Жаңылыктар

Бакытжан Сагинтаев Иран Президенти Ибрахим Раисинин дүйнөдөн кайтканына байланыштуу көңүл айтты 20 May 2024 Бакытжан Сагинтаев Иран Президенти Ибрахим Раисинин дүйнөдөн кайтканына байланыштуу көңүл айтты ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев Евразия экономикалык комиссиясынын атынан жана жеке өзүнүн атынан Иран Ислам Республикасынын Жогорку лидери Али Хаменеиге жана иран элине өлкөнүн түндүгүндө тик учактын кыйрашынын натыйжасында Иран Президенти Ибрахим Раиси жана аны коштогон жогорку даражалуу адамдар каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты. "Ирандын президенти Ибрахим Раисинин жана өкмөттүк делегация мүчөлөрүнүн кайгылуу өлүмү тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Ирандын жана Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн кызматташтыгын өнүктүрүүгө зор салымын кошкон көрүнүктүү саясатчы жана мамлекеттик ишмердин жаркын элеси биздин элдердин жүрөгүндө түбөлүккө сакталат", – деп айтылат телеграммада.
17 May 2024 Бакытжан Сагинтаев Касым-Жомарт Токаевди туулган күнү менен куттуктады Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаевди туулган күнү менен куттуктады. "Сиз евразия континентиндеги интеграциялык байланыштарды өнүктүрүүгө, Евразия экономикалык бирлигинин алкагында туруктуулукту жана көп тараптуу кызматташтыкты чыңдоо ишине зор салым коштуңуз жана кошуп келе жатасыз", – деп айтылат куттуктоо катында. Казакстандын Президенти сунуш кылган реформалар, демилгелер жана идеялар республиканын калкынан гана эмес, өлкөнүн чегинен тышкары жактардан да колдоо табууда. Бакытжан Сагинтаев Евразия экономикалык комиссиясынын атынан Касым-Жомарт Токаевге чың ден-соолук, Казакстан Республикасынын гүлдөп өсүшү үчүн жана анын элинин жыргалчылыгы үчүн мындан аркы ийгиликтерди каалады.
15 May 2024 Бакытжан Сагинтаев жана Ботиржон Асадов ЕАЭБ жана Өзбекстан өлкөлөрүнүн соода-экономикалык кызматташуу маселелерин талкуулашты Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаев 15-майда ЕЭКтин штаб-квартирасында Өзбекстан Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Ботиржон Асадов менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн жана Өзбекстандын кызматташтыгынын абалы жана перспективалары, ар түрдүү тармактарда интеграциялык байланыштарды тереңдетүү боюнча келишимдерди аткаруунун жүрүшү талкууланды. Бакытжан Сагинтаев белгилегендей, учурда Өзбекстан ЕАЭБдин соода өнөктөштөрүнүн арасында Бирликтин мүчөсү болуп саналбаган КМШ өлкөлөрүнүн ичинен биринчи орунда жана соода өнөктөштөрдүн жалпы тизмесинде жетинчи орунда турат. Иштин учурдагы абалы – евразиялык "бешилтик" мамлекеттеринин жана Өзбекстандын экономикаларынын өз ара иштешүүсүн өнүктүрүү жана потенциалын кошумча ачуу үчүн бекем негиз. Азыркы учурда Комиссия ЕАЭБ өлкөлөрү менен биргеликте Өзбекстанды бир катар конкреттүү кооперациялык өнөр жай жана инфраструктуралык долбоорлорго кошуу мүмкүнчүлүгүн иштеп чыгууда. Өз кезегинде Ботиржон Асадов Өзбекстан байкоочу мамлекет статусун максималдуу пайдаланууга кызыкдар экенин жана ЕАЭБде ишке ашырылып жаткан тармактык долбоорлорго кошулууга даяр экенин баса белгиледи. Тараптардын экономикалык кызматташтыгын мындан ары бекемдөө үчүн ЕЭК менен Өзбекстан Өкмөтүнүн 2024-2026-жылдарга карата биргелешкен иш-чараларынын жаңы планы даярдалууда. 2020-жылдын 11-декабрында Жогорку Евразия экономикалык кеңеши Өзбекстан Республикасына ЕАЭБдин алдындагы байкоочу мамлекет статусун ыйгарган. 2021-жылдын 30-апрелинде Евразия экономикалык комиссиясынын жана Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда Өз ара аракеттенүү жөнүндө меморандумга кол коюлуп, Евразия экономикалык комиссиясынын жана Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-2023-жылдарга карата биргелешкен иш-чараларынын планы бекитилген. 2023-жылдын 29-ноябрында ЕАЭБ Ишкер кеңеши менен Өзбекстандын соода-өнөр жай палатасынын ортосунда Кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлган.
08 May 2024 Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин 2024-жылдын 8-майындагы отурумунун жыйынтыктары 8-майда Москвада Армения Республикасынын Премьер-министри, Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинин Төрагасы Никол Пашиняндын төрагалыгы астында Евразия экономикалык бирлигинин мамлекет башчыларынын жана Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Бакытжан Сагинтаевдин катышуусунда ЖЕЭК отуруму болуп өттү. Евразия экономикалык бирлигинин мамлекет башчыларына 2025-жылга чейин Евразия экономикалык интеграциясын өнүктүрүүнүн 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча Стратегиялык багыттарынын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө баяндама сунушталды. 2023-жылы ишке ашырууга пландаштырылган иш-чаралардын көпчүлүк бөлүгү аткарылгандыгы белгиленди. 2023-жылы ЕАЭБдин эл аралык ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарын ишке ашыруу талкууланды. Бирликтин өнөктөштөрүнүн саны көбөйдү: Мьянма жана Никарагуа өкмөттөрү менен өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдарга кол коюлду, Иран менен толук форматтуу соода келишими түзүлдү. Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн лидерлери Монголия менен убактылуу соода келишимин түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү расмий демилгелөө жөнүндө сунушту колдошту. Мындан тышкары, Вьетнам менен товарлардын келип чыгышы жөнүндө маалыматты электрондук алмашуу жөнүндө протоколдун долбоору жактырылды. Бажы органдары зарыл болгон маалыматтарды санариптик форматта түздөн-түз алууга мүмкүнчүлүк алышат. Бул өз кезегинде, бажылык жол-жоболоштуруу процесстерин олуттуу тездетет, соодага оң таасирин тийгизет.
Дагы көрсөтүү