Жаңылыктар

16.12.2016

“Интеграцияны өнүктүрүү, континенттерди бириктирүү. ЕАЭБ - Латын Америкасы”

Page Content16-декабрда Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК) БУУнун Латын Америкасы жана Кариб бассейни үчүн экономикалык комиссиясы (ЭКЛАК), ошондой эле Россия илимдер академиясынын Латын Америка Институтту (ИЛА РАН) менен өнөктөштүктө евразиялык жана латынамерикалык аймактарынын өлкөлөрүнүн интеграциялык жакындоолорунун багыттарын талкуулоого арналган “Интеграцияны өнүктүрүү, континенттерди бириктирүү” эл аралык тегерек столун өткөрөт.Мамлекеттер аймактык интеграциялык түзүмдөргө биригүүсүнүн объективдүү тенденциялары бир жагынан, жана аймактан тышкаркы интеграциялык кызматташуунун кеңейүүсү экинчи жагынан Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) жана Латын Америкасынын жана Кариб бассейнинин мамлекеттеринин кызматташуу жолдорун жана аймактар аралык өз ара иштешүүнүн багыттарын издөөнү шарттайт.Евразиялык жана латынамерикалык аймактарынын ортосунда интеграциялык диалогду түзүүнүн маанилүүлүгүн эске алуу менен ЕЭК конструктивдүү кызматташтыкты жана аймактар аралык өз ара иштешүүнү жолго коюу боюнча кадамдарды жасоодо. Иш - чаранын максаттары:1.     ЕАЭБ мүчө-мамлекеттеринин жана Борбордук жана Түштүк Американын интеграциялык блокторунун катышуучу-өлкөлөрүнүн ортосунда кызматташтыктын багыттарын талкуулоо;2.     конструктивдүү аймактар аралык диалогду түзүүнүн форматтарын иштеп чыгуу;3.     латынамерикалык континенттин ичинде болгон интеграциялык бирикмелердин өз ара иштешүүсүнүн акыркы тенденцияларына сереп. Программа:1.     ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Татьяна Валоваянын кириш сөзү;2.     Россия илимдер академиясынын Латын Америка Институтунун Латын Америкасынын интеграциялык процесстерди жана Борбордук жана Түштүк Американын интеграциялык өз ара иштешүүсү жаатында акыркы тенденцияларды талдоого арналган презентациясы;3.     МЕРКОСУР жана Тынчокеан Альянсынын блокторунун биригүү темасы боюнча ЭКЛАК презентациясы (телекөпүрө);4.     ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин макроэкономикалык өнүгүүсү жана Латын Америкасынын жана Кариб бассейнинин өлкөлөрү менен соода-экономикалык кызматташтыктын перспективалары темасында ЕЭК презентациясы,5.     эксперттик талкуу. Иш чара өткөрүлүүчү жер: Москва ш., Летниковская көч., 2-корпус, Коллегия залы (10-кабат).Иш чара өткөрүлүүчү убакыт: 15:00 Бардык каалоочуларды тегерек столдун алкагында биргелешкен ишке чакырабыз. Өзүңүздүн катышууңуз жөнүндө 2016-жылдын 14-декабрына чейинки мөөнөттө +7(495)6692400 (кош.4698) телефону же  rumyanceva@eecommission.org электрондук почтасы боюнча Юлия Румянцевага билдирүүңүздөрдү өтүнөбүз. Байланышуучу адам: Макроэкономикалык саясат департаментинин макулдашылган макроэкономикалык саясат жүргүзүүдө кызматташуу бөлүмүнүн начальнигинин орун басары Лариса Плачинда,  тел.: +7 (495) 669 24 00, кош. 4655, электрондук почтанын дареги:plachinda@eecommission.org