Жаңылыктар

09 июлундагы 2025 Гоар Барсегян: "ЕЭК өнөр жай кооперациясын тереңдетүүнү жактайт" Евразия экономикалык комиссиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Гоар Барсегян Екатеринбургдагы "Иннопром" эл аралык өнөр жай көргөзмөсүн көрүүгө жана ишине, анын ичинде "Технологиялык лидерлик: индустриалдык жетишкендик" башкы стратегиялык сессиясына катышты. Россиянын өнөр жай жана соода министри Антон Алихановдун жана ири өнөр жай компанияларынын жетекчилеринин катышуусу менен иштиктүү таңкы тамакта Гоар Барсегян мындай деп белгиледи:  "Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн бизнесинин жөнгө салынган иши негизги ролду ойнойт. Керектөөчүгө багыт алуу жана рыноктогу өзгөрүүлөргө ыкчам жооп кайтаруу жөндөмдүүлүгү бизнес-коомдоштукка ЕАЭБ алкагында масштабдуу милдеттерди чечүүгө жардам берет. Комиссия ишкерлер өз мүмкүнчүлүктөрүн жакшыраак колдоно ала турган шарттарды түзүү үчүн ырааттуу иштерди жүргүзүүдө". Шанхай кызматташтык уюмунун мүчө өлкөлөрүнүн өнөр жай министрлеринин кеңешмесинде евразия мейкиндигинде мындан аркы биргелешкен иштин перспективалары талкууланды. "Комиссия өнөр жай кооперациясын тереңдетүү, технологиялар менен алмашуу жана натыйжалуу интеграциялык байланыштарды түзүү үчүн ырааттуу иш алып барат. Биз тармактык демилгелерди илгерилетүүгө, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга жана ШКУ өлкөлөрү менен технологиялык тажрыйба алмашууга кызыкдарбыз", – деп белгиледи Гоар Барсегян. Ошондой эле ал Беларустун өнөр жай министри Андрей Кузнецов менен ЕАЭБде каржылык колдоо механизмин жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелери боюнча жумушчу жолугушууларды өткөрдү. Мындан тышкары, "Иннопромдун" иш-чараларынын алкагында Гоар Барсегян "Энерго-Арсенал" жарык берүүчү түркүктөрдү жана шам чырактарды чыгаруучу заводго барды. Ишкана Бирликте 2024-жылы ишке киргизилген кооперациялык долбоорлорду колдоонун улуттуктан жогорку программасынын потенциалдуу катышуучуларынын бири болуп саналат.  2025-жылдын 29-сентябрынан 1-октябрына чейин "Иннопром" Минскте ишин улантат. Ошол эле жерде ЕАЭБдин Өнөр жай саясаты боюнча кеңешинин отуруму өтөт.
07 июлундагы 2025 ЕАЭБде асыл тукум мал чарбасынын натыйжалуулугун жогорулатуу "Бүткүл россиялык талаа күнү – 2025" алкагында талкууланды Айыл чарба өндүрүшүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана атаандаштыкка жөндөмдүү продукцияны сатуу боюнча инновациялык ыкмаларды киргизүү туурасында Евразия экономикалык комиссиясынын Агроөнөр жай саясаты департаментинин директору Наира Карапетян Волгоград областында өткөн "Бүткүл россиялык талаа күнү – 2025" көргөзмөсүнүн алкагында "Генетика. Жөнөкөй сөздөр менен маанилүү жөнүндө" тегерек столунда айтып берди. "Азыркы этаптагы негизги багыт катары Бирлик өлкөлөрүнүн жана Комиссиянын селекциялык-асыл тукум ишине геномдук талдоонун негизинде айыл чарба жаныбарларынын асыл тукумдук баалуулугун божомолдоонун методологиясын кеңири жайылтуу боюнча биргелешкен иши болууга тийиш", – деп белгиледи Наира Карапетян. Көргөзмөнүн иш-чараларынын жүрүшүндө асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү пландары, атамекендик селекциялык жетишкендиктерди сактоо үчүн заманбап мүмкүнчүлүктөр, сүт багытындагы бодо малдын генетикалык потенциалын жакшыртуу жолдору талкууланды. Тегерек столдун катышуучулары жаныбарлардын асыл тукумдук баалуулугун баалоо методикасын киргизүүнүн жыйынтыктары жөнүндө маалымат менен алмашышты, ошондой эле Бирликтин алкагында асыл тукум ресурстары рыногунун абалын жана өнүгүү келечегин карашты. Асыл тукум малдын асыл тукумдук баалуулугун баалоо үчүн алардын генотиптик жана фенотиптик белгилерин чогултууга жана эсепке алууга, өздүк атаандаштыкка жөндөмдүү асыл тукум продукциясын өндүрүүнү өстүрүүгө унификацияланган ыкмаларды колдонуу зарылдыгы белгиленди. Наира Карапетян мал чарбасын туруктуу өнүктүрүү боюнча жалпы максаттарга жетүү үчүн макулдашылган иш-аракеттердин маанилүүлүгүн баса белгиледи.
04 июлундагы 2025 Бирлик өлкөлөрүнүн агроөнөр жай комплексиндеги санариптик технологиялар анын натыйжалуулугун жогорулатуунун негизги инструменти болуп калууда Бул туурасында Евразия экономикалык комиссиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Гоар Барсегян 4-июлда Волгоградда өткөн Бүткүл россиялык талаа күнү-2025 "Өсүүгө милдеттер: россиялык өсүмдүк өстүрүүчүлүктүн натыйжалуулугун жогорулатуу" пленардык отурумунда билдирди. "Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн айыл чарбасы сапаттуу кайра түзүүлөрдүн босогосунда турат. Агрардык рынокту санариптик моделге трансформациялоо — айыл чарба өндүрүшүнүн тездетилген өсүшү үчүн инструменттердин бири. Дал ушул багытта ЕЭКтин жана улуттук өкмөттөрдүн күч-аракеттери топтолгон", — деп белгиледи Гоар Барсегян. Отурумда өсүмдүк өстүрүүдөгү, анын ичинде заманбап санариптик чечимдердин – учкучсуз технологиялардын, санариптик мониторинг жана роботтоштуруунун эсебинен натыйжалуулукту жогорулатуу маселелери талкууланды. Иш-чарага Россия Федерациясынын айыл чарба министри Оксана Лут жана Беларусь Республикасынын айыл чарба жана азык-түлүк министри Игорь Горлов катышышты. Бизнес программанын алкагында Гоар Барсегян Оксана Лут менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. ЕАЭБ мамлекеттеринин ортосунда агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндө соода-экономикалык кызматташуунун актуалдуу маселелери каралды. Тараптар ЕАЭБ алкагында 2030-жылга чейин жана 2045-жылга чейинки мезгилде экономикалык процесстерди өнүктүрүү жөнүндө "Евразия экономикалык жолу" декларацияны АӨК чөйрөсүндө ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулоо менен интеграциялык процесстерди тереңдетүү жана тармактын туруктуу өнүгүүсүн камсыздоо зарылдыгын белгилешти. Агроөнөр жай комплексиндеги кооперациялык долбоорлорду каржылык колдоо механизмин ишке киргизүү үчүн сунуштарды даярдоого күч-аракеттерди биргелешип топтоо жөнүндө макулдашууга жетишилди. "АӨКтө биргелешкен кооперациялык долбоорлорду ишке ашыруу өндүрүлгөн продукциянын көлөмүн көбөйтүүгө, технологиялык өркүндөтүүгө, мамлекеттер аралык соода-экономикалык байланыштарды жана өз ара инвестицияларды өстүрүүгө өбөлгө түзөт", – деп белгиледи ЕЭК министри. Гоар Барсегян ЕАЭБ алкагында айыл чарбасын туруктуу өнүктүрүү, жалпы агрардык рынокту жөнгө салуу боюнча жалпы максаттарга жетүү үчүн макулдашылган иш-аракеттердин маанилүүлүгүн баса белгиледи. Ошондой эле ЕЭК министри "Бүткүл россиялык талаа күнү – 2025" көргөзмөсүнүн салтанаттуу ачылышына жана карап чыгууга катышты, анда заманбап айыл чарба техникасы жана жабдуулары менен таанышты.
26 июнундагы 2025 Гоар Барсегян: "ЕЭК роботторду өндүрүү боюнча конкреттүү долбоорлорду колдоого даяр" Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүндө технологиялык жана бизнес-процесстерди автоматташтырууга багытталган өнөр жай роботторун жана роботтук-техникалык тутумдарды киргизүү жөнүндө 26-июнда Минскте Евразия экономикалык комиссиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Гоар Барсегяндын катышуусунда ЕЭФ-2025 "Роботтоштурулган тутумдарды колдонуу өнөр жай ишканаларынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнүн өсүшүнүн фактору катары" тегерек столунда сөз болду. "Учурда дүйнөнүн алдыңкы өлкөлөрү экономиканын ар кайсы тармактарына өнөр жай жана сервистик роботторду, роботтук-техника тутумдарын киргизүү боюнча улуттук стратегияларды иштеп чыгууда жана ишке ашырууда. Өнөр жайда жана АӨКтө технологиялык процесстерди автоматташтыруу жана роботтоштуруу маселелери өзгөчө курч турат, мында олуттуу кесипкөй кадрдык ресурстар талап кылынат", – деп белгиледи Гоар Барсегян. Дүйнөнүн алдыңкы мамлекеттери 10 000 жумушчуга 100 ашык өнөр жай роботторунун, ал тургай 1000 өнөр жай роботторунун тыгыздыгына ээ экендиги белгилүү. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн бизнесинин жана мамлекеттик түзүмдөрүнүн демилгеси боюнча Бирликте "Роботтук техника" Евразиялык технологиялык платформасы түзүлүп, "Өнөр жайлык роботтук техника" мамлекеттер аралык программасы иштелип чыгууда. Жакынкы беш жылдын ичинде натыйжалуу өнөр жай роботторун жана роботтук техника тутумдарын массалык түрдө ишке ашырууга өтүү милдети турат. Бул үчүн евразиялык "бешилтик" өлкөлөрүнүн тармактык ассоциацияларынын, илимий мекемелеринин жана өнөр жай ишканаларынын так өз ара иштешүүсүн камсыз кылуу, роботтук техникада конкреттүү инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга өтүү максатка ылайыктуу. "Теманын актуалдуулугун эске алуу менен Комиссия иштеп жаткан каржылык механизмдин алкагында өнөр жай жана сервистик роботторду сериялык өндүрүү боюнча, өнөр жай ишканаларын модернизациялоого ылайык конкреттүү долбоорлорду колдоого даяр. Биз керектүү кооперациялык долбоорлорду издөө боюнча иштерди жүргүзүп жатабыз", – деп жыйынтыктады Гоар Барсегян.
26 июнундагы 2025 ЕЭФ-2025те Минскте ядролук технологиялар чөйрөсүндөгү кооперациянын келечектүү багыттары талкууланды 26-июнда Минскте IV Евразия экономикалык форумунда "2030-жылга чейин Евразия экономикалык бирлигинде өнөр жай кызматташтыгынын негизги багыттарынын алкагында ядролук технологияларды өнүктүрүү: ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин кооперациялык өз ара иштешүүсүнүн перспективалары" тегерек столу болуп өттү. Тегерек столго Евразия экономикалык комиссиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Гоар Барсегян катышты. Иш-чара Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүндө жана Өзбекстанда ядролук технологияларды өнүктүрүүгө жооптуу мамлекеттик органдардын жана уюмдардын жетекчилеринин, илимий чөйрөлөрдүн өкүлдөрүнүн кызыгуусун жаратты. ЕЭК министри Комиссиянын Евразия технологиялык платформалары жана өнөр жай операциясына финансылык көмөк көрсөтүү механизми сыяктуу өнөр жай кооперациясын өбөлгөлөө боюнча инструменттерин жигердүү пайдаланууга чакырды. "Ядролук жана радиациялык машина куруу чөйрөсүндө евразиялык технологиялык платформаны түзүү тармактын негизги уюмдарынын кооперациялык кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн кошумча түрткү болуп кызмат кылат жана Бирликтин алкагында мамлекеттик органдардын, бизнестин жана илимдин кызыкчылыктарын топтоого мүмкүндүк берет", – деп белгиледи Гоар Барсегян. Тегерек столдун катышуучулары Бирлик өлкөлөрүнүн жана ЕАЭБге караштуу байкоочу – мамлекеттин – Өзбекстандын ядролук медицина, өнөр жайда ядролук технологияларды өнүктүрүү чөйрөсүндөгү негизги компетенциялары жана жетишкендиктери жөнүндө айтып беришти. Радиофармацевтикалык каражаттарды инновациялык өндүрүүдөн тартып, ядролук тармакта бир катар биргелешкен демилгелерди, анын ичинде Кыргызстанда ядролук медицина борборун түзүү боюнча россиялык-кыргыз долбоорун ишке ашырууга чейинки маселелердин кеңири чөйрөсү козголду. "Росатом" мамлекеттик корпорациясы көп максаттуу МБИР изилдөө реакторун түзүү боюнча долбоорду презентациялады, ал Бирлик мамлекеттеринин илимий кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн маанилүү. Иш-чаранын катышуучулары улуттуктан жогорку деңгээлде экономикалык жана илимий-техникалык диалогдун деңгээлин жогорулатууга, ядролук технологиялар чөйрөсүндө биргелешкен колдонмо долбоорлорду ишке ашырууга, медицинадан тартып АЭС үчүн жабдууларга чейин инновациялык иштеп чыгуулар менен алмашууга ниеттерин билдиришти.
26 июнундагы 2025 Гоар Барсегян: "Кооперация евразиялык "бешилтиктин" өлкөлөрүнүн жарандарын тамак-аш азыктары менен камсыздоо үчүн стратегиялык инструментке айланууда" Евразия экономикалык комиссиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Гоар Барсегян 26-июнда Минскте ЕЭФ-2025те "ЕАЭБдеги кооперация — АӨКтү натыйжалуу өнүктүрүүгө жол" тегерек столунун жүрүшүндө Евразия экономикалык бирлигинин алкагында агроөнөр жай комплексинин көрсөткүчтөрүнүн туруктуу өсүшүнө көңүл бурду. ЕЭК министри интеграциялык бирикме түзүлгөн учурдан тартып, айыл чарба продукциясын өндүрүүнүн көлөмү 25%га өскөнүн, өз ара соода 1,8 эсе көбөйгөнүн, тышкы жеткирүүлөр эки эседен ашык өскөнүн белгиледи. Ошол эле учурда ЕАЭБ бюджетинин каражаттарынын эсебинен кооперациялык долбоорлорду каржылык колдоо мүмкүнчүлүгү менен байланышкан, агрардык тармакты андан ары өнүктүрүү үчүн потенциал бар. "Кооперация, маңызы боюнча, евразиялык "бешилтиктин" өлкөлөрүнүн жарандарын тамак- аш азыктары менен кепилденген камсыздоо жана тышкы конъюнктуралык туруксуздуктан биздин көз карандылыгыбызды төмөндөтүү үчүн стратегиялык инструмент болуп калууда", — деп баса белгиледи Гоар Барсегян. Тегерек столдун жүрүшүндө кооперацияны өнүктүрүү үчүн келечектүү багыттар жана долбоорлор талкууланды, анын ичинде каржылык колдоо механизмин колдонуу менен мамлекеттер аралык кызматташуу тажрыйбасы каралды. Дискуссиянын катышуучулары буга байланыштуу мамлекеттик органдардын, ишкерлердин жана каржы институттарынын диалогун тереңдетүү зарылдыгына көңүл бурушту. Ошондой эле тармактык кызматташтыктын механизмдери ЕЭФ-2025 талааларында ЕАЭБ Ишкер кеңешинин Президиумунун 26-отурумунун алкагында каралды. Тегерек столго ЕАЭБ мамлекеттеринин мамлекеттик башкаруу органдарынын, ишкер жана илимий чөйрөлөрүнүн, үчүнчү өлкөлөрдүн жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышышты. Иш-чаранын модератору "Беларусь Республикасынын өнүктүрүү банкы" ААК башкармалыгынын төрагасынын биринчи орун басары Роман Бродов болду. 
Наталья Петкевич жана Гоар Барсегян Бирликтин алкагында өнөр жайды жана АӨК өнүктүрүүнү талкуулашты 25 июнундагы 2025 Наталья Петкевич жана Гоар Барсегян Бирликтин алкагында өнөр жайды жана АӨК өнүктүрүүнү талкуулашты 25-июнда Минскте Евразия экономикалык комиссиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Гоар Барсегян Беларусь Республикасынын Премьер-министринин орун басары, ЕЭК Кеңешинин төрагасы Наталья Петкевич менен жумушчу жолугушуусу болуп өттү. Тараптар Евразия экономикалык бирлигинин алкагында өнөр жайды жана АӨК өнүктүрүүгө байланыштуу маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулашты. Биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга, кооперациялык байланыштарды чыңдоого, тармактарды технологиялык өнүктүрүүгө жана алардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга өзгөчө көңүл бурулду. ЕАЭБдин өнөр жай долбоорлоруна каржылык көмөк көрсөтүү механизмин ишке ашырууга Беларустун катышуусу боюнча сунуштар, технологиялык платформалардын ишин өркүндөтүү, ошондой эле өнөр жайда импортту алмаштыруунун жана өнүктүрүүнүн бирдиктүү программасын иштеп чыгуу боюнча демилгелер каралды. "Евразия экономикалык жолу" декларациясын аткаруу боюнча милдеттер, "ИННОПРОМ. БЕЛАРУСЬ" эл аралык өнөр жай көргөзмөсүн даярдоо талкууланды. Мындан тышкары, тамак-аш азыктарын жана дары-дармек препараттарын өндүрүү үчүн микроорганизмдердин штаммдарын түзүүнүн мамлекеттер аралык программасын иштеп чыгуу маселелери козголду. Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар талкууланган бардык багыттар боюнча үзгүлтүксүз диалогду улантуунун маанилүүлүгү жөнүндө бир пикирге келишти.
20 июнундагы 2025 Санкт-Петербург эл аралык экономикалык форумда АӨКтөгү стратегиялык өнөктөштүк талкууланды Евразия экономикалык бирлигинин алкагында агроөнөр жай комплексинде узак мөөнөттүү жана өз ара пайдалуу кызматташуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү Петербург эл аралык экономикалык форумунда Россия-Армения бизнес-диалогунун жүрүшүндө баалашты. "Бирликтин азык-түлүк менен камсыз болуу деңгээли 92%га жетти, бул анын экономикалык туруктуулугун тастыктайт. Ошол эле учурда мүчө мамлекеттер жалпы агрардык рыноктун туруктуулугун күчөтө ала турган сегменттер калууда", — деп билдирди Евразия экономикалык комиссиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Гоар Барсегян. Атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулатуу, тармактын туруктуу экономикалык өсүшү үчүн шарттарды түзүү жана жеткирүүлөрдүн натыйжалуу тизмегин түзүү максатында Комиссия бизнес менен өз ара иштешүү менен, агроөнөр жай комплексине кооперациялык долбоорлорду каржылоо механизмин кеңейтүүнүн үстүндө иштеп жатат. ЕЭК министринин сөзү боюнча, селекция жана үрөнчүлүк, мал чарбачылыгы, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, ошондой эле АӨК инфраструктурасы сыяктуу чөйрөлөрдө ишке ашыруу үчүн келечектүү багыттар аныкталды. "Мындай каржылык инструментти түзүү экономиканын реалдуу секторунун демилгелерин колдоо үчүн маанилүү практикалык кадам болуп саналат, ал Бирликтин жалпы рыногунун масштабын ишке киргизүүгө, биздин өлкөлөрдүн технологиялык жана өндүрүштүк компетенцияларын колдонууга мүмкүндүк берет", – деп белгиледи Гоар Барсегян. 10 жылдын ичинде ЕАЭБ өлкөлөрүндө айыл чарба продукциясын өндүрүү 25%дан ашык, өз ара соода – эки эсе (16 млрд долларга чейин) өстү. Армения ЕАЭБге киргенден бери агропродукцияларды жеткирүү төрт эседен ашык көбөйдү – өзгөчө жашылча, жемиш жана кайра иштетүү продукцияларынын категорияларында.
Дагы көрсөтүү