2024-жылдын экинчи кварталында Армениянын жана Кыргызстандын фондулук биржалары өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу соода көлөмдөрү боюнча өсүш лидерлери болушту. Казакстандын Astana International Exchange (AIX) фондулук биржасы соода көлөмүн 3,3 эсе көбөйттү. Евразия экономикалык бирлигинин башка мамлекеттеринин фондулук рыноктору орточо өсүштү көрсөтүштү.
"Евразиялык соода тутуму" товардык биржасы" АКны (Казакстан) кошпогондо, товардык биржалар да соода көлөмүнүн өсүшүн көрсөтүштү. Мунай заттарга баалардын индекси жогорулады, айыл чарба продукцияларынын ар кандай түрлөрүнө баалардын динамикасы көп багыттуу бойдон калды.
Фондулук жана товардык биржалардагы тооруктардын жыйынтыктары менен ЕЭКтин сайтынан, Статистика департаментинин баракчасынан "Биржалык соода" бөлүмүнүн "Экспресс-маалымат" бөлүмчөсүндө кененирээк таанышууга болот.