Жаңылыктар

25.05.2022 (Обновлено: 21.06.2022 11:44)

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн транспорт министрлери Бирликтин транспорт тармагын мындан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулашты

Евразия экономикалык форумун өткөрүүнүн алдында, 25-майда, ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин транспорт жаатындагы ыйгарым укуктуу органдарынын жетекчилеринин Кеңешинин отуруму болуп өтүп, ага министрлер жана алардын орун басарлары катышты.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоевдин төрагалыгы астында гибриддик форматта өттү.

ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин транспорт жаатындагы ыйгарым укуктуу органдарынын жетекчилеринин Кеңешинин отурумунун негизги темасы - Бирликтин транспорт саясатын ишке ашыруу боюнча жол картасынын иш-чараларын аткаруу болду.

Транспорт ведомстволорунун жетекчилери ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура боюнча министри Темирбек Асанбековдун 2021-2023-жылдарга карата Бирликтин транспорт саясатын ишке ашыруу боюнча жол картасынын иш-чараларынын аткарылышы жөнүндө маалыматын угушту.

Баяндамада Темирбек Асанбеков төмөнкүлөрдү белгилеп өттү: "Үстүбүздөгү жылда документте каралган 19 иш-чараны аткаруу пландаштырылган. Эки эл аралык келишимге кол коюу, Бирликтин органдарынын үч актысын жана Коллегиянын жети сунуштамасын кабыл алуу, ошондой эле алты аналитикалык баяндаманы жарыялоо белгиленген. Алар боюнча иштер белгиленген мөөнөттөргө ылайык жүргүзүлүүдө".

Отурумдун катышуучулары эл аралык келишимдерге кол коюуга жана жүзөгө ашырууга өзгөчө көңүл бурушту. Атап айтканда, министрлер Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин евразиялык транспорттук коридорлоруна киргизилген автомобиль жолдору боюнча жүрүүдө транспорт каражаттарынын жол берилүүчү салмактары, октук жүктөмдөрү жана тыш өлчөмдөрү жөнүндө макулдашууну тез арада кабыл алуу ниетин тастыкташты, ошондой эле кемелердин экипаждарынын минималдуу курамына талаптар жөнүндө эл аралык ведомстволор аралык келишимдин долбоорун даярдоого карата ишти активдештирүү жөнүндө макулдашышты.

Отурумдун катышуучулары ташуулардагы учурдагы жагдайды талкуулашты. Мурда болуп көрбөгөндөй глобалдык экономикалык чакырыктардын шартында Бирликтин мүчө мамлекеттеринин ортосунда транспорт чөйрөсүндө интеграциялык процесстерди тереңдетүү уланууда. Алсак, Беларусь Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин милдетин аткаруучу Алексей Ляхнович отурумдун катышуучуларына Армения Республикасынын аймактык башкаруу жана инфраструктура министрлигинин жетекчилиги менен үчүнчү өлкөлөр менен автомобилдик ташууларды либералдаштыруу жөнүндө эки тараптуу сүйлөшүп келишкендиктер түзүлгөндүгү жөнүндө маалымдады.

Мындан тышкары, отурумдун алкагында министрлер тарабынан Евразия экономикалык форумунун "Транспорттук комплекс - евразиялык экономикалык интеграциясынын тиреги" панелдик сессиясынын жыйынтыгы боюнча кабыл алынган резолюция макулдашылды.

Министрлер интеграциялык жана эл аралык уюмдар менен кызматташууну кеңейтүүнү колдошту. Атап айтканда, ЕАЭБдин жана Шанхай кызматташтык уюмунун транспорт министрлеринин биргелешкен жолугушуусун өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алынды. Жолугушууда каралган маселелерди ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура боюнча министри Темирбек Асанбековго ШКУ Катчылыгы менен биргеликте иштеп чыгуу тапшырылды.