каржы кызматтары сектору, анын ичинде төлөмдөрдү жүргүзүү маселелери. Өз кезегинде, Таиланд Королдугунун Соода министрлигинин Эл аралык соодага көмөктөшүү департаментинин директору Сунанта Канвалкулкидж Таиланддын ЕАЭБ мамлекеттеринин ар бири менен соода-экономикалык кызматташтыгынын жогорку потенциалын ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн позитивдүү баалады. Семинардын жүрүшүндө ЕАЭБ рыногуна жеткиликтин практикалык жол-жоболору, Бирликте соода саясаты жана бажы-тарифтик жөнгө салуу, мүчө мамлекеттердин жана Таиланддын өнөр жай, транспорт, логистика чөйрөсүндө кызматташуу потенциалы каралды. Таиланддык ишкер чөйрөлөрдүн өкүлдөрү ЕАЭБ рыногунда өз ишинин позитивдүү мисалдары жөнүндө маалымат менен бөлүшүштү.
27 июнундагы 2025
Жасалма интеллекттин потенциалы жана аны статистикада колдонуу келечеги ЕЭФ-2025те каралды
Евразия экономикалык бирлигинин алкагында статистика чөйрөсүндө жасалма интеллектти колдонуу ЕАЭБ статистикалык тутумунун санариптик, технологиялык жана инновациялык потенциалын бекемдөөгө кошумча импульс болуп калышы мүмкүн. Бул ойду Евразия экономикалык комиссиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча министри Эльдар Алишеров Минскте ЕЭФ-2025 алкагында өткөн "ЕАЭБ статистикасы 2030: жасалма интеллектти колдонуунун потенциалы жана перспективалары" тегерек столунда баса белгиледи. "Жасалма интеллектти статистикалык ишмердүүлүккө ийгиликтүү киргизүү жана ишенимдүү пайдалануу үчүн так стандарттарды иштеп чыгуу, ачык- айкындуулукту камсыз кылуу, маалыматтарды коргоо жана улуттук статистикалык кызматтар жана эл аралык уюмдар тарабынан макулдашылган иш-аракеттерди иштеп чыгуу талап кылынат", — деп белгиледи Эльдар Алишеров. Тегерек столдун катышуучулары жасалма интеллектке негизделген статистикалык маалыматты талдоо инструменттеринин пайда болушу жана өнүгүшү расмий статистикалык маалыматка болгон муктаждыктардын өзгөрүүсү менен аныкталган маанилүү тенденциялардын бири экендигине макул болушту. Жасалма интеллект технологиялары статистикалык өндүрүштүн бардык этаптарында маалыматтарды чогултуудан баштап расмий статистикалык маалыматты жайылтууга чейин колдонулушу мүмкүн. "ЕАЭБ статистикалык тутумун туруктуу өнүктүрүүнүн актуалдуу тренди болуп заманбап маалыматтык технологияларды, анын ичинде жасалма интеллектти киргизүү саналат, ал коюлган милдеттердин маалыматтык жана коммуникациялык татаалдыгынын өсүшүнүн жогорку темптеринде иштин натыйжалуулугунун зарыл деңгээлин камсыз кылууга мүмкүндүк берет", – деп жыйынтыктады Эльдар Алишеров.
27 июнундагы 2025
ЕАЭБ жана Никарагуа: байланыштарды кеңейтүүгө жана соода-экономикалык диалогду активдештирүүгө эки тараптуу мамиле
Минсктеги Евразия экономикалык форумунун талааларында ЕЭК менен Никарагуа Өкмөтүнүн өз ара иштешүүсү боюнча жумушчу топтун теңтөрагалары – ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика боюнча министри Эльдар Алишеровдун жана Никарагуанын Президентинин инвестициялар, соода жана эл аралык кызматташтык маселелери боюнча кеңешчиси Лауреано Ортега Мурильонун жолугушуусу болуп өттү. "2024-жылы ЕЭК менен Никарагуа Өкмөтүнүн ортосунда Өз ара иштешүү жөнүндө меморандумга кол коюу менен биз диалогубузду сапаттык жаңы деңгээлге чыгардык. Биздин жалпы максатыбыз — соода-экономикалык кызматташтыкты күчөтүү жана диверсификациялоо, өз ара кызыкчылык жараткан тармактык багыттар боюнча тажрыйба алмашуу боюнча биргелешкен аракеттерди координациялоо, ошондой эле ЕАЭБ менен Никарагуанын ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрүнө түз өз ара иштешүүнү орнотууга көмөктөшүү болду", – деп белгиледи Эльдар Алишеров. Теңтөрагалар биргелешкен жумушчу топтун 2024-жылдын аягында өткөн отурумунан кийинки мезгилде тараптардын аткарган иштери жөнүндө маалымат алмашып, тармактык диалогду өнүктүрүүнүн чоң потенциалын белгилешти. Мындан тышкары, ЕЭК министри мындай деп белгиледи: "Соода-экономикалык кызматташтыктын көлөмдөрүн өз ара пайдалуу жогорулатуу милдетин биргелешип чечүү менен, бири-бирин жакшыраак билүү, коммерциялык мүмкүнчүлүктөр жана бизнес жүргүзүү шарттары жөнүндө маалыматтын тартыштыгын жоюу зарыл. Бизнес — биздин диалогдун негизги драйвери жана бенефициары". Лауреано Ортега Мурильо дал ушундай контекстте биргелешкен жумушчу топтун Москвадагы мурунку отурумунда жетишилген макулдашуулар иштелип жатканын билдирди. Ал ошондой эле Никарагуа ЕАЭБге караштуу байкоочу-мамлекет статусун алуу маселесин изилдеп жатканын, бул Никарагуанын ЕАЭБдин мүчө мамлекеттери жана ЕЭК менен соода-экономикалык өз ара аракеттенүүсүн андан ары активдештирүүгө кызыкдар экендигин тастыктайт. Эльдар Алишеров жооп катары мындай статусту алуунун процедуралык маселелерин түшүндүрдү. Жумушчу топтун теңтөрагалары мындан ары биргелешкен жумушчу топто техникалык жөнгө салуу, санитардык, фитосанитардык жана ветеринардык чараларды колдонуу, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо, фармацевтика жана биотехнология маселелерине көңүл буруу максатка ылайыктуу экендигин белгилешти. ЕАЭБдин жана Никарагуанын географиялык алыстык факторун эске алуу менен, жогорку транспорттук чыгымдар жана санариптештирүүнү өнүктүрүү жана кызмат көрсөтүүнү коштогон маселелер менен байланышпаган секторлорго көңүл буруу максатка ылайыктуу. ЕЭК менен Никарагуа Өкмөтүнүн өз ара иштешүүсү боюнча биргелешкен жумушчу топтун кезектеги толук форматтагы отуруму үстүбүздөгү жылдын аягына пландаштырылды.
27 июнундагы 2025
ЕЭФ-2025те эмгек миграциясы туруктуу экономикалык өсүштүн ресурсу деп аталды
26-июнда Евразия экономикалык форумунун талааларында "Эмгек миграциясы ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин туруктуу экономикалык өсүшү үчүн ресурс катары: ЕАЭБ алкагында квалификациялуу жана илимий адистерди тартуу жана өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү" тегерек столу өткөрүлдү, ага Евразия экономикалык комиссиясынын Макроэкономикалык саясат департаментинин директору Алексей Ведев катышты. Ал Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн илимий-технологиялык кызматташтыгынын перспективалары жөнүндө айтып берип, буга байланыштуу ЕАЭБ жөнүндө келишимдин өзөктүү маанисин белгиледи. Анын пикири боюнча, бул документ илим жана технология жаатында өз ара аракеттенүү үчүн негиз болуп саналат. ЕЭК өкүлү Евразия экономикалык бирлигинин алкагында кыйла натыйжалуу өз ара аракеттенүү жана тармактык демилгелерди ишке ашыруу үчүн Комиссия мүчө мамлекеттер менен биргеликте ЕАЭБдин экономикалык өнүгүүсүнүн 2025-жылга чейинки стратегиялык багыттарын иштеп чыкканын баса белгиледи. Бирлик өлкөлөрүнүн мындан аркы иштери ЕАЭБ алкагында 2030-жылга чейин жана 2045-жылга чейинки мезгилде "Евразия экономикалык жолу" экономикалык процесстерди өнүктүрүү жөнүндө кабыл алынган декларациянын негизинде түзүлөт. Учурда аны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы даярдалып жатат. Алексей Ведевдин сөзү боюнча, Декларацияга киргизилген жана илимий-техникалык жана инновациялык кызматташууга көмөктөшүүгө багытталган маанилүү чаралардын катарында – өнөр жайда жана агроөнөр жай комплексинде инновациялык ыкмаларды киргизүү, энергетика жаатында заманбап технологияларды өнүктүрүү жана башка бир катар чаралар бар.
26 июнундагы 2025
Эльдар Алишеров: "ЕАЭБ экономиканын негизги тармактарын өнүктүрүүнүн туруктуу позитивдүү динамикасын камсыздайт"
Евразия экономикалык комиссиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча министри Эльдар Алишеров 26-июнда Минскте өткөн IV Евразия экономикалык форумунун алкагында "ЕАЭБдин 10 жылы: чакырыктар жана перспективалар" тегерек столунда негизги баяндамачы катары чыгып сүйлөдү. "Постсоветтик Евразиянын эң жакын мамлекеттеринин атаандаштык артыкчылыктарын бириктирүүнүн жана масштабдоонун универсалдуу куралы катары түзүлгөн Евразия экономикалык бирлиги он жылдык мезгилдин ичинде өзүнүн натыйжалуулугун далилдеди жана алдыңкы эл аралык тажрыйбага ылайык келген таасирдүү институционалдык жана укуктук базасы бар эл аралык интеграциялык бирикме катары калыптанды", – деп белгиледи Эльдар Алишеров. Ал "Глобалдык рыноктордун туруксуздугунун жана ЕАЭБдин жагымсыз дүйнөлүк саясий конъюнктурасынын шарттарында Бирлик өлкөлөрүндөгү макроэкономикалык кырдаалдын турукташуусуна өбөлгө түзөт, негизги тармактарды өнүктүрүүнүн туруктуу позитивдүү динамикасын, ЕАЭБ мейкиндигинде түзүлгөн чарбалык байланыштарды колдоону камсыз кылат" деп өзгөчө баса белгиледи. Ошону менен бирге ЕЭК министри ЕАЭБдин позитивдүү мүнөзгө ээ болгон экономикалык көрсөткүчтөрүнүн он жылдык динамикасын талдады. Алсак, Бирлик түзүлгөн учурдан тартып ЕАЭБдин жалпы ИДӨсү (2015-жылдан 2024-жылга чейин) 17,8%га, ал эми абсолюттук мааниде алганда – дээрлик 1 трлн долларга өскөн. 2023-2024-жылдары ИДӨнүн жыйынды өсүшү дүйнөлүк орточо өсүш темпинен ашып, 4,3-4,4% чегинде болду. Калктын жалпы жыргалчылыгын жогорулатууда прогресске жетишилди. ЕАЭБде калктын жан башына ИДӨ валюталарынын сатып алуу жөндөмдүүлүгүнүн паритети боюнча 2015-жылдагы 22,7 миң доллардан 2023-жылы 41,2 миң долларга чейин өскөн. 2024-жылы мүчө мамлекеттердин товарлар менен өз ара соодасынын нарктык көлөмү 2015-жылга салыштырмалуу 2,1 эсеге көбөйүп, 45,6 миллиард доллардан 97,7 миллиард долларга чейин жеткен. Бирлик мамлекеттеринин ЕАЭБден тышкаркы өлкөлөр менен тышкы соодасынын көлөмү 10 жылдын ичинде 1,4 эсеге өсүп, 2024-жылы 795 млрд АКШ долларын түзгөн. Оң динамика бардык мүчө-мамлекеттерде катталган. Эльдар Алишеров 2023-жылы мамлекет башчылары тарабынан 2030-жылга чейин жана 2045-жылга чейинки мезгилде интеграциянын багытын аныктаган декларацияга ылайык товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, капиталдын жана эмгек ресурстарынын бирдиктүү рынокторун түзүүдө ЕАЭБдин жетишкендиктерине, ошондой эле Бирликти өнүктүрүүнүн келечектүү багыттарына өзүнчө токтолуп, экономикалык процесстерди санариптештирүүнү, кооперациялык кызматташтыкты жана Бирликтин технологиялык потенциалын ачууну, жалпы транспорттук-логистикалык мейкиндикти түзүүнү, интеграциялык потенциалга ээ болгон жаңы чөйрөлөрдү өнүктүрүүнү өзгөчө белгиледи. Баяндамачы ошондой эле мүчө мамлекеттердин интеграциялык өз ара иштешүүсүндөгү айрым "тар жерлерди" белгилеп өттү, алардын ичинде ЕАЭБде ТЧИлердин жалпы көлөмүндө өз ара инвестициялардын салыштырма салмагынын аздыгы (ошол эле учурда бир катар өлкөлөр үчүн бул агымдар маанилүү, мисалы Беларусь жана Кыргызстан үчүн), мүчө мамлекеттердин киреше деңгээли боюнча жакындашуусунун туруктуу узак мөөнөттүү тенденциясынын жоктугун, ошондой эле өнүгүү деңгээли боюнча өлкөлөрдүн экономикаларын жакындаштырууга көмөктөшүүнүн институттук механизмдери түзүлө электигин белгиледи. Тараптар бул багыттар боюнча ишти улантышууда. Тегерек столдо Бирликтин алкагында интеграциялык процесстерге катышуусунун он жыл аралыгында ЕАЭБ өлкөлөрүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү жөнүндө маалыматтык брошюралар сунушталды.
26 июнундагы 2025
ЕАЭБ жана Куба өлкөлөрүнүн ишкер чөйрөлөрү соода-экономикалык кызматташтыктын келечектүү багыттарын талкуулашты
Евразия экономикалык форуму-2025 аянтчасында "Куба: ЕАЭБ менен Латын Америкасынын жана Кариб бассейнинин өлкөлөрүнүн ортосунда экономикалык байланыштарды өнүктүрүү үчүн мүмкүнчүлүктөр" диалог-презентациясы болуп өттү. Иш-чарага катышкан эксперттер Куба Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттеринин жана Латын Америка регионунун өлкөлөрүнүн экономикалык кызыкчылыктарын байланыштыруучу көпүрө болушу мүмкүн деген пикирге келишти. Евразия экономикалык комиссиясынын атынан иш-чарада Интеграцияны өнүктүрүү департаментинин директору Микаел Беллуян катышты. "Куба ЕАЭБге караштуу байкоочу-мамлекет катары биздин күн тартипке жакшы катышат, Латын Америкасынын жана Кариб бассейнинин аймагындагы Бирликтин негизги соода-экономикалык өнөктөшү болуп саналат. 2018-жылы ЕЭК менен Куба Өкмөтүнүн ортосунда кызматташтыктын негизги багыттарын аныктаган Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлган. Өз ара иштешүү боюнча биргелешкен комиссия түзүлгөн. Кубанын өкүлдөрү ЕАЭБдин алкагында бардык деңгээлдеги органдардын отурумдарына катышышат жана евразиялык "бешилтиктин" өлкөлөрү менен соода-экономикалык кызматташуунун өздүк демилгелерин сунушташат, – деп белгиледи Микаел Беллуян. ЕЭК өкүлү Бирлик мамлекеттеринин бизнесинин Куба менен туризм, фармацевтика, айыл чарба, химиялык өнөр жай, маалыматтык-коммуникациялык кызмат көрсөтүүлөр чөйрөлөрүндө кызматташууга өсүп жаткан кызыгуусун баса белгиледи. Ал иш-чарага катышкан компаниялардын өкүлдөрүн ушул жылдын экинчи жарым жылдыгында ЕЭК — Куба Республикасынын Өкмөтүнүн биргелешкен комиссиясынын Москвада өтө турган кезектеги отурумунун ишине кошулууга чакырды. Соода палатасынын вице-президенти Таня Агиар Фернандес башында турган кубалык делегация Кубадагы логистикалык хабдын долбоорун сунуштады, ал Латын Америкасынын жана Кариб бассейнинин аймагында ЕАЭБ өлкөлөрүнүн транзитин жана экспорттук потенциалын жүзөгө ашырууну жеңилдетүүгө багытталган. Кубанын өкүлдөрү ЛАИ, АЛБА жана КАРИКОМ сыяктуу регионалдык түзүмдөрдүн алкагында иштеп жаткан соода келишимдеринин айрым аспектилери жана Кубада өндүрүш ачкан чет элдик ишкерлерге берилген мүмкүнчүлүктөр жөнүндө маалымат беришти. Чыгып сүйлөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү кубалык демилгелерди талкуулашты.
19 июнундагы 2025
Эльдар Алишеров: "Биздин диалог ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жана Мьянманын товар айланымынын андан ары өсүшүнө көмөк көрсөтүүгө багытталган"
Евразия экономикалык бирлигинин жана Мьянманын соода-экономикалык кызматташтыгынын артыкчылыктары Евразия экономикалык комиссиясы менен Мьянма Бирлиги Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы өз ара аракеттенүү боюнча биргелешкен жумушчу топтун отурумунда талкууланды. Жолугушуу ЕЭК интеграция жана макроэкономика боюнча министри Эльдар Алишеровдун жана Мьянманын инвестициялар жана тышкы экономикалык байланыштар министри Кан Зонун тең төрагалыгы астында Петербург эл аралык экономикалык форумунун талааларында өттү. Отурумдун катышуучулары соода, айыл чарба, атаандаштык саясаты, бизнес-чөйрөлөрдүн өз ара аракеттешүү жаатындагы кызматташуу маселелерин карашты. "Биздин ЕАЭБ алкагында иштелип жаткан жөнгө салуунун ар кандай аспектилери боюнча диалог евразиялык "бешилтиктин" жана Мьянманын өлкөлөрүнүн соода-экономикалык байланыштарын өнүктүрүүгө, 2019-жылдан бери товар жүгүртүүнүн андан аркы өсүшүнө көмөк көрсөтүүгө багытталган, ал үч эседен ашык көбөйдү", — деди Эльдар Алишеров. ЕЭК министри белгилеп өткөн Комиссиянын жана Мьянманын Өкмөтүнүн кызматташтыгынын ушул этапта негизги милдеттеринин арасында – бири-биринин соода-экономикалык мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу, ошондой эле жумушчу топтун алкагында талкуулоо талап кылынган экономикалык мамилелердеги "тар" жерлерди идентификациялоо бар. Анын айтымында тараптардын кызматташтыгынын жогору потенциалы "Комиссиянын бүтүндөй АСЕАН аймагы менен жигердүү диалогу, ошондой эле Мьянма, чындыгында, ЕАЭБ менен АСЕАНдын ортосундагы "көпүрө", Түштүк-Чыгыш Азиянын ири экономикаларынын соода "кесилиши" болуп саналган факт менен аныкталат". Өз кезегинде, Кан Зо Бирликтин бардык өлкөлөрү менен экономикалык кызматташтыкты күчөтүү үчүн ЕЭК менен диалогдун зор маанисин баса белгиледи. Буга байланыштуу ал бир катар келечектүү багыттарды бөлүп көрсөттү: санариптештирүү, электрондук соода, айыл чарба тармагындагы технологиялар менен алмашуу, Мьянманын өзгөчө экономикалык аймактарынын алкагында өз ара аракеттенүү. Отурумда Мьянманын соода министри Оун, Мьянманын айыл чарба, мал чарба жана ирригация министри Мин Наун, ошондой эле бул өлкөнүн соода-өнөр жай палаталарынын Бирлигинин төрагасы Ай Вин сөз сүйлөштү. Тараптар ЕАЭБ жана Мьянма мамлекеттеринин ишкерлерин тыгыз кызматташууга, анын ичинде ЕАЭБ Ишкер кеңеши менен Мьянманын тиешелүү бизнес-ассоциациясынын ортосунда расмий диалогду түзүүгө чакырышты. Биргелешкен жумушчу топтун кезектеги отуруму 2026-жылы өтөт. Евразия экономикалык комиссиясы менен Мьянма Бирлиги Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Өз ара кызматташуу жөнүндө меморандумга 2023-жылы кол коюлган.
19 июнундагы 2025
ПЭЭФ-2025: ЕАЭБ — АСЕАН бизнес-диалогу
19-июнда XXVIII Петербург эл аралык экономикалык форумунун ишкердик программасынын алкагында ЕАЭБ — АСЕАН бизнес-диалогу болуп өттү, ага Евразия экономикалык комиссиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча министри Эльдар Алишеров катышты. "ЕАЭБ — АСЕАН бизнес-диалогу эки интеграциялык бирикменин бизнес өкүлдөрүнүн ачык жана ишенимдүү баарлашуусу, өз ара иштешүүнүн негизги багыттары боюнча "сааттарды салыштыруу" жана кызматташтыктын келечектүү чөйрөлөрүн талкуулоо үчүн натыйжалуу аянтча болуп саналат", — деп белгиледи Эльдар Алишеров. ЕЭК министри ЕАЭБ жана АСЕАН өлкөлөрүнүн бизнеси үчүн санариптештирүү мүмкүнчүлүктөрүн активдүү пайдалануу, потенциалдуу өнөктөштөргө бири-бирин табууга, бизнес-миссияларды уюштурууга, кызматташтыктын жаңы форматтарын табууга мүмкүндүк берген маалыматтык платформаларды түзүү маанилүү экенин баса белгиледи. ЕАЭБ жана АСЕАНдын ишкер чөйрөлөрүнүн өз ара иштешүүсү үчүн жакшы перспективаларды тармактык диалог берет. "Комиссия жана АСЕАН Катчылыгы практикалык кадамдарды жасашты. 2025-жылы энергетика, айыл чарба, бажылык жөнгө салуу, интеллектуалдык менчик, электрондук соода, атаандаштык саясаты, транспорт сыяктуу багыттар боюнча тармактык семинарлардын цикли башталды", — деди Эльдар Алишеров. ЕЭКтин интеграция боюнча блогунун башчысы белгилегендей, эки бирикменин өлкөлөрүнүн соода-экономикалык жана ишкер кызматташтыгынын оң динамикасына өз ара иштешүүнүн бекем институттук базасы өбөлгө түзөт. "Келечекте ЕАЭБ жана АСЕАН ЕАЭБ — АСЕАН өзүнчө диалогдук механизмин түзүү жөнүндө ойлонушу мүмкүн. Ал бизнес — соода-экономикалык кызматташтыктын негизги бенефициары болгондугуна байланыштуу айкын бизнес-компонентке ээ боло алмак", — деп белгиледи Эльдар Алишеров. Бизнес-диалогго "Россия – АСЕАН" Ишкерлер кеңешинин төрагасы Иван Поляков (модератор); Адинин компаниялар тобунун башкаруучу директору, Бруней-Даруссалам Мамлекетинин АСЕАН Ишкер консультативдик кеңешинин төрагасы Муса Аднин; Мьянма Бирлиги Республикасынын инвестициялар жана тышкы экономикалык байланыштар министри Кан Зо; Лаос Элдик Демократиялык Республикасынын Премьер-министринин орун басары Салемсай Коммасит; Россиянын Энергетика министрлигинин Россиялык энергетика агенттигинин (РЭА) башкы директору Алексей Кулапин; Ikhlas Capital негиздөөчүсү, Малайзиянын АСЕАН ишкердик консультативдик кеңешинин төрагасы Назир Разак; "Москва экспорт борбору" АКЭУ башкы директору Виталий Степанов; АСЕАН башкы катчысынын орун басары Сатвиндер Сингх катышышты. ЕАЭБ — АСЕАН бизнес-диалогу Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан "Росконгресс" фондунун уюштуруучулук колдоосу менен жана Россия — АСЕАН Ишкер кеңеши менен координацияда уюштурулган. 2019-жылдан баштап иш-чара салттуу түрдө Петербург эл аралык экономикалык форумунун ишкер программасынын алкагында уюштурулуп келет. ЕЭК менен АСЕАНдын ортосунда экономикалык кызматташтык жаатында Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга 2018-жылы кол коюлган. Меморандумду ишке ашыруу максатында 2020-2025-жылдарга карата Кызматташтык программасы кабыл алынган. Документ бажылык мыйзамдар жана укук колдонулуучу иш-тажрыйба, соода саясаты, ишкердик ишмердик, техникалык жана монополияга каршы жөнгө салуу, СФС-чаралар, энергетика, ички рыноктордун иши ж.б. сыяктуу тармактарды камтыйт. Кызматташтык же өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдар, ошондой эле эркин соода зонасы жөнүндө келишимдер АСЕАНдын көпчүлүк өлкөлөрү: Вьетнам, Индонезия, Камбоджа, Таиланд, Сингапур, Мьянма менен түзүлгөн.
Дагы көрсөтүү
Ресурсы ЕАЭС
Евразия экономикалык бирлигинин сайты
Евразия экономикалык бирлигинин укук порталы
ЕАЭБдин ички рынокторунун иштөөсүнүн Порталы
ЕАЭБдин санариптик күн тартиби жөнүндө