Жаңылыктар

15.12.2016

Заседание Консультативного комитета по информатизации, информационно-коммуникационным технологиям и защите информации

Page Content15-декабрда Евразия экономикалык комиссиясында (ЕЭК) ЕЭКтин ички рыноктор, маалыматташтыруу жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Карине Минасяндын жетекчилиги алдында Маалыматташтыруу, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жана маалыматты коргоо боюнча консультативдик комитеттин үчүнчү отуруму болуп өтөт.Отурумга Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) мамлекеттеринин ыйгарым укуктуу органдарынын жетекчилеринин орун басарлары жана кызмат адамдары катышышат. Консультативдик комитеттин күн тартибинде төмөнкү маселелерди талкуулоо пландаштырылууда:·         2025-жылга чейинки мезгилде ЕАЭБ интеграцияланган маалыматтык системасын өнүктүрүү стратегиясынын долбоору; ·         ЕАЭБтин интеграцияланган маалыматтык системасынын улуттук сегменттерин түзүү жана өнүктүрүү жана жалпы процесстерди жүзөгө ашыруу маселелери боюнча жалпы маалымат ресурстарын колдонуу; ·         жалпы процесстердин функционалдык архитектурасын документтештирүү; ·         Трансчек аралык ишеним мейкиндигине талаптардын долбоору; ·         ЕАЭБ жөнүндө келишимге “Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жана Евразия экономикалык биримдигинин алкагында маалыматтык өз ара иштешүү жөнүндө протокол” №3 тиркемесин оңдоо боюнча сунуштар; ·         ЕАЭБтин трансчек аралык ишеним мейкиндигин өнүктүрүү стратегиясынын биринчи баскычын жүзөгө ашыруу боюнча иш чаралардын планынын долбоору. Иш чара өткөрүлүүчү жер: Москва ш., Смоленск бульвары, 3/5-үй, 1-кур. 408-каб.Башталышы: саат 11.00