Жаңылыктар

24.09.2024

ЕАЭБ тамак-ашка биологиялык активдүү кошулмаларды маркалоо эрежелерин унификациялайт

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши Россия Федерациясынын Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүндө тамак-ашка биологиялык активдүү кошулмаларды (БАК) маркалоонун унификацияланган эрежелерин белгилөө жөнүндө сунушун карап чыкты жана чечим кабыл алды.

Кабыл алынган чечимге ылайык, БАКка берилген мамлекеттик каттоо жөнүндө жарактуу күбөлүгү бар тамак-аш продукциясынын кеңири тизмеги маркаланууга тийиш. Мүчө мамлекеттер өз аймагында идентификациялоо каражаттары менен продукцияны маркалоонун киргизилген датасын жана этаптуулугун өз алдынча аныктоого укуктуу, бул жөнүндө ЕЭКке кеминде алты ай мурда билдирүү менен.

Ошентип, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ар биринде унификацияланган талаптарга ылайык түзүлгөн башка мамлекеттердин идентификациялоо каражаттарын таануу кепилденет.

"Комиссия Бирликтин рыногунда БАК сыяктуу сезимтал категориядагы товарлардын жүгүртүлүшүнүн мыйзамдуулугун камсыздоого багытталган принципиалдуу чечим кабыл алды. Эми керектөөчү санариптик маркалоо тутумун колдонуу менен БАКтын аныктыгына ынана алат, ошондой эле өнүм жана анын касиеттери жөнүндө ишенимдүү маалымат ала алат", – деп баса белгиледи ЕЭКтин Бажы-тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу департаментинин директору Ваагн Казарян.