Жаңылыктар

26.05.2023 (Обновлено: 29.05.2023 14:15)

ЕЭК Бирлик өлкөлөрүнүн ишканалары менен тармактык диалог жүргүзөт

24-25-майда Евразия экономикалык комиссиясынын өнөр жай блогунун өкүлдөрү жыл сайын өтүүчү "Азот Синтезгаз. Россия жана КМШ" конгрессине жана көргөзмөсүнө барып, анын жүрүшүндө Россия жана КМШ өлкөлөрүндөгү азот, метанол, аммиак жана минералдык жер семирткичтердин (азот, калий, фосфор, комплекс) ири өндүрүүчүлөрү менен синтездик газды кайра иштетүү тармагын өнүктүрүүнүн келечегин талкуулоого катышты.

"Биз өз ишибизде мүчө мамлекеттердин ишканалары менен айрыкча химиялык өнөр жай тармагында диалогду өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурабыз, анткени өндүрүштүн бир дагы чөйрөсү химиялык продукциясыз иштей албайт", — деди ЕЭК Өнөр жай саясаты бөлүмүнүн директору Николай Кушнарев.

Баяндама жасаган тармактын ири ишканаларынын өкүлдөрү квалификациялуу кадрлардын жетишсиздигин, технологияга жана жабдууларга лицензия берүүчүлөрдүн рыноктон кетишин, ошондой эле заводдордогу оңдоо иштерине байланышкан кыйынчылыктарды синтез-газды иштетүү чөйрөсүндөгү негизги көйгөйлөр катары белгилешти.

Конгресстин иш-чараларынын алкагында анын катышуучулары аз тоннаждуу химия өнөр жайын (атап айтканда катализаторлорду) өнүктүрүү маселелерине да бир нече жолу токтолушту. ЕЭК өкүлдөрү аларга Бирликтеги мекемелер муктаж болгон аз тоннаждуу химия өнүмдөрүнүн тизмесин жана/же ал продукциянын жаңы түрлөрүн иштеп чыгуу боюнча мүчө мамлекеттердин аракеттерин бириктирүү үчүн Евразия экономикалык бирлигинде өндүрүлүп же пландаштырылып жаткан аз тоннаждуу химия өнүмдөрүнүн тизмесин түзүүнүн максатка ылайыктуулугун талдоо боюнча профилдүү Консультативдик комитетте химиялык өнөр жай сферасында кызматташтык боюнча эксперттик топтун алкагында жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат беришти. Өнөр жай блогунун өкүлдөрү кесиптештерин бул ишке катышууга чакырып, Бирлик өлкөлөрүнүн бул багыттагы аракеттерин бириктирүү негизги ролду ойной аларын белгилешти.

Маалымат

Жыл сайын өтүүчү "Азот Синтезгаз. Россия жана КМШ" конгресси жана көргөзмөсү – Россиянын жана КМШ өлкөлөрүндөгү ири азот, метанол, аммиак жана минералдык жер семирткич өндүрүүчүлөрүнүн, бийлик органдарынын, башкаруу органдарынын, көзөмөлдөө органдары, өндүрүш технологияларынын лицензиарлары, жабдууларды иштеп чыгуучулар, өндүрүүчүлөр жана жеткирүүчүлөр, инженердик жана долбоорлоо-курулуш компаниялары, технология камсыздоочулары жана кызмат көрсөтүүчүлөрдүн өкүлдөрүнүн катышуусунда синтездик газды кайра иштетүү багыттарын өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулоо үчүн жабык кесиптик аянтча. 2023-жылы көргөзмөгө 250 ашуун катышуучу катталган. Алардын көбү уюмдарда жетекчилик кызматтарды ээлейт.