Жаңылыктар

23.09.2022 (Обновлено: 03.10.2022 14:36)

ЕАЭБде ветеринардык багыттагы диагностикалык каражаттарды жүгүртүү бирдиктүү эрежелер боюнча жөнгө салынат

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин мүчөлөрү Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагында ветеринардык багыттагы диагностикалык каражаттарды жүгүртүүнү жөнгө салуунун бирдиктүү эрежелерин кабыл алышты. Документ ветеринардык багыттагы диагностикалык каражаттарды жүгүртүүнү жөнгө салуунун бардык чөйрөсүн камтыйт.

ЕАЭБ эрежелеринде ветеринардык багыттагы диагностикалык каражаттарды каттоонун бирдиктүү жол-жоболору, алардын сапатына карата бирдиктүү талаптар жана аларды баалоо критерийлери, ошондой эле аларды жүгүртүү чөйрөсүндө мамлекеттик контролду (көзөмөлдү) жүзөгө ашырууда ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ыйгарым укуктуу органдарынын маалыматтык өз ара аракеттенүүсүнүн бирдиктүү форматы белгиленет.

Азыркы убакытка чейин ветеринардык багыттагы диагностикалык каражаттарды жүгүртүүнүн бардык аспектилери улуттук мыйзамдардын алкагында жөнгө салынган, бул Бирликтин бажы аймагында ветеринардык багыттагы диагностикалык каражаттарды жүгүртүү үчүн ЕАЭБдин бир катар мамлекеттеринин ишке ашырылбаган укуктарынын себеби
болуп келген. Кабыл алынган документ ЕАЭБдин ветеринардык багыттагы диагностикалык каражаттарынын жалпы рыногунун иштеши жана өнүгүшү үчүн кыйла ыңгайлуу шарттарды түзөт.

ЕЭК Кеңешинин чечими менен өткөөл мезгилдер белгиленди. ЕАЭБ эрежелери эки этап менен күчүнө кирет:

- аларды бекитүү жөнүндө чечим күчүнө кирген күндөн тартып 24 айдан кийин - Армения Республикасы, Беларусь Республикасы, Казакстан Республикасы, Россия Федерациясы үчүн;

- аларды бекитүү жөнүндө чечим күчүнө кирген күндөн тартып 48 айдан кийин - Кыргыз Республикасы үчүн.

ЕАЭБ эрежелери күчүнө кирген күнгө чейин берилген, ветеринардык багыттагы диагностикалык каражаттардын каттоо күбөлүктөрү Бирликтин бажы аймагында Бирлик өлкөлөрүнүн мыйзамдарына ылайык белгиленген мөөнөттөрдүн ичинде, бирок 2028-жылдын 31-декабрынан кеч эмес жарактуу болот. ЕАЭБ мыйзамдарына ылайык катталган ветеринардык багыттагы диагностикалык каражаттардын каттоо досьелери 2028-жылдын 31-декабрына чейин Бирликтин эрежелерине шайкеш келтирилүүгө тийиш.