Page Content22-августта Москвада Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Бажы кызматташтыгы боюнча Коллегия мүчөсү Мукай Кадыркулов ЕАЭБнын бажы чек арасында контролдоочу органдардын өз ара иш жүргүзүүсү боюнча Консультативдик комитеттин онунчу отурумун өткөрөт.
Отурумга Евразия экономикалык комиссиясынын өкүлдөрү, бажы кызматтарынын жана башка кызыкдар ведомстволордун, ошондой эле ЕАЭБга мүчө мамлекеттердин бизнес - ассоциацияларынын эксперттери катышышат.
Консультативдик комитеттин мүчөлөрү ЕАЭБнын мүчө мамлекеттеринин Биримдиктин бажы чек арасы аркылуу автоунаа өткөрмө пункттарында транспорттук контролдукту жүзөгө ашыруучу бажы органдарынын кызмат адамдары үчүн ыкманы (нускоону) иштеп чыгуунун жүрүшүн талкуулашат.
Отрумдун жүрүршүндө ЕЭК Коллегиясынын Биримдикке мүчө мамлекеттердин автоунаа (аралаш) өткөрмө пункттарында адамдарды, транспорт каражаттарын, жүктөрдү, товарларды жана жаныбарларды ЕАЭБ бажы чек арасы аркылуу өткөрүнү уюштуруунун типтүү схемасы жөнүндө сунуш көрсөтмөлөрүнүн долбоорун андан ары иштеп чыгуу маселеси каралат.
Иш чаранын күн тартибинде ЕЭК Коллегиясынын ЕАЭБнын ТК 11-беренесине ылайык алдын ала маалымдоого байланыштуу чечимдерин, тескемелерин жана сунуш - көрсөтмөлөрүн жеткире иштеп чыгуу (зарылчылыкка жараша иштеп чыгуу) максатында алдын ала маалымдоо боюнча эксперттик топ түзүү маселеси да камтылган.